# КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 16 майындагы № 252 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 16 майындагы № 252 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 252
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2016
- Редакциянын күнү: 18.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1163>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1163>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1163.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 16 майындагы № 252 токтому (18.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1163

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 198 “Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясы жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформа концепциясын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө жобонун мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттерин шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 198 “Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө жобонун 2-пунктунда:

- мамлекеттик тилдеги текстиндеги “чечими” деген сөз “буйругу”деген сөз менен алмаштырылсын;

- расмий тилдеги текстиндеги “Правительства” деген сөз “Премьер-министра” деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
