КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 16 майындагы № 254 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Бодо малдын жана жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын иштетилбеген терилерин ташып чыгууга (экспорттук) бажы алымдарынын ташып чыгуу ставкаларын бекитүү жөнүндө
Ички чийки зат рыногун коргоо жана булгаары ишканаларын туруктуу иш менен камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын бажы тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Бодо малдын жана жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын иштетилбеген терилерин ташып чыгуунун (экспорттук) бажы алымдарынын ташып чыгуу ставкасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн ташып чыгуунун бажы алымдарынын ташып чыгуу ставкасы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан жана 2011-жылдын 18-октябрында кол коюлган Эркин соода зонасы жөнүндө келишимдин жана эркин соода зонасы жөнүндө макулдашуулардын катышуучусу Кыргыз Республикасы болгон – мамлекеттердин бажы аймагынан сырткары ташылып чыгуучу товарларга карата колдонулары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат жана Мамлекеттик чек ара кызматы ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн товарларды контрабандалык жолу менен ташып чыгууга (экспортко) бөгөт коюуга багытталган керектүү чараларды көрүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомду кабыл алгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомду кабыл алгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ш. Жээнбеков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндөЗакон · 30.12.2014 · № 173 · Күчүн жоготкон