Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 17 майындагы № 259 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7- декабрындагы № 804 “Басылмалардын акысыз жана акылуу милдеттүү нускалары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Басма ишмердүүлүгү чөйрөсүндө укуктук-ченемдер базасын ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-декабрындагы № 804 “Басылмалардын акысыз жана акылуу милдеттүү нускалары жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуладагы “Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын” деген сөздөр “Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө”, “Басма иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1- пункттагы “Кыргыз Республикасынын Улуттук китеп палатасына” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасына” деген сөз менен алмаштырылсын;
2- пунктту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Ушул токтомдун жүзөгө ашырылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.”;
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин аталышындагы “Кыргыз Республикасынын Улуттук китеп палатасына” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
аталышында жана бардык текстинде “Кыргыз Республикасынын Улуттук китеп палатасы” деген сөздөрдү ар түрдүү жөндөмөлөрдө “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасы” деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөлөрү менен алмаштырылсын;
4-пункттагы “Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлигинин маданият департаменти” деген сөздөрдү “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын. 2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн кийин он күндүн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Тиркеме
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Постановление Правительства КР от 7 декабря 1998 года N 804 " Об обязательных бесплатных и платных экземплярах изданий"Постановление · 07.12.1998 · № 804
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 259 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-декабрындагы № 804 "Басылмалардын акысыз жана акылуу милдеттүү нускалары жөнүндө"…Постановление · 20.05.2016 · № 259
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 7 декабря 1998 года N 804 " Об обязательных бесплатных и платных экземплярах изданий"Постановление · 07.12.1998 · № 804
- Об обязательном экземпляре документовЗакон · 22.11.1997 · № 83
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон