# КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 17 майындагы № 261 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 17 майындагы № 261 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 261
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2016
- Редакциянын күнү: 18.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1159>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1159>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1159.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 17 майындагы № 261 токтому (18.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1159

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Бизнес-чөйрөсүн жана инвестициялык климатты жакшыртуу маселелери боюнча мамлекет менен бизнес-коомдоштуктун натыйжалуу диалогун камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-августундагы № 149 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңеш жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 5-пунктундагы “стратегиялык өнүктүрүү” деген сөздөр “инвестициялар” деген сөз менен алмаштырылсын;

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңеш жөнүндө жободо: 2-пунктунда:

- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- экономика жана инвестициялар маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;”;

төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын:

“- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);”.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 215 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин курамы: төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

“- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);”.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 592 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин курамы:

төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

“- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);”.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
