# КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 27-майындагы № 278 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 27-майындагы № 278 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 278
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1141>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1141>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1141.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 27-майындагы № 278 токтому (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1141

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 16-октябрындагы № 650 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өрт көзөмөлү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 16-октябрындагы № 650 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өрт көзөмөлү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өрт көзөмөлү жөнүндө жободо:

- 36-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“36. Эгерде даттануу же арыз берген адам кабыл алынган чечимге канааттанбаса, ал жогору турган ыйгарым укуктуу органга административдик (сотко чейинки) тартипте, ал эми андан ары “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык – соттук тартипте кайрыла алат.”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш. Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
