# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 87 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 87 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 27.02.2019
- Редакциянын күнү: 27.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-113>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/113>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 87 токтому (27.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-113

---

Кыргыз Республикасында кыртыштын бонитетин аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө

Кыртышты бонитировкалоону сапаттуу жүргүзүүнүн жана кыртыштын бонитетин аныктоонун негизинде кыртыштын баалуулугун белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 110-беренесине, «Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында кыртыштын бонитетин аныктоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
