# КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 6-июнундагы № 300 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 6-июнундагы № 300 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 300
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2016
- Редакциянын күнү: 06.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1126>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1126>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1126.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 6-июнундагы № 300 токтому (06.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1126

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 «Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча программаны жүзөгө ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 «Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакети ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
