# КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 30-апрелиндеги № 228 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 30-апрелиндеги № 228 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 228
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2016
- Редакциянын күнү: 06.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1122>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1122>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1122.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 30-апрелиндеги № 228 токтому (06.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1122

---

Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө

Салык отчетун берүү тартибин жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI - 100) формасы 1-тиркемеге ылайык;

- Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI - 100) толтуруу тартиби 2-тиркемеге ылайык;

- Уюмдун бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI - 101) формасы 3-тиркемеге ылайык;

- Уюмдун бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI - 101) толтуруу тартиби 4-тиркемеге ылайык;

- Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI - 102) формасы 5-тиркемеге ылайык;

- Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI - 102) толтуруу тартиби 6-тиркемеге ылайык;

- Салык салынуучу кирешеси жок жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын (жөнөкөйлөтүлгөн) (FORM STI - 103) формасы 7-тиркемеге ылайык;

- Салык салынуучу кирешеси жок жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI - 103) толтуруу тартиби 8-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-майындагы № 244 “Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Тиркеме 2

Тиркеме 3

Тиркеме 4

Басып чыгаруу
