Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 3-июнундагы № 296 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында аскердик-экономикалык кызматташтыкты, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1._Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-ноябрындагы № 538 “Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктундагы “тиркемеге ылайык курамда” деген сөздөр алып салынсын; жогоруда аталган токтомдун “Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы” деген тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жободо:
- 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7._Комиссия мамлекеттик органдардын же алардын орун басарларынын жетекчилеринин ичинен түзүлөт, алардын карамагында аскердик-техникалык кызматташтык маселелери болот. Комиссияны Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри жетектейт. Комиссиянын жекече курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет.”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы № 284 “Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө”;
1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1._Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы түзүлсүн.”;
жогоруда аталган токтомдун “Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн курамы” деген тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
“11._Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жекече курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилээри белгиленсин.”.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
-_Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-майындагы № 34 “Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-ноябрындагы № 538 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому;
-_Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы № 179 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
-_Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-октябрындагы № 753 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 25-ноябрындагы № 538 " Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык…Постановление · 25.11.2005 · № 538
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2009-жылдын 8-майындагы № 284 "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен…Постановление · 08.05.2009 · № 284
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы №179 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.08.2010 · № 179 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-октябрындагы № 753 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.10.2012 · № 753 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-майы № 234 "Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык…Постановление · 19.05.2008 · № 234 · Күчүн жоготкон