КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-мартындагы № 173 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине азык-түлүк паёгунун ордуна акчалай компенсация төлөө жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Азык-түлүк паёгунун ордуна акчалай компенсация төлөөнүн жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер кызматчыларын социалдык-укуктук коргоонун бирдиктүү тартибин белгилөө максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-мартындагы № 173 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине азык-түлүк паёгунун ордуна акчалай компенсация төлөө жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-1-пунктунун экинчи абзацы «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин» деген сөздөрдөн кийин «, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскеринин» деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери үчүн бюджетте каралган каражаттын чегинде жүргүзүлөрү белгиленсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-марты № 173 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын…Постановление · 23.03.2017 · № 173
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон