# КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 14-июнундагы № 312 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 14-июнундагы № 312 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 312
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2016
- Редакциянын күнү: 14.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1110>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1110>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1110.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 14-июнундагы № 312 токтому (14.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1110

---

Кыргыз Республикасынын асыл тукум иштери субъекттерине асыл-тукум заводу жана асыл тукум фермасы статусун ыйгаруу жөнүндө

Республиканын асыл-тукум мал чарбачылыгын андан ары өнүктүрүү, генетикалык ресурстарын сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 «Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө» токтомун эске алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- мамлекеттик изилдөөдөн жана кайра изилдөөдөн өткөн асыл-тукум заводдорунун тизмеси 1-тиркемеге ылайык;

- мамлекеттик изилдөөдөн жана кайра изилдөөдөн өткөн асыл-тукум фермалардын тизмеси 2-тиркемеге ылайык.

2. «Айыл Банк» ачык акционердик коомуна асыл-тукум заводу жана асыл-тукум фермасы статусу ыйгарылган чарба субъекттерине мамлекеттик долбоорлордун алкагында узак мөөнөттүү жеңилдетилген кредиттерди биринчи кезекте берүү сунушталсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 285 «2010-жылы аттестациядан жана кайра аттестациядан өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын асыл-тукум заводдорунун, чарбаларынын жана фермаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-январындагы № 42 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 285 «2010-жылы аттестациядан жана кайра аттестациядан өткөн Кыргыз Республикасынын асыл-тукум заводдорунун жана фермаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Тиркеме 2

Басып чыгаруу
