КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 14-июнундагы № 312 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын асыл тукум иштери субъекттерине асыл-тукум заводу жана асыл тукум фермасы статусун ыйгаруу жөнүндө
Республиканын асыл-тукум мал чарбачылыгын андан ары өнүктүрүү, генетикалык ресурстарын сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 «Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө» токтомун эске алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- мамлекеттик изилдөөдөн жана кайра изилдөөдөн өткөн асыл-тукум заводдорунун тизмеси 1-тиркемеге ылайык;
- мамлекеттик изилдөөдөн жана кайра изилдөөдөн өткөн асыл-тукум фермалардын тизмеси 2-тиркемеге ылайык.
2. «Айыл Банк» ачык акционердик коомуна асыл-тукум заводу жана асыл-тукум фермасы статусу ыйгарылган чарба субъекттерине мамлекеттик долбоорлордун алкагында узак мөөнөттүү жеңилдетилген кредиттерди биринчи кезекте берүү сунушталсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 285 «2010-жылы аттестациядан жана кайра аттестациядан өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын асыл-тукум заводдорунун, чарбаларынын жана фермаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-январындагы № 42 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 285 «2010-жылы аттестациядан жана кайра аттестациядан өткөн Кыргыз Республикасынын асыл-тукум заводдорунун жана фермаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Тиркемелер
Тиркеме 1
Тиркеме 2
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (4)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы №285 " Кыргыз Республикасынын 2010-жылы аттестациядан жана кайра аттестациядан өткөн асыл тукум заводдорунун жана фермаларынын тизмесин…Постановление · 18.11.2010 · № 285 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 "Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.07.2015 · № 516 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-январындагы №42 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 285 "Кыргыз Республикасынын 2010-жылы аттестациядан жана кайра…Постановление · 20.01.2012 · № 42 · Күчүн жоготкон