# КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 22-июнундагы № 346 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 22-июнундагы № 346 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 346
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2016
- Редакциянын күнү: 27.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1090>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1090>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1090.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 22-июнундагы № 346 токтому (27.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1090

---

2020-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын сапат улуттук инфраструктурасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасында сапат инфраструктурасын өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын жүзөгө ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2020-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын сапат улуттук инфраструктурасын өнүктүрүү концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги үч айлык мөөнөттө 2020-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын сапат улуттук инфраструктурасын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
