# КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 27-июнундагы № 355 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 27-июнундагы № 355 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 355
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2016
- Редакциянын күнү: 27.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1086>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1086>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1086.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 27-июнундагы № 355 токтому (27.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1086

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 “Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

“Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 15-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 “Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Конкурска коюлуучу жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу казылып алынуучу кендердин тизмесинин 31-пунктундагы “Геологиялык изилдөө” деген сөздөр “Иштетүү” деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
