# КР Премьер-министринин 29 - июнундагы № 351 буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 29 - июнундагы № 351 буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 351
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2016
- Редакциянын күнү: 30.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1085>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1085>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1085.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 29 - июнундагы № 351 буйругу (30.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1085

---

Мамлекеттик кызматчылардын жалпы жүрүм-турум эрежелерине таянып, ошондой эле жайкы мезгилдеги температуралык режимди көңүлгө алуу менен:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кийимине карата жайкы мезгилде расмий протоколдук иш-чараларга катышуудан сырткары, костюмду (пиджак, жакет) милдеттүү түрдө кийбестен жеңилдетилген талаптарды колдонуу максатка ылайык деп эсептелсин.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын мамлекеттик кызматчысынын сырткы түрү (дресс-коду) жөнүндө жобого тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери ушул буйрукка ылайык чечимдерди кабыл алышсын.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жетекчилерине ушул сыяктуу чечимдерди кабыл алуу сунушталсын.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
