# КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 30-июнундагы № 363 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 30-июнундагы № 363 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 363
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2016
- Редакциянын күнү: 30.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1082>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1082>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1082.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 30-июнундагы № 363 токтому (30.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1082

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 59 “Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 8-апрелиндеги чечимин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 59 “Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1. Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин;

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

2. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-декабрындагы № 669 токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
