КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоо боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасын ишке ашыруу максатында, «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча) менен биргеликте 2019-жылдын 1-мартынан тартып 2020-жылдын 1-январына чейинки мезгилде Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоо боюнча пилоттук долбоорду жүргүзсүн.
2. Юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоонун убактылуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- пилоттук долбоорду ишке ашырууга байланышкан уюштуруучу-техникалык жана башка чараларды көрсүн;
- пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө калк арасында түшүндүрүү жана маалымдоо иштерин жүргүзсүн;
- пилоттук долбоордун натыйжасы оң болгон учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоонун тартибин аныктоочу ченемдик укуктук актынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы ПЖ № 1 "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 11.01.2019 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 20.02.2009 · № 57 · Күчүн жоготкон