КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын зергерчилик өнөр жайын 2018-жылга чейин өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө
Зергерчилик тармагындагы ишканаларды өнүктүрүү жана атаандаштыкка жарамдуулугун жогорулатуу үчүн оңтойлуу шарттарды түзүүгө багытталган чараларды көрүү, ички рыноктун талаптарын канааттандыруу, зергерчилик продукциясынын экспортун көбөйтүү жана иш орундарын түзүү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ишеним жана биримдик» программасын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын зергерчилик өнөр жайын 2018-жылга чейин өнүктүрүү концепциясы (мындан ары - Концепция) 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын зергерчилик өнөр жайын 2018-жылга чейин өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга жооптуу министрликтер жана административдик ведомстволор анын аткарылышын камсыздашсын жана отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен квартал сайын тийиштүү маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирге ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
- отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.04.2016 · № 438-VI · Күчүн жоготкон