# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 384 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 384 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 384
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2016
- Редакциянын күнү: 18.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1066>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1066>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1066.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 384 токтому (18.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1066

---

2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында пахта тармагын өнүктүрүүнүн концепциясын бекитүү жөнүндө

Пахта тармагын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү, экспортко багытталган продукцияны өндүрүүнү көбөйтүүгө көмөктөшүүчү жагымдуу шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438–VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

Төмөнкүлөр бекитилсин:

- 2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында пахта тармагын өнүктүрүүнүн концепциясы 1-тиркемеге ылайык; - 2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында пахта тармагын өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги:

- Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн; - мониторинг жүргүзсүн жана жыл сайын 5-февралга чейин, Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
