КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индонезия Республикасы, Ислам Өнүктүрүү Банкы, Жасалма уруктандыруу боюнча Сингосари улуттук борбору жана Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча Кыргыз мал чарба жана жайыт илим -изилдөө институту ортосундагы өз ара түшүнүшү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2 – бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 68-беренесине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, ички мамлекеттик жол – жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1.Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индонезия Республикасы, Ислам Өнүктүрүү Банкы, Жасалма уруктандыруу боюнча Сингосари улуттук борбору жана Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча Кыргыз мал чарба жана жайыт илим -изилдөө институту ортосундагы өз ара түшүнүшү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумун ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индонезия Республикасы, Ислам Өнүктүрүү Банкы, Жасалма уруктандыруу боюнча Сингосари улуттук борбору жана Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча Кыргыз мал чарба жана жайыт илим -изилдөө институту ортосундагы өз ара түшүнүшү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
2.Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзам долбоорун, шашылыш катары, кезексиз тартипте кароого өтүнсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер – министр С. Жээнбеков
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- 2015-жылдын 29-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн, Ислам өнүктүрүү банкынын, Жасалма уруктандыруу боюнча Сингосари улуттук…Закон · 17.12.2016 · № 210
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон