# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-июлундагы № 406 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-июлундагы № 406 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 406
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2016
- Редакциянын күнү: 21.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1055>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1055>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1055.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-июлундагы № 406 токтому (21.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1055

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 “Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим алууга болгон ар тараптуу муктаждыктарын канааттандыруу максатында “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 “Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункттун бешинчи жана алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом 2016-жылдын 23-июлунан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
