# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 398 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 398 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 398
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2016
- Редакциянын күнү: 09.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1041>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1041>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1041.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 398 токтому (09.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1041

---

Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинин формасын жана текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 3-бөлүмүн ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинин формасы 1-тиркеме ылайык; - текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоонун тартиби 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып бир айдын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:

- текшерүүлөрдү эсепке алуу китебин жүргүзүү;

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын текшерүүлөрүн каттоо жана эсепке алууну жүргүзүү ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоонун тартибине ылайык ишке ашырылат.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
