# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-августундагы №440 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-августундагы №440 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 440
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2016
- Редакциянын күнү: 18.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1028>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1028>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1028.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-августундагы №440 токтому (18.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1028

---

Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик ишин жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-декабрындагы № 673 “Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
