# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 445 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 445 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 445
- Кабыл алынган күнү: 20.08.2016
- Редакциянын күнү: 20.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1023>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1023>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1023.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 445 токтому (20.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1023

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 118 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

“Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 118 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобонун 6-пунктунун “а)” пунктчасынын үчүнчү абзацы “камсыздандыруу” деген сөздөн кийин “, курорттук иш” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
