# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 454 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 454 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 454
- Кабыл алынган күнү: 28.08.2016
- Редакциянын күнү: 28.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1022>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1022>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1022.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 454 токтому (28.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1022

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 9-апрелиндеги № 206 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу жөнүндө жободо:

- 3-пунктунун он үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы № 102 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Атайын жабык эсеби жөнүндө жобону жана атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тууралуу жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу тууралуу жободо:

- 51 -пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
