Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 696 “Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорун түзүү жана каражаттарын пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кызматкерлердин социалдык жактан корголушун камсыз кылуу, эмгегине дем берүү жана кызматтык милдеттерин эң мыкты аткарууларына жетишүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү фондунун ишин оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 696 “Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорун түзүү жана каражаттарын пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоонун жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорун түзүү жана каражаттарын пайдалануу жөнүндө жобонун 6-пунктуна:
- бешинчи абзацы “кайра жабдыган” деген сөздөрдөн кийин “(анын ичинде атайын техниканы сатып алуу)” деген сөздөр менен, “ишканаларга” деген сөздөн мурда “мамлекеттик жана муниципалдык” деген сөздөр менен толукталсын;
- он биринчи абзацы “базасын чыңдоого” деген сөздөрдөн кийин “, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эмгектик жана башка милдеттенмелерин аткаруу менен байланышкан сарптоолорду кызматкерлерге ордун толтуруу максатында эмгек акыга, иш берүүчү менен Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы жаатындагы мамлекеттик органдын кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органынын ортосунда түзүлгөн коллективдүү келишим боюнча милдеттенмедеги эки эселенген жашоо минимумунан ашпаган өлчөмдө компенсациялык төлөөлөргө” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 696 "Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү…Постановление · 09.10.2012 · № 696 · Күчүн жоготкон