# Нотариалдык иш-аракеттер — КР жарандары үчүн

- Толук аталышы: Нотариалдык иш-аракеттер — КР жарандары үчүн
- Актынын түрү: Госуслуга
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/econsul-6>
- Расмий булак: <https://e-consul.gov.kg/>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/econsul-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нотариалдык иш-аракеттер — КР жарандары үчүн - https://aqlex.ai/kg/doc/econsul-6

---

Нотариалдык иш-аракеттер — КР жарандары үчүн

КР ТИМдин консулдук кызматы · Бөлүм: Нотариалдык иш-аракеттер

Баасы Notarial acts - 10 USD; Conducting guardianship, inheritance and other property matters and performing related notarial acts - 20 USD. Individual notarial acts - free of charge.

Сүрөттөмө жана алуу тартиби Кыргыз Республикасынын жарандары нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине кайрыла алышат.

“Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесине ылайык чет өлкөлөрдөгү мекемелердин ыйгарым укуктуу кызмат адамдары төмөнкүдөй нотариалдык иш-аракеттерди жасайт:

• Кыргыз Республикасынын аймагында турган кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимдерди кошпогондо, бүтүмдөрдү күбөлөндүрөт;

• мурас калган мүлктү кайтаруу үчүн чараларды көрөт;

• мураска укук жөнүндө күбөлүк берет;

• жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүк берет;

• документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмө бөлүктөрдүн аныктыгын күбөлөндүрөт;

• документтердеги колтамганын аныктыгын күбөлөндүрөт;

• документтерди бир тилден башка тилге которуунун тууралыгын күбөлөндүрөт;

• жарандын тирүү экендигинин фактысын күбөлөндүрөт;

• жарандын белгилүү бир жерде жүргөндүгүнүн фактысын күбөлөндүрөт;

• жарандын фотосүрөттө тартылган адамга окшоштугун күбөлөндүрөт;

• документтер берилген убакытты күбөлөндүрөт;

• акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алат;

• аткаруу жазууларын жүргүзөт;

• документтерди сактоого кабыл алат;

• далилдерди камсыздайт;

• деңиз протесттерин жасайт.

Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ыйгарым укуктуу кызмат адамдары жасай турган башка нотариалдык иш-аракеттер да каралышы мүмкүн.

Нотариалдык иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, бул үчүн зарыл болгон бардык документтер көрсөтүлгөн, консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттар төлөнгөн күнү жүргүзүлөт. Айрым учурларда нотариалдык иш-аракеттер көрсөтүлгөн мекемеден тышкары да жасалышы мүмкүн.

Кошумча маалыматтарды же документтерди талап кылуу, же документтерди экспертизага жөнөтүү зарыл болгондо, ошондой эле “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесинде каралган башка негиздер боюнча нотариалдык иш-аракеттерди жасоо кийинкиге калтырылышы мүмкүн.

Эскертүү: Консулдук кызмат адамы төмөнкү учурларда нотариалдык иш-аракеттерди жасоодон баш тартат:

• мындай иш-аракетти жасоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келсе;

• аракетке жөндөмсүз жаран же болбосо зарыл ыйгарым укуктары болбогон өкүл нотариалдык иш-аракеттерди жасоо өтүнүчү менен кайрылса;

• юридикалык жактын атынан жасалуучу бүтүм анын уставында же жобосунда көрсөтүлгөн максаттарга карама-каршы келсе;

• бүтүм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келбесе;

• нотариалдык иш-аракетти жасоо үчүн берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык келбесе;

• аракетке жөндөмдүү болсо да, ошол учурда өзүнүн иш-аракеттеринин маанисин түшүнбөгөн же аларды жетектей албаган (алкоголдук, баңгилик мас абалында ж.б.) абалда турган адам нотариалдык иш-аракетти жасоо үчүн кайрылса ж.б.

Документтердин тизмеси Бул кызматты алуу үчүн төмөнкү документтерди берүү зарыл:

1) Жеке жактар үчүн:

• Кыргыз Республикасынын жарандары – Кыргыз Республикасынын жарактууулуттук паспорту;

• Кыргыз Республикасынын он алты жашка чыга элек жарандары – Кыргыз Республикасынын жарактуу жалпы жарандык паспорту же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

• Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларын – Кыргыз Республикасынын жарактуу жалпы жарандык паспорту боюнча, ал эми жалпы жарандык паспорттордун бул категориялары жок болгон учурда – каттоо күбөлүгү же аскердик билети боюнча;

• нотариалдык иш-аракеттердин айрым түрлөрү үчүн документтер.

2) Юридикалык жактар үчүн:

• Юридикалык жактын уюмдаштыуу документтери – юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүн аныктоо үчүн;

• нотариалдык иш-аракеттердин айрым түрлөрү үчүн документтер.

Эскертүү:

• Санариптик форматта берилген документтер (улуттук паспорттор, айдоочулук күбөлүк, жарандык абалдын актылары: туулгандыгы, никелешүү, никени бузуу, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү жана аларга жетүү мүмкүндүгү Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан “Түндүк” мобилдик колдонмосу аркылуу берилген башка документтер юридикалык күчкө ээ болот жана кагаз түрүндөгү документтерменен бирдей маанидеги документтер болуп саналат.

• Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген жана нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн көрсөтүлгөн документтер консулдук мыйзамдаштыруу же апостилдөө аркылуу тастыкталат.

Маанилүү: Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн документтер кабыл алынбайт эгерде:

• документтер кырып өчүрүүлөргө жекошумча жазууга, чийилген сөздөргө жана башка эскертилбеген оңдоолорго ээ болсо, ошондой эле эгерде документтер карандаш менен жазылса;

• документтер бир нече баракта жазылса, бирок номер коюлбаса жана көктөлбөсө, документти берген уюмдун кызмат адамынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлбөсө;

• документтерге факсимиле кол тамгасы коюлса;

• нотариаттын бирдиктүү маалыматтык тутуму көрсөтүлгөн паспорттун жараксыздыгы жөнүндө маалымат берсе;

• документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбесе же өзүнүн мазмуну боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна жана мамлекеттик кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болсо, же жарандардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды камтыса, консулдук кызмат адамы мындай документтерди нотариалдык иш-аракеттерди аткаруу үчүн кабыл албайт.

Кайда кайрылуу керек КР ТИМдин «Электрондук консул» порталы: https://e-consul.gov.kg/ (консулдук кызматтарды Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери көрсөтөт)

Булак мамлекеттик органдын маалымдама маалыматы; актуалдуулугун булактан текшериңиз https://e-consul.gov.kg/
