Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
М. М. Жорокуловдун кайрылуусуна байланыштуу “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-абзацынын “анын 3 жылы биринчи инстанцияда жана 2 жылы экинчи инстанцияда” деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча чечим
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН Максатбек Мергенбаевич Жорокуловдун кайрылуусуна байланыштуу ―Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө‖ Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-абзацынын ―анын 3 жылы биринчи инстанцияда жана 2 жылы экинчи инстанцияда‖ деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча ЧЕЧИМИ 2025-жылдын 3-декабры Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: төрагалык кылуучу –
Э.Ж. Осконбаев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, К.А Дуйшеев,
Л.Ч. Жолдошева, М.Ш. Касымалиев, К.Дж. Кыдырбаев, Ж.А. Шаршеналиев
курамында, катчы К. Маамыталы кызынын; жоопкер-тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Самат Кыштообекович Ысырановдун;
үчүнчү жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Алмазбек Тавалдыевич Молдобаевдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Рашид Алмасбекович Мусуралиевдин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Аязбек Доолосбекович Джаркынбаевдин, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлү Темирбек Маданбекович Ибраимовдун, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлү Акыйкат Бакказович Каримовдун катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүн, ―Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө‖ Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 17, 40, 45- беренелерин жетекчиликке алып, ―Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө‖ Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-абзацынын ―анын 3 жылы биринчи инстанцияда жана 2 жылы экинчи инстанцияда‖ деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык сот отурумунда карап чыкты. Бул ишти кароого М.М.Жорокуловдун өтүнүчү жана талашылып жаткан ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келеби деген маселедеги табылган аныксыздык себеп жана негиз болду. Ишти соттук отурумга кароого даярдаган судья-баяндамачы
М.Р. Бобукееванын маалыматын угуп жана иштин берилген материалдарын
изилдеп чыгып, үчүнчү жактардын пикирлерин угуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2- пунктун, 4-бөлүгүн, ―Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө‖ конституциялык Мыйзамдын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 2
Т А П Т Ы: 2025-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна жаран Максатбек Мергенбаевич Жорокуловдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкерлерге коюлуучу биринчи инстанциядагы сотто 3 жыл жана экинчи инстанциядагы сотто 2 жыл судьялык иш стажынын милдеттүү түрдө болушун караган талабы бөлүгүндө ―Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө‖ Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-абзацынын ченемдик жобосунун Конституцияга ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө кайрылуусу келип түшкөн. Кайрылуудан белгилүү болгондой, Конституцияда (95-беренесинин 5- бөлүгү) Жогорку соттун судьясы болуп курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 15 жылдан кем эмес, анын ичинде судьялык кызматта 5 жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку соттун судьясы боло алаары белгиленген. Арыз ээси Конституцияда судьялык стаждын инстанциялар боюнча белгилүү ырааттуулукта бөлүштүрүлүшү каралбаганын жана жалпы 5 жылдан кем эмес судьялык иш стажынын гана, анын ичинде Конституциялык сотто алган стажынын болушу каралганын көрсөтөт. Бирок, 2024-жылдын 5-августундагы №159 ―Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө‖ Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу‖ Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен аталган конституциялык Мыйзамга өзгөртүү киргизилип, 5 жылдан кем эмес судьялык иш стажы жөнүндө талап ―анын 3 жылы биринчи инстанцияда жана 2 жылы экинчи инстанцияда‖ деген сөздөр менен толукталган. Арыз ээсинин пикири боюнча, бул иш 3
жүзүндө конституциялык талаптардын мазмунун өзгөртүп, Жогорку соттун судьясынын кызмат ордуна талапкер болууга потенциалдуу жөндөмдүү адамдардын чөйрөсүн негизсиз тарылтып, жогорку соттук кызмат ордуна жеткиликтүүлүккө монополияны түзөт.
М.М. Жорокулов бул жүйөнү тастыктоодо Кыргыз Республикасынын
Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 1-февралындагы Чечиминде баяндалган укуктук позицияга шилтеме жасаган, ага ылайык ашыкча чектелген жана акталбаган квалификациялык талаптар атаандаштыкты чектеп, анык кесипкөй жана көз карандысыз судьялык корпусту түзүүгө тоскоолдук кылышы мүмкүн. Ошол эле учурда арыз ээси сот практикасынын бир түрдүүлүгүн, укуктук аныктыкты жана коомдун сот бийлигине болгон ишенимин калыптандыруучу акыркы инстанциядагы судья катары Жогорку соттун судьясынын өзгөчө ролуна көңүл бурат. Муну эске алуу менен, анын пикири боюнча бул кызматты ээлөө үчүн негизги критерийлер катуу аныкталган институционалдык траекториядан формалдуу түрдө басып өтүү эмес, кесиптик жетилгендиктин жогорку деңгээли, олуттуу юридикалык жана судьялык тажрыйба, терең укуктук талдоо жүргүзүүгө жана салмактуу чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүүлүк болушу керек. Мындан тышкары, арыз ээси белгилегендей, мындай талаптын киргизилиши талап кылынган бөлүштүрүлгөн иш стажы болбогон, бирок бул өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин дайындалган, Жогорку соттун мурда дайындалган судьяларынын легитимдүүлүгү жөнүндө суроолорду жаратат. Арыз ээси, ошондой эле мыйзам чыгаруучу тарабынан киргизилген иш стажын инстанциялар боюнча бөлүштүрүү карама-каршылыктарды жана практикалык кыйынчылыктарды жаратат деп белгилейт. Алсак, Конституциянын 95-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, жергиликтүү соттордун судьялары биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Ушул мөөнөттүн чегинде экинчи инстанциядагы сотко дайындалган судья биринчи инстанциядагы сотто 3 жылдык иш стажын өтүү мүмкүнчүлүгүнөн 4
объективдүү түрдө ажырайт жана ошону менен конституциялык Мыйзамдын жаңы талабын аткара албайт. Арыз ээсинин ырастоосу боюнча, мындай конструкция судьялардын кыйла категориясы үчүн белгиленген талапты иш жүзүндө аткарылышын мүмкүн эмес кылат, судьялардын карьералык өсүшүнө негизсиз тоскоолдуктарды жаратат, судьяларды дайындоо жүргүзгөн органдардан алардын көз карандылыгын күчөтөт, жана ошону менен коррупциялык тобокелдиктерди алып келет. Кайрылууда белгиленгендей, Конституциянын 94-беренесинин 3- бөлүгүнө ылайык, биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор жергиликтүү соттордун бирдиктүү категориясына таандык кылынган жана укуктук статусу боюнча айырмаланбайт. Эки инстанциянын тең судьялары материалдык жана процессуалдык укуктун бирдей эле ченемдерин колдонушат, ал эми алардын ортосундагы айырмачылык иштерди кароонун процессуалдык формасында гана болот. Демек, стажды эсептөө максатында инстанцияны өзгөчө категорияга бөлүп көрсөтүү, арыз ээсинин пикири боюнча, жасалма болуп саналат жана сот системасынын конституциялык- укуктук табиятынан келип чыкпайт.
М.М. Жорокулов, талашылып жаткан ченем Конституциянын 95-
беренесинин жоболоруна гана эмес, ошондой эле жарандардын мамлекеттик кызматка кирүүдө жана кызмат боюнча көтөрүлүүдө бирдей укуктарга жана бирдей мүмкүнчүлүктөргө кепилдик берген 37-беренесинин 3-бөлүгүнө да карама-каршы келет деп эсептейт. Талашылып жаткан талапты киргизүү Баш мыйзамда белгиленген мамлекеттик кызмат орундарына бирдей жеткиликтүүлүк жана судьялардын көз карандысыздыгы принциптерин бузуп, басмырлоочу шарттарды түзөт. Арыз ээси жогорку соттордун судьяларын дайындоонун эл аралык тажрыйбасына кошумча шилтеме кылат, анда дайындоонун негизги критерийлери жаш курагы, олуттуу юридикалык стажы, кесиптик жактан жетилгендик болуп саналат, бирок соттук инстанциялардан өтүүнүн 5
ырааттуулугу каралган эмес, бул талашылып жаткан талаптын өлчөмдөш эместигин жана рационалдуу негиздин жоктугун тастыктайт.
М.М. Жорокулов бул чектөө, ошондой эле укуктарды жана
эркиндиктерди чектөө үчүн жол берилген негиздерди аныктаган Конституциянын 23-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген коомдук тартипти, калктын саламаттыгы менен адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максаттарына шайкеш келбегендигине өзгөчө көңүл бурат. Арыз ээсинин пикири боюнча судьялык иш стажынын инстанциялар боюнча бөлүштүрүлүшү жөнүндө талашылып жаткан квалификациялык критерий бул максаттардын бирин да көздөбөйт. Баяндалгандарды эске алуу менен, арыз ээси талашылып жаткан ченемдик жобону Конституцияга карама-каршы келет деп табууну өтүнгөн. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2025-жылдын 23-июнундагы аныктамасы менен М.М. Жорокуловдун өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган. Жоопкер-тараптын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү С.К. Ысыранов арыз ээсинин жүйөлөрү менен макул эместигин билдирди жана талашылып жаткан ченем Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт.
С.К. Ысыранов белгилегендей, талашылып жаткан ченемдин жоболору
судьялар корпусунун жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгүн камсыздоого жана коомдун сот системасына болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган. Жогорку соттун судьясынын кызмат ордуна талапкердин биринчи инстанциядагы соттордо 3 жылдык жана экинчи инстанциядагы соттордо 2 жылдык иш стажынын болушу жөнүндө талапты белгилөө жарандардын мамлекеттик кызматка бирдей жетүү укуктарын чектөө эмес, жогорку сот органынын сапаттуу курамын камсыз кылуунун механизми болуп саналат. Анын пикири боюнча, бул жобо Конституциянын 95-беренесинин 5- бөлүгүндө бекитилген конституциялык талапты конкреттештирүү болуп 6
саналат, анткени бул берененин 9-бөлүгү мыйзам чыгаруучуга сот адилеттигин жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жана сапатын камсыз кылуу максатында кошумча квалификациялык критерийлерди белгилөөгө укук берет.
С.К. Ысыранов, мыйзам чыгаруучуга кесиптик компетенттүүлүктү,
кадрлардын уланмалуулугун жана соттук туруктуулукту камсыз кылуу зарылчылыгынан алганда, Жогорку соттун судьясынын кызмат ордуна талапкерлерге талаптарды коюуга дискрециялык укук берилгендигин баса белгилейт. Өзүнүн мазмуну боюнча талашылып жаткан ченем төмөн турган инстанциядагы соттордо иш тажрыйбасы бар судьялардын арасынан кадрдык резервди түзүүгө багытталган, бул сот практикасынын биримдигин жана кабыл алынуучу сот актыларынын сапатын камсыз кылуу максаттарына ылайык келет. Жоопкер-тараптын өкүлү биринчи инстанциядагы соттордогу судьялардын ишмердүүлүгү укукту турмуштук кырдаалдарга колдонуу боюнча терең практикалык көндүмдөрдү алууга мүмкүндүк берерин, ал эми экинчи инстанциядагы иш соттук чечимдерди аналитикалык жактан кайра карап чыгуу, каталарды аныктоо жана укуктук позицияларды калыптандыруу көндүмдөрүн берерин белгилейт. Ошентип, мындай тажрыйбанын жыйындысы сот системасын ар тараптуу түшүнүүнү жана өлкөнүн жогорку сот органында сот адилеттигин ишке ашырууга даярдыкты камсыздайт. Мындан тышкары, С.К. Ысырановдун пикири боюнча, каралып жаткан талаптын киргизилиши сот бийлигине болгон ишенимди жогорулатат, анткени Жогорку соттун судьялары сот системасынын бардык деңгээлдерин басып өтүп, анын түзүмү жана иш тажрыйбасы боюнча зарыл билимге ээ болушат. Бул жобо талапкерлердин санын чектөөгө эмес, сот практикасынын туруктуулугун жана болжолдуулугун камсыздоого жөндөмдүү кыйла компетенттүү жана тажрыйбалуу адистерди тандоого багытталган. Ал, ошондой эле Конституциялык сот буга чейин судьяларга алардын 7
статусунун өзгөчөлүктөрүнө жана жогорку жоопкерчилигине байланыштуу кошумча талаптарды белгилөөгө жол берилишин тааныганын белгилейт. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги Чечиминде билдирилген укуктук позицияда судьянын кызмат орду адамдын кынтыксыз аброю, жогорку квалификациясы жана этикалык сапаттары бар экендигин болжолдогон мамлекеттик кызматтын өзгөчө категориясына кирээри белгиленген, бул аларга атайын талаптарды коюу мүмкүнчүлүгүн шарттайт. Муну менен бирге, ал ―Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө‖ конституциялык Мыйзамдын 35 жана 39- беренелеринде биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун компетенциялары ажыратылгандыгын баса белгилейт, бул алардын ортосунда функциялык айырмачылыктар бар экендигин айгинелейт. Демек, арыз ээсинин биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор бир тектүү жана стажын аныктоодо өзүнчө эсепке алууну талап кылбайт деген жүйөөсү жаңылыш болуп саналат. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Жогорку Кеңештин өкүлү талашылып жаткан ченем укуктук аныктык, өлчөмдөштүк жана максатка ылайыктуулук принциптерине жооп берет, жарандардын мамлекеттик кызматка бирдей жетүү конституциялык укугун бузбайт жана конституциялык маанилүү максаттарга, тагыраак айтканда, судьялардын кесипкөйлүгүн жана сот адилеттигинин сапатын жогорулатууга багытталган деп эсептейт. Ушуга байланыштуу, жоопкер-тарап ―Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө‖ конституциялык Мыйзамдын 19- беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-абзацы конституциялык эмес деп таанылышы мүмкүн эместигин белгилейт. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү А.Т Молдобаев. жоопкер-тараптын позициясын колдойт. 8
Ошол эле учурда ал, Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ экендигине көңүлдү бурат (6-берене), ал эми ар бир адам анын талаптарын сактоого милдеттүү (53-берененин 3-бөлүгү). Анын пикири боюнча, Конституциянын 95-беренесинин 9-бөлүгү Жогорку соттун судьясынын кызмат ордуна талапкерлерге кошумча талаптарды коюуга конституциялык Мыйзамга мүмкүндүк берүү менен мыйзам чыгаруучу үчүн конституциялык жол берилген эркиндик чөйрөсүн түзөт, анын чектеринде ал конкреттүү судьялык кызматтын статусун жана функционалдык ролун эске алуу менен талапкерлердин иш стажына, квалификациясына жана тажрыйбасына карата талаптарды дифференциациялоого укуктуу. А.Т. Молдобаев биринчи жана экинчи инстанциядагы судьялык иш стажынын болушу талабы судьялардын алдыга карай кесиптик өсүшүн камсыз кылуу жана жогорку соттук инстанциянын кадрдык курамынын сапатын жогорулатуу механизми катары карайт. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин өкүлү белгилегендей, төмөнкү инстанциядагы соттордо иштөө тажрыйбасы Жогорку соттун судьясына сот процессин бардык баскычтарында жана деңгээлдеринде ар тараптуу түшүнүүгө мүмкүндүк берет, мыйзамды чечмелөөгө жана колдонууга бирдиктүү мамиле жасоого өбөлгө түзөт, ошондой эле кассациялык кайра кароо баскычында соттук көзөмөлдү натыйжалуу жүргүзүүгө шарт түзөт. Мында белгиленген талап жалпы мүнөзгө ээ, бардык талапкерлерге жайылтылат жана алардын кесиптик даярдыгын камсыз кылууга багытталгандыктан, басмырлоочу болуп саналбайт. Юстиция министрлигинин туруктуу өкүлү А.Д. Джаркынбаев жоопкер- тараптын позициясын жалпысынан колдойт, ошол эле учурда эл аралык стандарттар — БУУнун сот органдарынын көз карандысыздыгы жөнүндөгү негизги принциптери, Европа сотторунун консультативдик кеңешинин актылары жана Венеция комиссиясынын корутундулары — судьялык карьеранын ар кандай моделдерине жол берет жана соттордун деңгээлдеринин ортосунда стажды бөлүштүрүү боюнча милдеттүү 9
талаптарды белгилеген эмес деп көрсөттү. Ошондуктан, белгиленген талап анын объективдүү зарылдыгы жана өлчөмдөштүгү жагынан бааланышы керек. Ал, мыйзам чыгаруучу эки деңгээлде айырмалоо жүргүзөт деп белгиледи. Биринчиден, жалпысынан юристтер жана судьялык тажрыйбасы бар юристтер бөлүп көрсөтүлөт. Экинчиден, судьялар корпусунун ичинде ар кандай инстанциядагы соттордун ортосунда талап кылынган стаж бөлүштүрүүсүнө ылайык келген кесиптик траекториясы бар адамдардын тар чөйрөсү аныкталат. Анын пикири боюнча мындай айырмалоо кесипкөйлүктү камсыз кылуунун объективдүү каражаты катары кызмат кыла алат, бирок ошол эле учурда конкурска катышууда ашыкча формалдуу чектөө тобокелдигин камтыйт. Ошол эле учурда, А.Д. Джаркынбаев белгилүү убакыттык пропорцияларда судьялык тажрыйбага коюлган талап бийик кесиптик абройго ээ, бирок кызматтык өсүү траекториясы башкача болгон судьяларды потенциалдуу талапкерлердин катарынан чыгарып салышы мүмкүн экендигине көңүл бурат. Бул контекстте, стажды инстанциялар боюнча бөлүштүрүү Жогорку соттун милдеттерин аткаруу үчүн чындап эле зарылбы деген суроо маанилүүдөй көрүнөт. Ал, ошондой эле эмгекке жана кесип тандоо эркиндигине укук жогорку соттук инстанциядагы кызматты ээлөө укугуна кепилдик бербейт, бирок мамлекеттен талаптардын ачык-айкындыгын жана болжолдуулугун камсыз кылууну жана ашыкча чектөөлөргө жол бербөө принцибин сактоону талап кылат деп белгилейт. 15 жылдык юридикалык стаждын жана 5 жылдык судьялык стаждын бар экендигин белгилөө кесипкөйлүктүн жогорку деңгээлин камсыз кылуу максатын акташы мүмкүн, бирок стажын кийин инстанциялар боюнча бөлүштүрүү кадрларды тандоону кыйла кыскартат жана тар кесиптик коридорду түзөт. Ал, стажды бөлүштүрүү сот системасынын ачык-айкындыгы жана анын кабылданган көз карандысыздыгы маселелерине да таасир этерин 10
белгилейт. Фиксацияланган карьералык модель ашыкча жабык соттук корпорациясын түзүү тобокелдигин жаратышы мүмкүн, бул Венеция комиссиясынын тажрыйбасын кошкондо, эл аралык корутундуларда бир нече жолу белгиленген. Муну менен катар Юстиция министрлигинин өкүлү мыйзам чыгаруучу Жогорку соттун судьяларынын компетенттүүлүгүнүн кепилдигин сот системасынын ар кандай деңгээлдеринде кесиптик өнүгүүдөн жана аны өтүүдөн көрөрүн баса белгилейт. Судьялар кеңешинин өкүлү Т. М. Ибраимов, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин өкүлү А. Б. Каримов жана Жогорку соттун өкүлү Р.А. Мусуралиев талашылып жаткан ченемдин конституциялуулугу жөнүндө позицияны колдошот жана Жогорку Кеңештин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү С.К. Ысырановдун жүйөлөрүнө окшош жүйөлөрдү келтиришти. Конституциялык сот тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, үчүнчү жактардын пикирлерин угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкү тыянакка келди.
1. ―Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө‖
конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык сот кайрылууда козголгон предмет боюнча анын ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө карата гана актыларды чыгарат. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун кароосунун предмети болуп ―Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө‖ Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-абзацынын төмөнкүдөй мазмундагы ченемдик жобосу саналат: ―19-берене. Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларына коюлуучу талаптар, аларды шайлоо тартиби ...1. ―, анын 3 жылы биринчи инстанцияда жана 2 жылы экинчи инстанцияда... ‖.». 11
2021-жылдын 15-ноябрындагы №138 ―Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө‖ Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы мыйзамда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган, ―Эркин- Тоо‖ гезитинин 2021-жылдын 19-ноябрындагы №136 санына жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясы 37-берененин 3-бөлүгүндө
жарандардын мамлекеттик кызматка кирүүдө жана кызмат боюнча көтөрүлүүдө бирдей укуктарга жана бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болуу укугун бекитүү менен, бул кепилдикке теңдик, адилеттүүлүк жана коомдук бийликтин ачыктыгы принциптерин ишке ашыруунун инструменттеринин бири катары өзгөчө маани берет. Ушуга байланыштуу бул кепилдик эки өз ара байланышкан аспектте ишке ашырылат, ал мамлекеттик кызматка кирүүнү да, кызмат боюнча көтөрүлүүнү да камтыйт. Мамлекеттик кызматка кирүүдө бирдей укуктар жана бирдей мүмкүнчүлүктөр коомдук функцияларды жүзөгө ашырууга жол берүү ачык- айкын, бирдиктүү, алдын ала белгиленген жана басмырлоосуз эрежелердин негизинде жүзөгө ашырыларын болжолдойт. Бул кепилдик мамлекеттик кызмат системасына кирүүдөгү негизсиз тоскоолдуктарды четтетүүгө жана ар бир жаранга мыйзамда каралган тартипте мамлекеттик кызмат ордун ээлөөгө катышууга мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган. Бирок объективдүү жана акылга сыярлык негиздемеси бар квалификациялык талаптарга жооп берген шартта катыша алат. Муну менен катар эле, кызмат боюнча көтөрүлүүгө бирдей мүмкүнчүлүккө укук мамлекеттик кызматты андан ары өтөө жана карьералык мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу да объективдүү жана адилеттүү негиздерге таянуу менен жүзөгө ашырылышы керек дегенди билдирет. Кызмат боюнча көтөрүлүү өзүм билемдик менен бирөөгө артыкчылык берүү же адамдын кесиптик сапатына жана ал аткарган коомдук функциянын мүнөзүнө 12
байланышпаган жагдайларга көз каранды болбошу керек. Муну менен конституциялык кепилдик мамлекеттик кызматка баштапкы жол берилишин гана эмес, кесиптик өнүгүү шарттарынын теңдигин камсыз кылуу менен аны жүзөгө ашыруунун бүткүл мезгилин да камтыйт. Мында бул кепилдик өзүнчө каралбайт, анын мазмуну коомдук бийликтин уюштурулушун жана иштешин аныктаган Конституциянын башка жоболору менен системалуу байланышта ачылат. Мамлекеттик кызмат өзүнүн табияты боюнча бир тектүү эмес жана ар кандай деңгээлдеги кесиптик даярдыкты, тажрыйбаны жана институционалдык туруктуулукту талап кылган коомдук ишмердүүлүктүн ар кандай түрлөрүн камтыйт. Ушундан улам, кызматка жетүүдөгү жана көтөрүлүүдөгү бирдейлик, эгерде талаптар тиешелүү кызматтын өзгөчөлүгү менен объективдүү шартталса жана коомдук ыйгарым укуктарды талаптагыдай ишке ашырууну камсыз кылууга багытталса, айрым мамлекеттик кызмат орундарына карата атайын талаптарды белгилөөнү жокко чыгарбайт. Мындай мамиле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын мурда билдирилген укуктук позицияларына да шайкеш келет, аларда мамлекеттик кызматтын максаттарын, милдеттерин жана уюштуруу принциптерин эске алуу менен мыйзам чыгаруучу мамлекеттик кызматка кирүүчү жана аны өтөп жаткан жарандар үчүн тиешелүү укуктарды жана милдеттерди гана эмес, квалификациялык талаптарды да атайын укуктук жөнгө салуу аркылуу аныктоого укуктуу экендиги баса белгиленген (2014-жылдын 30-апрелиндеги, 2015-жылдын 18- февралындагы жана 2019-жылдын 20-ноябрындагы чечимдери). Ошол эле учурда, мыйзам чыгаруучунун бул чөйрөдөгү эркин кароосу чексиз эмес. Квалификациялык талаптарды, эгерде алардын объективдүү жана акылга сыярлык негизи бар болсо, тиешелүү кызматтын коомдук максаттарына, анын милдеттеринин өзгөрүшүнө же анын иштөө механизмдерин өркүндөтүү зарылдыгына шайкеш келсе жана 13
Конституциянын 37-беренесинде бекитилген мамлекеттик кызматка кирүүдө жана кызмат боюнча көтөрүлүүдө мүмкүнчүлүктөрдүн бирдейлигинин конституциялык кепилдиктерин иш жүзүндө кемитүүгө алып келбесе, аларды белгилөөгө жана өзгөртүүгө жол берилет.
3. Кыргыз Республикасындагы сот бийлиги мамлекеттик бийликтин өз
алдынча бутагы болуп саналат. Ал өзүнүн конституциялык арналышы боюнча сот адилеттиги аркылуу Конституциянын үстөмдүгүн жана мыйзамдуулук режимин камсыз кылууга багытталган. Конституция сот адилеттигин сот гана ишке ашыра тургандыгын, ал эми сот бийлиги бирдиктүү сот системасынын алкагында сот өндүрүшүнүн мыйзамда каралган формаларында ишке ашырыларын бекитет (94-берене). Буга байланыштуу сот адилеттигин жүргүзүү мамлекеттик бийликти ишке ашыруунун өзгөчө формасы болуп саналат. Ал адамдын жана коомдун жашоо чөйрөсүнө түздөн-түз таасир этет жана жалпыга милдеттүү юридикалык кесепеттерди жаратат. Дал ушул судьянын өзгөчө конституциялык-укуктук статусун аныктайт. Конституция судьялардын көз карандысыздыгын, Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийе тургандыгын белгилейт, сот адилеттигин жүзөгө ашыруу ишине ар кандай кийлигишүүлөргө тыюу салат, мамлекетке судьянын көз карандысыздыгынын социалдык, материалдык жана башка кепилдиктери менен камсыз кылуу милдетин жүктөйт (95-берененин 1, 3 жана 4-бөлүктөрү). Мындай жөнгө салуу конституциялык укук тартибинин түпкү идеясын билдирет: сот адилеттигин ишке ашыруу менен судья мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу, укук тартибин сактоо, социалдык адилеттүүлүктү калыбына келтирүү, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча мамлекеттин коомдук функциясын жүзөгө ашырат. Сот актысы инсандын укуктук абалын түп-тамырынан бери өзгөртүүгө жөндөмдүү, анын фундаменталдуу укуктарына жана эркиндиктерине таасир этет, ошондой эле мамлекеттик мажбурлоо чарасын аныктайт. Мындай шарттарда судьядан 14
конкреттүү ишти адилеттүү чечүү гана эмес, коомдук бийлик институту катары сот адилеттигинин кадыр-баркы да көз каранды. Ушуга байланыштуу сот бийлигин алып жүрүүчүгө ал кабыл алуучу чечимдердин мыйзамдуулугу, негиздүүлүгү жана адилеттүүлүгү үчүн жогорку кесиптик жана жеке жоопкерчилик жүктөлөт. Демек, демократиялык мамлекетте сот адилеттигинин мыйзамдуулугу сот бийлигинин алып жүрүүчүсүнүн компетенттүүлүгүнө жана ак ниеттүүлүгүнө, анын жалпы адамзаттык жана конституциялык баалуулуктарга берилгендигине жогорулатылган талаптарды коет. Ушундан улам судьялар корпусун түзүү тартиби, кесиптик жарамдуулук критерийлери жана судьяларды тандоо жана дайындоо жол- жоболору кокустук же өзүм билемдик мүнөздө боло албайт. Алар судьянын статусунун материалдык элементтерин (талаптар, кепилдиктер, жоопкерчилик) жана судьялар корпусун түзүүнүн жол-жоболук механизмдерин камтыган атайын укуктук жөнгө салуунун бирдиктүү системасынын алкагында жөнгө салынышы керек. Мындай жөнгө салуу ―Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө‖ конституциялык Мыйзамда кенен-кесири белгиленген, ага ылайык судьянын кесипкөй негизде сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктар берилген адам катары укуктук абалы конкреттештирилет (2-берене), ошондой эле көз карандысыздыгынын кепилдиктеринин, жүрүм- турумга коюлуучу талаптардын, жоопкерчилик негиздеринин жана өзгөчө укуктук статусунун башка элементтеринин системасы бекитилет (5-берене). Муну менен, мыйзам чыгаруучу конституциялык мандаттын чегинде иш алып баруу менен, жогорулатылган талаптардын жана күчөтүлгөн кепилдиктердин айкалышына негизделген, судьянын статусунун бүтүн ченемдик конструкциясын түзөт. Муну менен катар ―Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө‖ Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы судьянын кызмат ордуна талапкерлерди тандоону жүзөгө ашырган 15
атайын конституциялык органдын уюштуруучулук ишин белгилейт. Аталган конституциялык Мыйзамдын 2-беренесине ылайык, Кеңеш көз карандысыз коллегиялуу орган болуп саналат, анын негизги милдети судьялык кызматтарга талапкерлерди тандоо жана аларды дайындоого сунуштоо болуп саналат, мында анын ыйгарым укуктарынын катарында конкурстук жол- жоболорду өткөрүү, талапкерлердин кесиптик жана адеп-ахлактык сапаттарын баалоо каралган (18-берене). Адистештирилген көз карандысыз тандоо органынын болушу талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар жана аларды баалоо тартиби сот адилеттигинин сапатын жана коомдун сот бийлигине болгон ишенимин камсыз кылуунун институционалдык механизминин бир бөлүгү болуп саналарын ырастайт. Ошентип, судьялардын ишмердүүлүгү конституциялык шартталган мүнөзгө жана жогорку деңгээлдеги коомдук жоопкерчиликке ээ болуу менен мамлекеттик кызмат системасында өзгөчө орунду ээлейт. Бул талапкерлерге жогорулатылган мамилеге жол берилишин жана судьяларды тандоо жана дайындоо тартибин гана эмес, судьялык кызматты өтөө шарттарын, анын ичинде сот өндүрүшүн уюштуруунун өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу кесиптик өсүү жана көтөрүлүү механизмдерин атайын укуктук жөнгө салуу зарылдыгын шарттайт.
4. Кыргыз Республикасында сот системасы деңгээлдер жана
инстанциялар боюнча структуралаштырылган, бул соттук контролдун милдеттеринин жана кабыл алынуучу чечимдердин жоопкерчилик даражасынын айырмачылыгы менен шартталган. Сот өндүрүшүнүн инстанциялуулугу сот актыларын ырааттуу текшерүүнү камсыз кылат, муну менен укук колдонуунун бирдиктүү стандарттарын колдоонун уюштуруучулук-укуктук механизми катары чыгат. Буга байланыштуу инстанциялардын айырмасы сот адилеттигин жүргүзүүнүн алкагында ишке ашырылуучу ыйгарым укуктардын өзгөчөлүгүн чагылдырат. Ошондой эле жүктөлүүчү ыйгарым укуктардын деңгээлин жана мүнөзүн эске алуу менен 16
тиешелүү функцияларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон судьянын кесиптик тажрыйбасын дифференцияланган эсепке алууну объективдүү болжойт. Ушул Чечимдин 3-пунктунда жогоруда белгиленгендей, мындай кесиптик тажрыйбаны эске алуу судьялык кызмат ордуна талапкерлерге карата ченемдик жактан белгиленген квалификациялык талаптар аркылуу камсыздалат, алар сот бийлигин жүзөгө ашырууга жана карьералык көтөрүлүүгө жол берүүчү юридикалык механизм катары чыгат. Мында Конституциялык сот квалификациялык талаптардын баштапкы параметрлери түздөн-түз Конституциянын өзү менен аныкталгандыгын баса белгилейт. Алсак, Конституция Жогорку соттун судьясынын кызмат ордуна талапкер үчүн юридикалык кесип боюнча кеминде он беш жылдык иш стажы, анын ичинде судьялык кызматта кеминде беш жылдык иш стажы болуу талабын белгилейт (95-берененин 5-бөлүгү). Демек, Конституция судьялык иш стажынын милдеттүү минималдуу босогосун тиешелүү кызмат ордуна жетүүнүн конституциялык критерийи катары аныктайт. Муну менен катар, Конституция судьялардын кызмат ордуна талапкерлерге конституциялык Мыйзамда кошумча талаптарды белгилөөгө жол берет (95-берененин 9-бөлүгү). Бул жол берүүнүн баштапкы конституциялык параметрлерин сактоодо жана укуктар менен эркиндиктердин конституциялык кепилдиктерин сактоо, анын ичинде ашыкча жана өлчөмсүз чектөөлөрдү болтурбоо шартында судьялык стаждын конституциялык минимумун эсепке алуу тартибин мыйзамдык конкреттештирүү мүмкүнчүлүгүн болжойт. Тиешелүү түрдө, ―Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө‖ конституциялык Мыйзамда кошумча квалификациялык талаптарды белгилөө менен мыйзам чыгаруучу Конституциянын 95-беренесинин 9- бөлүгүндө ага берилген өз алдынча кароонун алкагында, ошол эле учурда Жогорку соттун судьясынын кызмат ордуна жол берилүүчү элемент катары беш жылдан кем эмес милдеттүү минималдуу судьялык стажды бекемдеген Конституциянын 95-беренесинин 5-бөлүгүнө негизденүү менен аракеттенет. 17
Бул контекстте талап кылынган судьялык стажы биринчи инстанциядагы үч жылды жана экинчи инстанциядагы эки жылды камтый тургандыгын караган талашылып жаткан ченемдик жобо көрсөтүлгөн минималдуу беш жылдык судьялык стажды аны эсепке алуунун кошумча шарты катары инстанциялар боюнча бөлүштүрүүнү билдирет. Муну менен талашылып жаткан конструкция мыйзам чыгаруучунун судьялык стажды эске алуу боюнча тандалган ыкмасын чагылдырат, ал инстанциялардын процессуалдык функцияларынын айырмаланышына негизделген. Биринчи инстанция ишти маңызы боюнча кароону жана соттук актынын иш жүзүндөгү жана укуктук негизин түзүүнү камсыздайт, ал эми экинчи инстанция соттук актыларды мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жагынан мыйзам тарабынан белгиленген чекте текшерет. Натыйжада, стажды инстанциялар боюнча түзүмдөштүрүү соттук чечимдерди маңызы боюнча кабыл алуу менен да, андан кийинки инстанциялык текшерүү менен да байланышкан ар кандай практикалык тажрыйбаны эсепке алууга багытталган. Ошентип, ―анын 3 жылы биринчи инстанцияда жана 2 жылы экинчи инстанцияда‖ деген талашылып жаткан конструкция судьянын кеминде беш жылдык иш стажы болушу жөнүндө конституциялык талаптын мүнөзүн да, минималдуу көлөмүн да өзгөртпөйт. Ал мыйзам чыгаруучунун Конституцияда белгиленген судьянын милдеттери жана процессуалдык ролу боюнча объективдүү түрдө айырмалануучу ар кандай режимдерде соттук функцияларды ишке ашыруу менен байланышкан кесиптик тажрыйбанын мазмунуна жана профилине багытталган, беш жылдык судьялык стажды эсепке алуу шартын тандагандыгын билдирет. Демек, мыйзам чыгаруучу конституциялык ченемди алмаштырбайт жана Жогорку соттун судьясынын кызмат ордуна жол берүүнүн жаңы өз алдынча конституциялык критерийин киргизбейт, тескерисинче, ага берилген жөнгө салуунун чегинде квалификациялык стандарттын жол берилген конкреттештирүүсүн ишке ашырган. Ошондуктан арыз ээсинин Конституциянын 95-беренесинин 5- 18
бөлүгүнүн маанисинин иш жүзүндө өзгөрүшү жөнүндөгү жүйөсү негизсиз болуп саналат.
5. Конституциялык сот талашылып жаткан шартты судьялык стажды
эсепке алуу ыкмасы катары белгилөө бул моделди жалгыз мүмкүн болгон же өзгөрүлбөс деп таанууну билдирбейт деп белгилейт. Конституция менен ага берилген өзүнүн кароосун ишке ашырууда, мыйзам чыгаруучу судьялар корпусун түзүүгө тандалган мамилеге жана сот адилеттигинин сапатын камсыз кылуунун актуалдуу муктаждыктарына жараша квалификациялык талаптардын моделин кайра карап чыгууга жана тактоого укуктуу. Мында Конституциялык сот, мыйзам чыгаруучунун мүмкүн болгон альтернативалар менен салыштырмалуу конкреттүү моделди тандоосунун максатка ылайыктуулугуна баа бербей тургандыгын баса белгилөө маанилүү. Аталган иштин алкагында ал талашылып жаткан шарттын билдирилген редакцияда жана арыз ээсинин жүйөөлөрү боюнча конституциялык жактан жол берилүүсүн, анын ичинде анын укуктук таасири жагынан – ал кепилдиктерди негизсиз чектөөгө алып келбейби жана судьялык кызматка жетүү жана көтөрүлүү боюнча ашыкча, өлчөмдөш эмес тоскоолдук жаратпайбы деген көз караштан текшерет. Алсак, арыз ээси ― 3 жылы биринчи инстанцияда жана 2 жылы экинчи инстанцияда‖ деген талашылып жаткан шартты мамлекеттик кызматка кирүүдө жана кызмат боюнча көтөрүлүүдө бирдей укуктардын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн конституциялык кепилдиктери (Конституциянын 37- беренесинин 3-бөлүгү), ошондой эле адамдын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдарды кабыл алууга тыюу салуу менен байланыштырат (Конституциянын 56-беренесинин 2- бөлүгү). Ушул Чечимдин 2-пунктунда баяндалган укуктук позициядан алганда, Конституциянын 37-беренесинин 3-бөлүгүндө бекитилген бирдей укуктардын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн кепилдиги айрым коомдук кызмат орундарына атайын квалификациялык талаптарды белгилөөнү, эгерде 19
мындай талаптар тиешелүү ыйгарым укуктардын өзгөчөлүгүнө объективдүү негизделсе жана коомдук бийликтин тийиштүү түрдө ишке ашырылышын камсыздоого багытталса, аларды белгилөөнү жокко чыгарбайт. Бул Жогорку соттун судьясынын кызмат ордуна карата да толугу менен колдонулат. Жогорку сот өзүнүн статусуна ылайык, соттук практиканын бирдейлигин камсыз кылуу жана укук колдонуу стандарттарын түзүү менен байланышкан функцияларды аткарат. Бул объективдүү түрдө талапкерлердин кесиптик даярдыгына жана судьялык иш тажрыйбасынын мазмунуна жогорулатылган талаптарды коет. Ушуга байланыштуу мыйзам чыгаруучу жогорку судьялык кызмат ордуна жеткиликтүүлүк шарттарын аныктоодо стаждын сандык өлчөмүн гана эмес, ошондой эле анын ар кандай инстанциялык режимдерде соттук контролду ишке ашыруу менен байланышкан сапаттык мүнөздөмөлөрүн да эске алууга укуктуу. Мындай шарттарда, соттук стаждын жалпы минимуму бирдей болгон учурда айрым карьералык траекториялардын ―3+2‖ шартына ар кандай катыштык жагдай өзүнчө алганда Конституциянын 37-беренесинин 3- бөлүгүнүн бузулушун далилдебейт. ―3+2‖ талабы талапкердин ар кандай инстанциялык режимдерде сот адилеттигин ишке ашыруу тажрыйбасынын болушунун зарылдыгын бекитет, бул жогорку соттук инстанциянын функциялары менен түздөн-түз байланышы бар судьялык стаждын сапаттык мүнөздөмөсүн чагылдырат. Мында бул шарт минималдуу стаждын жалпы көлөмүн көбөйтпөйт, бирок анын түзүмүн жогорку соттук инстанциясынын милдеттерине карата тактайт, натыйжада өз алдынча тыюу салуучу фильтрдин мүнөзүнө ээ болбойт. Ушундан улам, мурда алынган инстанциялык тажрыйбанын мазмуну менен шартталган айырмачылыктар, эгерде алар кесиптик релеванттуу критерийге негизделсе жана кызматка жетүүнү ашыкча тоскоолдукка айландырбаса, мүмкүнчүлүктөрдүн теңсиздиги катары каралышы мүмкүн эмес. Демек, бул шарт жеке карьералык траекторияларды теңдөөгө багытталган эмес. Ал Жогорку соттун 20
судьясынын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон тажрыйбага ээ талапкерлерди тандоого багытталган. Арыз ээсинин судьяны дайындоонун баштапкы беш жылдык мөөнөтү ―3+2‖ бөлүштүрүүнү аткарууну иш жүзүндө мүмкүн эмес кылат, ошону менен көтөрүлүүгө жол бербейт деген жүйөсү бөлүгүндө бул бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн кепилдигин автоматтык түрдө кемитпейт жана өзүнчө алганда Конституциянын 56-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык келбегендигин далилдебейт. Кызмат боюнча көтөрүлүүдөгү бирдей мүмкүнчүлүктөр кесиптик жарактуулук менен байланышпаган себептер боюнча коомдук кызматка жетүүдөн негизсиз четтетүүгө жол берилбестигин билдирет, бирок квалификациялык критерийлердин мазмунуна карабастан, белгилүү бир кызматка кепилденген жетүүнү болжобойт. Талашылып жаткан талап, талапкердин Жогорку сотко тандоого катышкан учурдагы кесиптик даярдыгынын деңгээлине карата даректелген, ал эми инстанциялык тажрыйбанын зарыл бөлүштүрүлүшүнө жетүү бир катар учурларда узак кесиптик жолду өтүүнү же болбосо кошумча этаптардан өтүүнү талап кылган жагдай, эгерде ал кызмат орундагы милдеттер менен объективдүү байланыштуу болсо критерийди эркин кылбайт жана акылга сыярлык зарылдыктын чегинен чыкпайт. Арыз ээсинин инстанциялардын ажыратылышы жөнүндөгү ырастоосу боюнча, Конституциялык сот, биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун жергиликтүү сотторго таандык кылынуусу (Конституциянын 94- беренесинин 3-бөлүгү) алардын сот системасындагы ордун жана судьялардын тиешелүү категориясынын бирдиктүү статусун мүнөздөйт деп көрсөткөн. Бирок сот өндүрүшүнүн инстанциялык түзүлүшү менен шартталган соттук көзөмөлдүн милдеттеринин айырмачылыктарын жок кылбайт. Тиешелүү түрдө, Жогорку соттун судьясына карата квалификациялык талаптарды түзүүдө инстанциялык тажрыйбаны эске алуу 21
кесиптик тажрыйбанын функционалдык мазмунун баалоо болуп саналат жана судьянын статусун жасалма бөлүштүрүүнү киргизүүнү билдирбейт. Арыз ээсинин пикири боюнча, жогорку судьялык кызмат орундарына жетүүдө инстанцияларды өтүүнүн ырааттуулугу эмес, жаш курагы жана жалпы стаж чечүүчү мааниге ээ болгон дүйнөлүк практикага жасаган шилтемеси, талашылып жаткан талаптын конституциялык жактан жол берилгендиги жөнүндөгү тыянакка таасир этпейт, анткени Кыргыз Республикасында квалификациялык талаптар мыйзам чыгаруучу тарабынан Конституциянын чегинде, сот адилеттигин уюштуруунун улуттук муктаждыктарын эске алуу менен белгиленет. Каралып жаткан учурда, Жогорку соттун кесиптик жактан даярдалган курамын түзүүгө багытталган талашылып жаткан талап, кызматтын милдеттери менен объективдүү байланыштуу жана судьялык кызмат боюнча көтөрүлүү үчүн формалдуу тоскоолдук мүнөзүнө ээ болбойт. Ошондой эле ―3+2‖ шарты судьянын көз карандысыздыгына шек келтирип, коррупциялык механизмди түзөт деп эсептөөгө негиз жок. Судьянын көз карандысыздыгы институционалдык жана жол-жоболук механизмдердин системасы менен камсыздалган конституциялык кепилдик болуп саналат. Ал айрым квалификациялык критерийдин болушу же жоктугу менен чектелбейт. Көрсөтүлгөн талап сот адилеттигин ишке ашырууга кийлигишпейт, кабыл алынган соттук актылардын мазмунун аныктабайт жана сот адилеттигин ишке ашырууда судьяга таасир этүүчү укуктук инструменттерди белгилебейт. Кадрдык жол-жоболорду ак ниетсиз пайдалануунун мүмкүн болуучу тобокелдиктери мыйзамды колдонуу маселелерине тиешелүү жана кадрдык баалоонун объективдүүлүгүнүн жана ачыктыгынын мыйзамда каралган кепилдиктери менен алдын алууга жатат, ал эми мындай божомолдор, эгерде ал кызматтын милдеттери менен объективдүү түрдө акталса, квалификациялык талапка конституциялык баа берүүнү алмаштыра албайт. 22
Акырында, укуктук аныктык жөнүндө жүйө боюнча, Конституциялык сот Жогорку соттун судьясынын кызмат ордуна талапкерлерге карата квалификациялык талаптардын өзгөрүшү өзүнүн табияты боюнча келечекке багытталган аракетке ээ жана тандоонун жана шайлоонун кийинки жол- жоболорунда колдонулат деп эсептейт. Ал мурда ошол учурда колдонулган эрежелерге ылайык дайындалган судьялардын статусун кайра кароого багытталган эмес, ошондуктан өзүнчө алганда Жогорку соттун мурда түзүлгөн курамынын легитимдүүлүгү жана мурда кабыл алынган кадрдык чечимдердин мыйзамдуулугу маселесинде аныксызыдыкты жаратпайт. Жогоруда баяндалгандарды жыйынтыктоодо, каралып жаткан конструкция жогорку соттук кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптарды мыйзамдык жөнгө салуунун жол берилген моделдеринин бири болуу менен өзүнүн укуктук таасири боюнча ашыкча жана негизсиз тоскоолдук мүнөзүнө ээ болбойт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 37-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган бирдей укуктардын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн кепилдигин бузбайт, Конституциянын 56-беренесинин 2-бөлүгүнүн маанисинде укуктарды жана эркиндиктерди кемсинтүүгө алып келбейт жана жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2- бөлүгүнүн 2-пунктун, 4 жана 5-бөлүктөрүн, ―Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө‖ конституциялык Мыйзамдын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Ч Е Ч Т И:
1. ―Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө‖ Кыргыз
Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 1- бөлүгүнүн 2-абзацынын ―анын 3 жылы биринчи инстанцияда жана 2 жылы экинчи инстанцияда‖ деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосу 23
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 37-беренесинин 3-бөлүгүнө, 56-беренесинин 2-бөлүгүнө, 94-беренесинин 3-бөлүгүнө жана 95- беренесинин 5-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан
тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга тийиш.
4. Бул Чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий
басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун расмий сайтында жана ―Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысында‖ жарыялансын. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ №________ 24
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 138 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 138
- Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууКонституционный закон · 05.08.2024 · № 159