Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Тилек Алмазбекович Алмазбековдун, Кутман Бактыбекович Кубатбековдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 146-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун а), б) пунктчаларынын, 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча чечим
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН Тилек Алмазбекович Алмазбековдун, Кутман Бактыбекович Кубатбековдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 146-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун а), б) пунктчаларынын, 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча ЧЕЧИМИ 2024-жылдын 2-октябры Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: төрагалык кылуучу –
Э.Ж. Осконбаев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, К.А Дуйшеев,
Л.Ч. Жолдошева, Л.П. Жумабаев, М.Ш. Касымалиев, К.Дж. Кыдырбаев,
Ж.А. Шаршеналиев курамында, катчы К. Маамыталы кызынын,
кайрылуучу тарап – Тилек Алмазбекович Алмазбековдун, жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Саматбек Кыштообекович Ысырановдун, үчүнчү жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Алмазбек Тавалдыевич Молдобаевдин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү
Наргиза Маратовна Бабаеванын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишеним кат боюнча өкүлдөрү Бекболот Абдыганыевич Алиевдин, Саламат Журсунбекович Журсунбековдун, Азат Аясбекович Алманбетовдун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ишеним кат боюнча өкүлдөрү Мелс Шерикбаевич Аттокуровдун, Мээрим Шайлообековна Джураеванын, Эмир Балтабаевич Тайлаковдун, Айсулуу Замировна Мамбеталиеванын катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 4,17, 40, 45-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 146-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун а), б) пунктчаларынын, 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык сот отурумунда карап чыкты. Бул ишти кароого Т.А. Алмазбековдун, К.Б. Кубатбековдун кайрылуусу себеп болду жана талашылып жаткан ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү маселесинде пайда болгон аныксыздык негиз болду. Ишти соттук отурумда кароого даярдаган судья-баяндамачы
К.А.Дуйшеевдин маалыматын угуп, иштин материалдарын карап чыгып,
тараптардын жана үчүнчү жактардын пикирлерин угуп, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Т А П Т Ы: 2023-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна Т. А. Алмазбековдун, К. Б. Кубатбековдун Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары – СК) 146-беренесинин 1- бөлүгүнүн 1-пунктунун а), б) пунктчаларынын, 2-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесинин 4,5-бөлүктөрүнө, 63- 2
беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Өтүнүчтүн мазмунунан көрүнүп тургандай, Салык кодексинин талашылып жаткан ченемдери салык кызматынын органдары менен банктын жана төлөм уюмунун/төлөм тутумунун операторунун (мындан ары – банктар) ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелерин жөнгө салат. Алсак, салык кызматынын органдарынын суроо-талабынын негизинде банктар 3 жумушчу күндүн ичинде салык төлөөчүлөрдүн номерлерин көрсөтүү менен алардын эсептеринин ачылышы, жабылышы жана бар экендиги жөнүндө, уюмдардын жана жеке ишкерлердин эсептериндеги жүргүзүлгөн операциялар, ошондой эле салык кызматынын органынын тиешелүү чечими бар болсо, жерине баруу менен же камералык текшерүүдө алардын эсептеринин учурдагы абалы жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Арыз ээлери ошондой эле банктар реалдуу убакыт режиминде жүргүзүлгөн төлөмдөр тууралуу маалыматты берүүгө милдеттүү деген ченемди талаштуу деп эсептешет. Кайрылуу субъекттери негиздөө катары Конституциянын 29- беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүнө шилтеме жасашат, алар адамдын макулдугусуз анын жеке жашоосу жөнүндө купуя маалыматтарды жана маалымдамаларды чогултууга, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга тыюу салат, муну менен алардын корголушун, анын ичинде укукка жат аракеттерден улам келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу укугун камсыздоо менен соттук коргоого кепилдик берет.
Т.А. Алмазбеков жана К.Б. Кубатбеков көрсөтүлгөн конституциялык
жоболор өзүнүн мааниси жана мазмуну боюнча адамга берилген жана мамлекет тарабынан кепилденген өзү жөнүндө маалыматты көзөмөлдөө укугу жеке жана интимдик маалыматтардын ачыкка чыгышына жол бербөө мүмкүнчүлүгүн билдирет деп эсептешет. Демек, анын жеке жашоосуна 3
тиешелүү кандай маалымат сыр бойдон калууга тийиш экенин жеке өзү гана аныктоого укуктуу. Өтүнүчтө, укуктук көз караштан алганда, жеке жашоо материалдык эмес баалуулук катары эркин жана жөнгө салуучу укуктук таасирге дуушар болбошу керек, бирок сырттан, анын ичинде мамлекет тарабынан өзүм билемдик менен кийлигишүүдөн мыйзамдык коргоону талап кылаары баса белгиленет. Бул коргоо жол берилген жана мыйзамдуу кийлигишүүнүн чектерин белгилөө аркылуу жүзөгө ашырылууга тийиш, ал бир эле маалда жеке турмуштун кол тийбестигинин чектерин да аныктайт. Башкача айтканда, мындай маалыматтарды чогултууга жана жайылтууга адамдын өзү расмий түрдө кимдир-бирөөгө ишенип тапшырган жана мыйзамга ылайык чогултулган, сакталган, пайдаланылган жана жайылтылган маалыматтарга карата гана жол берилет. Болбосо, бул конституциялык кепилдиктердин тарышына алып келет. Бул укукту ишке ашырууга мамлекеттин кийлигишүүсү мүмкүн болгон учурларда мыйзам мындай чараларды улуттук коопсуздукту жана коомдук тартипти, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын коргоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында гана карашы керек. Ушуга байланыштуу, арыз ээлери мамлекеттеги инсандын эркиндигинин деңгээли, саясий режимдин демократиялуулугу жана гумандуулугу түздөн-түз жарандардын жеке жашоо-турмушунун кол тийбестигинин кепилдигинин деңгээлинен көз каранды экендигин белгилейт, ал эми мамлекеттин кийлигишүүсү катуу чектелиши керек жана мыйзамда так каралган өзгөчө учурларда гана мүмкүн. Мындан тышкары, кайрылуунун авторлору мамлекетти жеке маалыматтарды коргоого кепилдик берүүгө милдеттендирген Конституциянын 63-беренесинин 2-бөлүгүн көрсөтүшөт, бул Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 17-статьясына жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 12-статьясына ылайык келет. 4
Алсак, бул конституциялык кепилдикти аткарууда жана эл аралык актылардын көрсөтүлгөн ченемдерине ылайык, “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө” Мыйзамда жеке маалыматтар конкреттүү адам жөнүндө материалдык сактоочуларда жазылган маалымат, ал конкреттүү адам менен окшоштурулат же окшоштурулушу мүмкүн, ушул адамды түз же кыйыр анын биологиялык, экономикалык, маданий, жарандык же социалдык иденттүүлүгү үчүн мүнөздүү болгон бир же бир нече факторлорго шилтеме жасоо жолу менен идентификациялоого мүмкүндүк берет. Финансылык абалы жөнүндө маалымат да аталган Мыйзамга ылайык жеке маалыматтарга кирет (3-берене). Жогоруда аталган Мыйзамдын 24-беренесине ылайык, жеке маалыматтар массивин кармоочу маалыматтарды башка кармоочуга жеке маалыматтар субъектинин макулдугусуз өткөрүп бере турган негиздер белгиленген. Кардарлардын финансылык абалы жөнүндө маалымат бул тизмеге киргизилген эмес, муну менен банктар тарабынан аны өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылат. Ошентип, кайрылуунун субъекттери жеке маалыматтар жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде банктын кардарларынын финансылык абалы жөнүндө маалыматтарды мыйзамсыз алуу, пайдалануу жана жайылтуу жеке адамдын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирет же коркунуч жаратат деген тыянакка келишет. Колдонуудагы жоболор да реалдуу убакыт режиминде банктык сыр катары корголгон купуя маалыматты алууга ашыкча кеңири дискрециялык ыйгарым укуктарды берүү менен салык кызматынын органдарынын ыйгарым укуктарын негизсиз кеңейтүүгө көмөктөшөт. Бул кыянаттык менен пайдалануу коркунучун жаратат, анткени салык органдары жарандардын жана уюмдардын жеке финансылык маалыматтарына тиешелүү көзөмөлсүз жана чектөөсүз жеткиликтүүлүк алышат. 5
Баяндалгандарды эске алып, Т.А. Алмазбеков жана К.Б. Кубатбеков талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келет таанууну өтүнүшөт. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 26-майындагы аныктамасы менен Т.А. Алмазбековдун, К.Б. Кубатбековдун кайрылуулары өндүрүшкө кабыл алынган. Соттук отурумдун жүрүшүндө кайрылуучу тарап өзүнүн талаптарын колдоп, аларды канааттандырууну өтүндү. Жоопкер тараптын өкүлү катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү С. К. Ысыранов арыз ээсинин жүйөлөрү менен макул болгон жок жана талашылып жаткан жобо Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт.
С.К. Ысыранов Конституциянын 29-беренеси “Жеке укуктар жана
эркиндиктер” деген II главасына тиешелүү экендигин, ошол эле учурда жеке укуктар жана эркиндиктер адамга гана мүнөздүү экендигин, бирок жеке ишкер статусу бар адамга жана/же юридикалык жакка мүнөздүү эместигин белгилейт. Ушуга байланыштуу, арыз ээлеринин Конституциянын 29-беренесине шилтеме кылуусу жана адам укуктары менен эркиндиктерине байланыштуу кайрылууда келтирилген башка жүйөлөрү негизсиз, анткени Салык кодексинин талашылып жаткан жобосу салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүдө салык кызматынын органдарынын суроо-талабынын негизинде аларга банктар тарабынан маалыматтарды берүү маселесин жөнгө салат. Мындай учурларда банктар салык кызматынын органдарына жеке жактар боюнча эсептердин ачылышы, жабылышы жана бар экендиги жөнүндө маалыматтарды гана ачыкка чыгарышат. Көрсөтүлгөн маалыматтарды банктардан алган салык кызматынын органдары “Банктар жана банк иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 67- беренесине ылайык, жеке жактардын эсептеринде жүргүзүлгөн операциялар 6
жөнүндө маалыматка жеткиликтүүлүк алуу үчүн сот органдарына кайрылууга милдеттүү. Конституцияда купуя маалыматтарды берүүнүн укуктук негиздери жана мыйзамда каралган учурларда анын ээсинин макулдугусуз берүүнүн шарттары түздөн-түз белгиленген.
С.К. Ысыранов, ошол эле учурда Салык кодексинин 146-беренесине
ылайык, банктар тарабынан берилүүчү маалыматка карата талаптар жана тартиби Улуттук банк менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан белгилене тургандыгын баса белгилейт. Ошентип, мыйзам чыгаруучу купуя маалыматка жетүүнү чектөөгө багытталган чараларды караган жана банктык сырды түзгөн маалыматтарды банктардан алуу үчүн негиздерди, тактап айтканда, салыктык текшерүү жүргүзүүдө салык кызматынын органдарынан тиешелүү суроо-талабынын болушун караган. Жогоруда көрсөтүлгөн негиздер жок болгон учурда банктар салык кызматынын органдары сураган маалыматтарды берүүдөн баш тартууга милдеттүү. Ошентип, Салык кодексинде салык кызматынын органдары жана банктар тараптан кыянаттык менен пайдаланууларды болтурбоо үчүн коргоо механизмдери каралган. Жоопкер тараптын өкүлү “Банктар жана банк иши жөнүндө” Мыйзамдын 66-беренесине ылайык, Салык кодексинин талашылып жаткан ченемдеринде көрсөтүлгөн маалымат банктык сырды камтыган маалыматтарга кирет деп эсептейт. Ошол эле учурда жогоруда аталган Мыйзамдын 67-беренесинин 3- бөлүгүндө банктык сырды түзгөн маалыматтар Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салуу максатында ыйгарым укуктуу салык органына банк тарабынан берилет деп көрсөтүлгөн. Ошентип, банктык мыйзамдар салык органдарын банктык сырлар ачылып берилүүчү жактардын катарына таандык кылат. 7
Ошол эле учурда “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын 13- беренесине ылайык, купуя маалымат деп мыйзамга же маалымат ээсинин чечимине ылайык жеткиликтүүлүгү чектелген, анын ичинде банктык сырды түзгөн маалымат таанылат. Жогоруда айтылгандардын негизинде С.К. Ысыранов Конституция укуктардын жана эркиндиктердин эле эмес, ошондой эле милдеттердин бирдиктүүлүгү принцибине негизделгенин, демек салыктарды төлөө, ага тете Конституцияны жана мыйзамдарды сактоо, башкалардын укуктарын, эркиндиктерин, ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоо боюнча конституциялык милдетти аткаруудан эч ким өзүм билемдик менен четтей албайт деп белгилейт. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү А.Т. Молдобаев жоопкер тараптын өкүлүнүн позициясына окшош позицияны билдирди. Юстиция министрлигинин өкүлү Н.М. Бабаева Салык кодексинин талашылып жаткан ченемдери Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Н.М.Бабаева белгилегендей, талашылып жаткан ченемдерди кабыл
алуу Президенттин чакан бизнести өнүктүрүүдө туруктуу прогрессти камсыз кылуу, салык жол-жоболорун санариптештирүү боюнча азыркы экономикалык шарттарга салык мыйзамдарын шайкеш келтирүү, бизнес жүргүзүү үчүн бирдей шарттарды түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча жарлыктарын ишке ашырууга багытталган. “Банктар жана банк иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 66-беренесине ылайык банктык сыр – бул келишим түзүлгөнгө чейинки мамилелерди кошо алганда, банктык ишти жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө кардар тарабынан банкка берилген, же болбосо банк тарабынан түзүлгөн же болбосо банк менен кардардын өз ара мамилелерине байланыштуу башкача келип чыккан бардык маалыматтар. 8
Алсак, жогоруда аталган Мыйзамдын 67-беренесинин 1, 3 жана 5- бөлүктөрүнө ылайык, банк банктык сырды түзгөн маалыматты, ушул беренеде башкача каралбаса, кардардын өзүнчө жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча кандай болбосун жактарга берүүгө укуктуу. Банктык сырды түзгөн маалыматтар банк тарабынан, анын ичинде ыйгарым укуктуу салык органына – салык мыйзамдарына ылайык салык салуу максатында берилет. Банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүүдө банктын кардарларынын макулдугу талап кылынбайт. Ошол эле учурда Н.М. Бабаева Салык кодексинде суроо-талап кылынган, банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүү боюнча банктын милдеттүүлүгү белгилендигин белгилейт. Муну менен бирге “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамдын 24-беренесинин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацына ылайык жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) ал маалыматтарды башка кармоочуга (ээсине) жеке маалыматтар субъектинин макулдугусуз жеке маалымат субъектинин кызыкчылыгын коргоо үчүн өтө зарыл болгон учурда; мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суроо- талабы боюнча, эгерде суралып жаткан жеке маалыматтардын тизмеги сурап жаткан органдын ыйгарым укугуна ылайык келсе; мыйзамдарынын негизинде өткөрүп берүүгө укуктуу. Ошентип, мыйзамдар банктарга салык кызматынын органдарынын суроо-талабынын негизинде маалыматтарды (банктык сырды) берүүгө жол берет. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү С.Ж. Журсунбеков да талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт жана Юстиция министрлигинин өкүлүнүн позициясына окшош позициясын билдирди. 9
Буга кошумчалай С.Ж. Журсунбеков жүргүзүлгөн төлөмдөр жөнүндө маалыматты реалдуу убакыт режиминде берүүнү милдеттендирген ченемди жол-жоболоштуруу сунушу банктардан түшкөнүн белгилейт. Бул накталай эмес төлөм инструменттерин колдонууда контролдук-кассалык машиналарга (мындан ары – ККМ) муктаждыкты жоюу максатында жасалган. Эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен салыктык башкарууну өркүндөтүүгө багытталган иштин жыйынтыгы боюнча талашылып жаткан ченем бекитилген жана стратегиялык багыттар иштелип чыккан, алардын арасында негизгилеринин бири – реалдуу убакыт режиминде жасалган төлөмдөр жөнүндө маалыматтарды банктардан алуу жол-жоболорун автоматташтыруу болуп саналат. Бул өзгөртүүлөр салык кызматынын органдарына аралыктан контролдоо ыкмалары үчүн аналитикалык инструменттер системасын түзүү аркылуу юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге карата салыктык контролду оптималдаштырууга мүмкүндүк берет. Бул салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн заманбап электрондук ыкмаларына өтүүнү камсыз кылат жана накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу инструменттерин колдонуучу субъекттерди контролдук-кассалык машиналарды колдонуудан бошотот. Бул юридикалык жактардан жана жеке ишкерлерден керектүү маалыматтарды толук чогултууну камсыздап, салык төлөөчүлөр үчүн электрондук кызматтардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет жана жөнөкөйлөтөт. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү белгилегендей, азыркы учурда салыктык отчеттуулукту түзүүнү автоматташтыруу боюнча иштеп чыгуулар жүрүп жатат, анда салык төлөөчү автоматтык түрдө түзүлгөн маалыматты аралыктан текшерүү жана тастыктоо аркылуу минималдуу катышат. Системада буга чейин зарыл алгоритмдер иштелип чыккан жана үчүнчү жактардын маалымат базаларынан маалыматтарды, анын ичинде кыймылдуу 10
жана кыймылсыз мүлктөр жөнүндө маалыматтарды чогултуу функциялары интеграцияланган. Ошентип, С.Ж. Журсунбеков жүргүзүлгөн төлөмдөр жөнүндө маалыматты алуу системанын толук иштеши үчүн маанилүү жана милдеттүү компоненти болуп саналат деп эсептейт. Ошондой эле салыктык контролдоо иш-чараларынын жүрүшүндө соода- сатык – тейлөө ишканалары товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуунун негизги каражаты катары жеке адамдардын электрондук капчыктарын жана банктык карталарын колдонгон фактылар аныкталганы баса белгиленген. Акыркы эки айдын ичинде 3 290го жакын мындай соода-сатык – тейлөө ишканалары (анын ичинде «Мбанк», «Оденьги», «Элсом», «Оптима Банк» жана башкалар) ачылган, мында коммерциялык банктар жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан натыйжалуу көзөмөл жок.
С.Ж. Журсунбеков мындай терс көрүнүштөр өз кезегинде көмүскө
экономиканын масштабынын өсүшүнө өбөлгө болуучу факторлордун бири болуп саналат, бул потенциалдуу түрдө мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдүн азайышына алып келет деп белгилейт. Автоматташтырылган тутумду өнүктүрүү салык кызматынын органдарынын салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү аналитикалык мүмкүнчүлүктөрүн да жогорулатат. Аталган тутум электрондук капчыктар жана банктык карталар аркылуу мыйзамсыз финансылык операцияларды аныктоо жана аларга бөгөт коюу максатында жыйынды маалыматтарды чогултат жана жеке адамдар үчүн ишкердиктин белгилерин аныктоо боюнча белгиленген критерийлердин алкагында аларды кайчылаш текшерүү үчүн трансакциялардын аналитикасын жана мониторингин жүргүзөт. Анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү текшерүү дайындалып, текшерилип жаткан жеке адамдардын эсептеринде жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалыматтарды берүү жөнүндө соттун чечимин алуу иштери жүргүзүлөт. 11
Бир ай ичинде бир электрондук капчыкка ар кандай жеке адамдардан он же андан ашык төлөмдөрдүн системалуу түрдө түшүүсү же аномалдуу чоң суммалардын түшүүсү, кооптуу операцияларды аныктоо үчүн иштелип чыккан тутум тарабынан көзөмөлдөнөт, мында бул капчыктагы акча каражаттарынын андан ары кыймылын көзөмөлдөөгө жол бербейт. Маалыматтар келип түшүүлөр жана төлөмдөрдү алуучулар боюнча гана келип түшөт, мында юридикалык жана жеке жактар боюнча маалыматтарды айырмалоо маанилүү. Жеке жактарга карата кооптуу операцияларды аныктоо каралган (фильтрацияланат), ал эми юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн маалымат толук көлөмдө берилиши керек.
С.Ж. Журсунбеков бул иш-чараларды ишке ашыруу салык
кызматынын органдарына салыктык тескөөнү өз компетенциясынын чегинде сапаттуу жана объективдүү жүргүзүүгө, салыкты туура эмес эсептөө учурларын олуттуу кыскартууга жана жерине баруу менен жүргүзүлгөн салыктык текшерүүлөрдүн санын кыскартууга мүмкүндүк берерин баса белгилейт. Буга тобокелдикке багытталган мамиленин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана салыктык текшерүүлөрдүн контактсыз (аралыктан) текшерүү формаларын көбөйтүүнүн эсебинен жетишилет. Натыйжада салык төлөөчүлөрдүн салык мыйзамдарын сактоосу үчүн зарыл шарттар түзүлөт, бул салыктык контролду өркүндөтүүгө, салык жол-жоболорун санариптештирүүгө жана көмүскө экономиканы кыскартууга оң таасирин тийгизет. Мындан тышкары, С.Ж. Журсунбеков салык кызматынын органдарына банктык сырды түзгөн маалыматтарды банктар тарабынан берүүсүнүн зарылдыгын тастыктаган эл аралык практиканы белгиледи. Америка Кошмо Штаттары, Улуу Британия, Германия Федеративдүү Республикасы, Франция, Канада, Австралия жана Сингапур сыяктуу бир катар өнүккөн өлкөлөрдө салык төлөөдөн качууга жана акчаны адалдоого жол бербөө үчүн банктар бул маалыматты салык органдарына берүүгө милдеттүү. 12
Финансы секторунан салык кызматынын органдарына маалыматтарды берүү тажрыйбасы эл аралык уюмдар, анын ичинде Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму (мындан ары – ЭКӨУ) тарабынан колдоого алынат. 2014-жылы ЭКӨУ стандартты кабыл алган, ал боюнча салык органдары трансчек аралык финансылык ишмердүүлүктүн ачык- айкындуулугун жогорулатуу жана салык төлөөдөн качууну болтурбоо үчүн салык төлөөчүлөрдүн каржылык эсептери жөнүндө маалымат менен автоматтык түрдө алмашып турат. Натыйжада ЭКӨУга мүчө өлкөлөр салык органдарына бул маалыматты берүүгө банктарды милдеттендирет. Кыргыз Республикасы да эл аралык коомчулуктун бир бөлүгү катары маалымат алмашуу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат, бул каралып жаткан ченемди өзгөчө актуалдуу кылат. Эл аралык практиканы талдоо көрсөткөндөй, көпчүлүк өлкөлөр салык органдарына банктык маалыматтарга жетүүнү камсыздайт. ЭКӨУнун жылдык отчеттору банктык маалыматтарды эффективдүү пайдалануу жеке маалыматты коргоо сыяктуу эле маанилүү экендигин баса белгилейт. Жогоруда баяндалгандардын негизинде С.Ж. Журсунбеков Салык кодексинин талашылып жаткан ченемдери Конституцияга толук көлөмдө шайкеш келет деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын калган өкүлдөрү Б.А. Алиев, А.А. Алманбетов С.Ж. Журсунбековду колдошту. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү жоопкер тараптын өкүлүнүн позициясына окшош позицияны карманышат жана талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептешет. Муну менен бирге Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө банктык сырга тиешелүү жана салык кызматынын органдарына берилүүгө тийиш болгон маалыматтардын тизмеси Кыргыз Республикасындагыга караганда кеңири экендигин белгилешти. 13
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, үчүнчү жактардын пикирлерин угуп, иштин материалдарын карап чыгып, төмөнкүдөй тыянакка келди.
1. “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө”
конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык сот кайрылууда козголгон предмет боюнча анын ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө карата гана актыларды чыгарат. Ошентип, бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун кароосунун предмети болуп төмөндөгүдөй редакцияда баяндалган Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 146- беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун а), б) пунктчалары, 2-бөлүгү саналат: 146-берене. Салык кызматынын органдарынын банк жана төлөм уюму/төлөм тутумунун оператору менен өз ара аракеттенүүсү
1. Салык кызматынын органдары менен өз ара аракеттенүү максатында
банктар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) салык кызматынын органдарынын суроо-талабынын негизинде 3
жумуш күндүн ичинде төмөнкүлөр жөнүндө маалымат берүүгө:
а) номерлерин көрсөтүү менен салык төлөөчүлөрдүн эсептеринин
ачылышы, жабылышы жана бар экендиги жөнүндө,
б) уюмдардын жана жеке ишкерлердин эсептеринде жүргүзүлүүчү
операциялар жөнүндө, ошондой эле алардын эсептериндеги учурдагы абал жөнүндө маалыматты:
– көчмө текшерүүнү жүргүзүүдө;
– салык органынын чечими бар болгон учурда, камералык текшерүүнү
жүргүзүүдө;
2. Салык кызматынын органдары менен өз ара аракеттенүү максатында
банктар жана төлөм уюмдары/төлөм тутумунун операторлору жүргүзүлгөн төлөмдөр жөнүндө маалыматты реалдуу убакыт режиминде берүүгө милдеттүү.». Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Салык кодекси мыйзамда белгиленген тартипте кабыл алынып, “Эркин-Тоо” 14
гезитинин 2022-жылдын 19-январындагы № 4-9 санына жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп саналат.
2. Азыркы коомдо жашоонун сапатын ар бир адамдын жеке жашоосуна
укугу жок элестетүү мүмкүн эмес. Жеке жашоо-турмуш – бул адамдын жеке эркиндигинин жана эркинин автономиясынын негизи, мында ар бир адамга ал дүйнөгө эмнени жана канчалык деңгээлде ачып берүүгө даяр экендигин жана анын жеке өзүнө эмне тиешелүү жана кол тийбес бойдон кала берээрин өзүнө чечүүгө укук берилет. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир адамдын жеке турмушунун кол тийгистигин, абийиринин жана ар- намысынын корголушун кепилдейт, мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, адамдын макулдугусуз купуя маалыматты, анын жеке турмушу тууралуу маалыматты мыйзамсыз жыйноодон, сактоодон, пайдалануудан жана жайылтуудан коргоо, анын ичинде соттук коргоо кепилденет, ошондой эле анын жеке турмушуна укуксуз кийлигишүү менен келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуртуп алуу укугуна кепилдик берилет (Конституциянын 29-беренесинин 1, 4, 5-бөлүктөрү). Адамдын жеке жашоосу өзүнүн мейкиндигинде сактагысы келген анын ойлору менен сезимдерин, ынанымдарын жана ички ой-толгоолорун, жакындары жана башка адамдар менен болгон мамилелерин гана камтыбастан, ошондой эле жеке мүнөздөгү бүткүл маалыматты камтыган кыйла кеңири концепти билдирет. Буга, албетте, адам жөнүндө жеке маалыматтар кирет: анын аты-жөнү, жашаган дареги, аны санариптик мейкиндикте идентификациялоочу, ошондой эле анын материалдык абалын аныктоочу маалыматтар, биографиялык фактылар, медициналык маалымат жана башкалар. Жеке жашоо-турмуш, маңызы боюнча, адамдын белгилүү бир жеке чектерде активдүү жашоо-турмушун жүргүзүүгө реалдуу мүмкүнчүлүгүн 15
билдирет жана башка адамдардын, коомдун, ошондой эле мамлекеттин өзүнөн өзүм билемдик менен кийлигишүүсүнөн шартсыз мамлекеттик корголууга жатат. Жеке жашоо-турмуштун кол тийгистиги – бул индивиддин бир катар өзүнчө укуктарын камтыган, курамы боюнча татаал укуктук институт: адамдын жеке жашоосу жөнүндө маалыматты анын макулдугусуз жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга тыюу салуу, өзү жөнүндө маалыматты көзөмөлдөө укугу, ар-намысын жана жакшы атын коргоо укугу, өзүнүн жеке маалыматтарын жана каржылык абалы жөнүндө маалыматтарды коргоо укугу. Өзүнүн маңызы боюнча жеке жашоо-турмушта жеке эркиндигинин жана кол тийгистиктин болушу өлкөдө демократиянын бар экендигинин негиз түзүүчү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат.
3. Мамлекет ар бир адамга жеке маалыматтарынын корголушун
кепилдейт. Жарандардын жеке маалыматтарына жеткиликтүүлүк, аларды алуу мыйзам менен каралган учурларда гана жүзөгө ашырылат (63- берененин 2-бөлүгү). Жеке мүнөздөгү маалыматтар деп конкреттүү адам жөнүндө материалдык сактоочуларда жазылган маалымат болуп саналат, ал конкреттүү адам менен окшоштурулат же окшоштурулушу мүмкүн, ушул адамды түз же кыйыр анын биологиялык, экономикалык, маданий, жарандык же социалдык иденттүүлүгү үчүн мүнөздүү болгон бир же бир нече факторлорго шилтеме жасоо жолу менен идентификациялоого мүмкүндүк берет (“Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамдын 3-беренеси). Жеке маалыматтарды коргоонун маңызы жеке маалыматтардын купуялуулугун, тактыгын, актуалдуулугун жана толуктугун камсыз кылууда, ошондой эле уруксатсыз кирүүгө, ачыкка чыгарууга же өзгөртүүгө жол бербөөдө турат, андыктан жеке маалыматтар ага мыйзамдуу негиздери бар адамдарга гана жеткиликтүү болушу керек. 16
Жеке маалыматтарды коргоо коопсуздукту, купуялуулукту жана адам укуктарын сактоону камсыз кылуу үчүн зарыл, анткени алар тийиштүү түрдө корголбосо, белгилүү бир адамга карата зыян келтирүү же ага каршы мыйзамсыз аракеттерди жасоо үчүн колдонулушу мүмкүн болгон кандайдыр бир деңгээлде жашыруун болгон маалыматтарды (мисалы, медициналык жазуулар, финансылык маалыматтар, жашаган дареги) камтышы мүмкүн. Жеке маалыматтар фишинг же социалдык инженерия сыяктуу чабуулдардын ар кандай түрлөрү үчүн да колдонулушу мүмкүн. Маалыматтарды талаптагыдай коргоо кибер чабуул коркунучун минималдаштырууга жардам берет. Ошол эле учурда конституциялык-укуктук мааниcинде жеке маалыматтарды коргоо укугу абсолюттук мүнөзгө ээ боло албайт, тиешелүү түрдө аны чектөөгө мыйзамда каралган учурларда, натыйжалары коомдун жалпы жыргалчылыгын өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик органдардын аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруудагы ишиндеги кепилдик берилген натыйжага жетүү максатында чектөө мүмкүндүгүнө жол берилет (“Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамдын 5-беренесинин 1-бөлүгү, 19- беренесинин 1-бөлүгү).
4. Конституция адамдын укугун жана эркиндигин жогорку баалуулук
деп жарыялайт (Конституциянын 23-беренесинин 1-бөлүгү). Ошол эле учурда жарандарга укуктар жана эркиндиктер гана берилбестен, ошондой эле аларга жалпы мамлекеттик мааниге ээ конституциялык - укуктук милдеттер жүктөлгөн, аны аткаруудан бүткүл коомдун бакубаттыгы көз каранды. Ар бир адам Конституцияны жана мыйзамдарды сактоого, башка адамдардын укуктарын, эркиндиктерин, ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоого милдеттүү. Ата мекенди коргоо Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыйык парзы жана милдети. Ар бир адам курчап турган чөйрөнү, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоого жана аяр мамиле жасоого милдеттүү. Баланын өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын 17
камсыз кылуу жоопкерчилиги ар бир ата-энеге, камкорчуларга жана көзөмөлчүлөргө жүктөлөт. Эмгекке жарамдуу, жашы жеткен балдар ата- энесине кам көрүүгө милдеттүү. Ар бир адам мыйзамда каралган учурларда жана тартипте салыктарды жана жыйымдарды төлөөгө милдеттүү (Конституциянын 26-беренесинин 2-бөлүгү, 27-беренесинин 3-бөлүгү, 49- беренесинин 3-бөлүгү, 50-беренеси, 53-беренесинин 3-бөлүгү, 54- беренесинин 1-бөлүгү). Бул милдеттер Конституциянын жарандардын укуктарынын, алардын милдеттеринин жана бүтүндөй коомдун кызыкчылыктарынын ортосундагы гармонияны камсыз кылууга умтулуусун чагылдырат. Мында ар бир адамдын салыктарды жана жыйымдарды төлөө боюнча коомдук-укуктук милдети мамлекеттик бийликтин мүнөзү, салыктарды бүтүндөй мамлекеттин ишмердигинин финансылык негизинин фундаменталдуу элементи катары түшүнүү менен аныктала тургандыгын өзгөчө белгилей кетүү керек. Андыктан салыктык укук мамилелери бийликтик инструменттерге негизделип, тармактык мыйзамдарда императивдик ченемдердин колдонулушу менен мүнөздөлүшү бекеринен эмес. Муну менен катар эле мамлекеттик бийлик органдарына мамлекеттик мажбурлоо жолу менен бир тараптуу-катуу тартипте тиешелүү салыктардын суммасын өндүрүп алуу укугу берилген, ал эми салык төлөөчү тиешелүү салыктарды төлөө түрүндө мамлекеттик бюджетке белгилүү бир взносту төлөөгө милдеттүү. Салыктык милдеттенме деп мыйзамда каралган өлчөмдө салыктарды төлөө милдети түшүнүлөт, ал эми салык салуу механизми аларды алуунун толуктугун жана өз убагында алынышын, ошол эле маалда ыйгарым укуктуу органдардын жана алардын кызмат адамдарынын ишинин мыйзамдуулугун камсыз кылууга тийиш. Мамлекеттин бүткүл аймагында анын салыктарды белгилөө жана киргизүү укугун таануу менен бирге, салык системасы мамлекеттин өзүнүн кызыкчылыгында гана эмес, бүткүл коомдун жана анын ар бир мүчөсүнүн 18
кызыкчылыгында иштейт деп түшүнүү керек. Бул, өз кезегинде, салык салуу эрежелерин белгилөө жана колдонуу процессинде жеке адамдын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо зарылдыгын жаратат. Бир жагынан, салыктар мамлекеттин кирешелеринин негизги булагы болуп саналат, ага өз функцияларын аткаруу үчүн зарыл болсо, экинчи жагынан, салыктарды белгилөөдөгү эң маанилүү милдет болуп мамлекеттин жана салык төлөөчүлөрдүн кызыкчылыктарынын ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылуу саналат. Кыргыз Республикасынын укук системасында мамлекеттик бийлик органдары тарабынан салыктарды укук ченемдүү киргизүүгө жана салык төлөөчүлөрдүн аларды төлөө боюнча милдеттенмелерин ак ниет аткаруусуна кепилдик берүүчү түрдүү механизмдер бар. Ар бир адамдын аталган жүктөмдү өз убагында аткаруусуна багытталган контролдук механизмдердин бири болуп банктардын жана төлөм уюмдарынын/төлөм тутумунун операторлорунун салык органдарына тиешелүү суроо-талаптын негизинде, ошондой эле реалдуу убакыт режиминде өз кардарлары жөнүндө маалыматтарды берүү милдети саналат.
5. Салык органдарынын банктан салык төлөөчүлөрдүн номерлерин
көрсөтүү менен эсептердин ачылышы, жабылышы жана бар экендиги жөнүндө, уюмдардын жана жеке ишкерлердин эсептериндеги жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө, жүйөлүү суроо-талап болгондо алардын эсептеринин учурдагы абалы жөнүндө маалыматтарды талап кылууга укугун бекемдеген Салык кодексинин 146-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун а), б) пунктчаларынын талашылып жаткан жоболору, ошондой эле банктардын жана төлөм уюмдарынын/төлөм тутумунун операторлорунун жеке жана юридикалык жактар тарабынан жүргүзүлгөн төлөмдөр жөнүндө реалдуу убакыт режиминде салык органдарына өткөрүп берүү милдеттенмесин белгилеген Салык кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгүнүн жобосу объективдүү жана Конституцияга карама-каршы келбеген негиздерге ээ. 19
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту төмөнкү тыянактарга негизденүү менен ушул корутундуга келди. Төлөмдөрдүн тездик менен өсүп жаткан көлөмдөрүнүн жана онлайн соода-сатыктын кеңейүүсүнүн шарттарында, ошондой эле ишкердик субъекттеринин технологиялык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн өсүшүнө байланыштуу накталай эмес чекене төлөмдөрүнүн санынын туруктуу өсүү тенденциясы орун алууда. Накталай эмес төлөмдөрдүн алкагында дебеттик жана кредиттик карталар, мобилдик банкинг, электрондук капчыктар, QR коддору жана POS-терминалдар сыяктуу ар кандай төлөм инструменттери бар, алар товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөдө бардык банк кардарларына накталай эмес чөйрөгө өз төлөмдөрүнүн олуттуу бөлүгүн которууга, өз убактысын жана каражатын орчундуу үнөмдөөгө мүмкүндүк берүүдө. Бирок, жаңы төлөм инструменттеринин пайда болушу жана калктын төлөөнүн накталай эмес түрүнө активдүү өтүшү ишкердик субъекттеринин ишмердигин салыктык тескөө системасы үчүн да тобокелдиктерди жаратат, анткени ак ниет эмес ишкерлер салыктарды төлөөдөн качуу үчүн бул жагдайларды манипуляциялай алышат, бул ишкердик субъекттердин акча агымдарынын көмүскөгө кетүүсү менен кооптуу. Салык кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгүнүн колдонуудагы мазмунунда мыйзам чыгаруучунун логикасы боюнча дал ушул маселенин коюлгандыгы көрүнүп турат, ал салык органдарына белгилүү бир тобокелдиктерди камтыган бардык күмөндүү финансылык операцияларды көрүүгө жана талдоого мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда аталган ченемдин колдонулушу тобокелдик фактору бар күмөндүү финансылык операцияларды аныктоо менен гана чектелгендигин белгилей кетүү керек, анткени программалык-аппараттык комплекстин жардамы менен салык органдары тарабынан маалыматтарды алуу реалдуу убакыт режиминде алдын ала берилген критерийлердин негизинде керектүү маалыматтарды автоматтык тандап алуу менен жүзөгө 20
ашырылат жана башка маалыматтарды суроого байланыштуу мындай операциялар боюнча мамлекеттик органдардын бардык андан аркы аракеттери соттун чечими менен санкцияланууга тийиш. Мындан тышкары, «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамга ылайык, жеке маалыматтардын максаттарын, категорияларын аныктоо жана жеке маалыматтарды жыйноо, сактоо, иштетүү жана пайдалануу ыйгарым укуктары жүктөлгөн мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана юридикалык жактар жеке маалыматтардын массивдерин кармоочулар (ээлери) болуп саналат, аларга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан Жеке маалыматтардын массивин кармоочулардын реестринде каттоодон өткөндөн кийин мындай маалыматтар менен иштөөгө уруксат берилет. Жеке маалыматтар массивинин кармоочусу (ээси), эгерде суралган жеке маалыматтардын тизмеси суроо-талап кылган органдын ыйгарым укуктарына ылайык келсе, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суроо-талабы боюнча жеке маалыматтардын субъектисинин макулдугусуз бул маалыматтарды башка кармоочуга (ээсине) берүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамга ылайык жеке маалыматтардын массивинин ээси (ээси) болуп саналат жана Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын реестринде катталган. Мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын жарандардын жеке турмушунун чөйрөсүнө киришинин тереңдигин алдын ала белгилеген Конституциянын ченемдери ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органына жүктөлгөн милдеттерди, анын ичинде ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга байланыштуу ага белгилүү болуп калган жеке жашоо- турмушу жөнүндө маалыматтарга карата да аныктайт. Алсак, мыйзамдар 21
мамлекеттик органдарды – жеке маалыматтардын массивдерин кармоочуларды аларга берилген укуктарды мыйзамга ылайык пайдаланууга жана өз ишинде жарандардын жана уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузууга жол бербөөгө милдеттендирет, бул өз функцияларын аткарууга байланыштуу ага белгилүү болуп калган банктык аманаттар жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарууга жол берилбестикти болжолдойт. Эгерде ага карата банктардагы же башка кредиттик мекемелердеги депозиттери жөнүндө маалымат суралып жаткан жаран анын укуктары жана эркиндиктери бузулду деп эсептесе, ал кызмат адамдарынын аракеттерине жогору турган кызмат адамына даттанууга же аларды коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу; жасалган укук бузуулар жана жоруктар үчүн мамлекеттик органдардын кызмат адамдары мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылышат; алар тарабынан жарандарга жана уюмдарга келтирилген зыян жарандык мыйзамдарда каралган тартипте орду толтурулууга тийиш. Ошентип, Салык кодексинин 146-беренесинин 1 жана 2-пункттарынын өз ара байланышкан жоболорунун, банктар жана төлөм уюмдары/төлөм тутумунун операторлору үчүн ыйгарым укуктуу салык органынан өзүнүн милдеттерин жана функцияларын аткарууга байланыштуу ага – жеке адамдардын, уюмдардын акчалай аманаттары жөнүндө маалыматтарды берүү талабынын милдеттүүлүгүнө тиешелүү бөлүгүндө, алардын конституциялык- укуктук чечмелөөсүндө, ыйгарым укуктуу салык органы бардык субъекттердин салык төлөө конституциялык милдетинен келип чыккан салык милдеттенмелерин аткаруусуна контролду жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик функциянын алкагында иш алып барууда жеке жактардын банктык салымдары жөнүндө маалыматтарды берүүнү талап кылууга укуктуу, ал эми банк, башка төлөм уюму/төлөм тутумунун оператору мындай маалыматтарды мыйзамда белгиленген чектерде берүүгө милдеттүү дегенди билдирет. 22
6. Ошол эле учурда банктык эсептердин бар экендиги жана эсептеги
акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө маалыматтар, биринчи кезекте, мындай маалыматтарды жеке мүнөздөгү маалымат эмес, банктык сырга кирген маалыматка таандык кылуу көз карашынан каралат, анткени банктык сырга кирген маалымат банк менен кардардын ортосундагы мамилелерден келип чыгат, ал эми жеке мүнөздөгү маалымат адамдын жашоосунун көптөгөн чөйрөсүнөн келип чыгат жана “жеке мүнөздөгү маалымат” түшүнүгү жалпыланган мүнөзгө ээ. Ошентип, Конституция мамлекеттик сыр, жеке турмуштун купуялуулугу, жеке жана үй-бүлөлүк сырлар, кат алышуунун, телефондук сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграфтык жана башка билдирүүлөрдүн купуялуулугу сыяктуу маалыматтардын өзгөчө укуктук режимдерин баштапкы мыйзамдаштырууну жүзөгө ашырат. Мыйзам чыгаруучу тарабынан киргизилген бир катар өзгөчө маалымат режимдери Конституцияда белгиленген эмес, бирок мааниси жана багыты боюнча алар келтирилген маалыматтын конституциялык режимдери менен тыгыз байланышта. Алсак, адамдын жеке жашоосуна, жеке сырына кол тийбестик жана анын макулдугусуз жеке турмушу жөнүндө маалыматтарды жайылтууга жол берилбестик конституциялык кепилдиктеринен ар бир адамдын банктык эсептери жана банктык салымдары жөнүндө маалыматтарды, түрлөрү жана көлөмдөрү мыйзам менен белгиленген башка маалыматтардын купуя сакталышына укугу да, ошондой эле банктардын жана башка кредиттик уюмдардын банктык сырды сактоо боюнча тиешелүү милдеттери, ошондой эле мыйзамда жана укук колдонууда бул укукту камсыз кылуу боюнча мамлекеттин милдети сыяктуу банктык сырдын бар экендигине негизденет. Ошентип, Конституция рыноктук мамилелердин табиятынын келип чыгуучу экономикалык ишмердиктин эркиндигинин шарты жана жарандардын өз мүлкүн ишкердик жана мыйзам тарабынан тыюу салынбаган башка экономикалык ишмердүүлүк үчүн эркин пайдалануу укугунун 23
кепилдиги, ошондой эле жарандардын жеке турмушу, анын ичинде алардын материалдык абалы жөнүндө маалыматты коргоонун жана жеке турмуштун купуялыгын коргоонун ыкмасы катары банктык сырдын укуктук режимин жана мыйзамдык жөнгө салуунун негиздерин аныктайт. Алсак, Граждандык кодекстин 773-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, банк банктык эсеп жана банктык аманат, эсептер боюнча операциялар, кардарлар жөнүндө маалыматтардын жана банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн мамилелердин жүрүшүндө банкка маалым болгон же ага ишенип билдирилген кандай болбосун маалыматтардын купуя сакталышын кепилдейт. Ушуга байланыштуу, аталган Кодекстин көрсөтүлгөн беренесинин 2- бөлүгүнө ылайык банк сыры болгон маалыматтар кардардын өзүнө же анын өкүлүнө гана берилиши мүмкүн. Мамлекеттик органдарга жана алардын кызмат адамдарына мындай маалыматтар мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте гана берилиши мүмкүн. Ошентип, банктын банктык сырды жана анын негизги объекттерин, анын ичинде эсептер боюнча операциялардын купуялуулугун, банктык сырга укугу бар субъекттерди, алардын милдеттерин жана жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыз кылуу боюнча милдеттенмесин белгилеп, мыйзам чыгаруучу ошол эле учурда банкка жүктөлгөн, мыйзам менен аныкталган банктык сырды сактоо милдеттенмесинин чегин да караган. Ошол эле учурда банктык сыр түшүнүгүн кеңири чечмелөөдөн алыс болуу керек, анткени Конституция укук бузуу же кылмыш жасалгандыгын айгинелеген маалыматтарды купуялуулук режим менен коргобойт. Демек, купуялуулуктун конституциялык режими мыйзамдуу түрдө алынган буюмдарга жана документтерге гана тиешелүү. Кылмыштын белгилеринин болушу маалыматтарды жашырындуулук режиминен чыгаруу үчүн жетиштүү негиздерди берет. Кылмыштын куралдары, кылмыштуу жол менен алынган маалыматтар жана документтер маалыматты коргоо режимине 24
кирбейт жана мыйзамдарды юридикалык чечмелөө көз карашынан алганда да, акылга сыярлык көз карашынан алганда да ага кирбеши керек. Бирок, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жеке адамдардын эсептери жана аманаттары жөнүндө маалыматтарды кредиттик уюмдар аркылуу берүү менен, кандайдыр бир абсолюттук катары, банктык сырдан четтөөнүн дүйнөлүк тенденциясын белгилей кетүү зарыл. Бул тенденция, биринчи кезекте, терроризмди каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого каршы күрөшүүгө, ошондой эле салыктык жана башка финансылык кылмыштарды аныктоого багытталган кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн ролунун жогорулашы менен шартталган, буга байланыштуу укукка каршы жосундарды териштирүүдө банк сырын мыйзамдуу коомдук кызыкчылыкка салыштырмалуу чоң баалуулук катары кароого болбойт. Ошентип, мыйзамда банктык сырдан четтөөлөрдү бекитүү – демократиялык укуктук мамлекеттин конституциялык принцибине, мамлекеттин адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин эң жогорку баалуулук катары урматтоо жана коргоо, мыйзамдарда жана укук колдонууда алардын тең салмактуулугун камсыз кылуу милдетине, Конституциянын үстөмдүгүнө жана анын жогорку юридикалык күчүнө, экономикалык ишмердүүлүктүн эркиндигине жана ишкердик кылуунун эркиндигине негизденет – мында өзүм билемдиктин болушу мүмкүн эмес. Мындай четтөөлөр адилеттүүлүктүн талаптарына жооп берип, конституциялык маанилүү баалуулуктарды, анын ичинде жарандардын жеке жана коомдук укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн адекваттуу, өлчөмдөш жана зарыл болууга тийиш. Алар тиешелүү конституциялык укуктардын маңызын козгобошу керек, башкача айтканда, бул укуктарды бекемдеген конституциялык жоболордун негизги мазмунунун чектерин жана колдонулушун чектебеши керек жана улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти камсыз кылуу, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо, 25
башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо зарылчылыгы менен гана акталышы мүмкүн. Ошентип, мыйзамда банктык сырдан четтөөлөрдү бекитүү демократиялык укуктук мамлекеттин конституциялык принцибине, мамлекеттин адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин эң жогорку баалуулук катары урматтоо жана коргоо милдетине негизделет. мыйзам чыгарууда жана укук колдонууда алардын тең салмактуулугун камсыз кылуу, Конституциянын үстөмдүгүн жана анын эң жогорку юридикалык күчүн, эркин экономикалык ишмердүүлүктү жана эркин ишкердикти - өзүм билемдик болушу мүмкүн эмес. Бүтүндөй коомго жана анын ар бир мүчөсүнө карата мажбурлоонун ар кандай ыкмаларын мыйзамдуу түрдө колдонууга монополияга ээ болгон мамлекет мындай ишмердикти так жөнгө сала алат, анын ичинде мамлекеттик-бийликтик ыйгарым укуктар берилген адамдар тарабынан өзүм билемдик жүрүм-турумду жана башка укукка каршы жүрүм-турумду болтурбоого багытталган белгилүү бир чектөөлөрдү жана тыюу салууларды киргизүү аркылуу, мамлекет менен инсандын кызыкчылыктарынын ортосундагы билинбеген балансты так сактоо менен жөнгө сала алат. Ушуга байланыштуу, мыйзам жоболору формалдуу аныктык, тактык, укуктук ченемдердин ачык-айкындыгы жана кош мааниде эместиги жана колдонуудагы укуктук жөнгө салуу системасында алардын шайкеш келүү талаптарына жооп бериши керек, анткени алардын укуктук аныктыгы укуктук ченемдерди бир түрдүү түшүнүү жана чечмелөө шартында гана камсыздалат. Укуктук аныктык принцибинин талаптарын сактабоо карама- каршылыктуу укук колдонуу практикасын пайда кылат, аларды бир мааниде эмес чечмелөө жана өзүм билемдик менен колдонуу мүмкүнчүлүгүн түзөт, муну менен адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин бузууга алып келиши мүмкүн. Жогоруда айтылгандардан, Салык кодексинин 146-беренесинин 2- бөлүгүнүн жоболорунан келип чыгуучу салык кызматынын органдары менен 26
банктардын жана төлөм уюмдарынын/төлөм тутумунун операторлорунун ортосундагы өз ара аракеттенүү тартибин мыйзам алдындагы актыларда андан ары деталдуу жөнгө салууда, мамлекеттик органдар тарабынан адам факторун жана ар кандай кыянаттык менен пайдаланууларды жокко чыгарган иш-аракеттердин алгоритмин түзүү зарылдыгы келип чыгат. Мындай мыйзам алдындагы акт болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 363 токтому менен бекитилген Банктар, төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору тарабынан салык органдарына маалымат берүү тартиби саналат, анда банктар жана төлөм уюмдары тарабынан жүргүзүлгөн төлөмдөр жөнүндө маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүүнүн так механизми, салык мыйзамдарын бузган ишкердик субъекттерди аныктоо максатында салыктык текшерүүнү баштоо үчүн маалыматтарды тандоонун конкреттүү критерийлери менен камтылууга тийиш. Ошентип, Конституциялык сот тарабынан Салык кодексинин талашылып жаткан ченемдеринин колдонулушу банктык сырларга укук коомдун коомдук кызыкчылыктарына жана конституциялык мааниге ээ максаттарга өлчөмдөш келген чектөө катары бааланат, алардын бири эффективдүү салыктык башкаруу болуп саналат. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, 4 жана 5- бөлүктөрүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Ч Е Ч Т И:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 146-беренесинин 1-
бөлүгүнүн 1-пунктунун а), б) пунктчалары, 2-бөлүгү Кыргыз 27
Республикасынын Конституциясынын 29-беренесинин 4,5-бөлүктөрүнө, 63- беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан
тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Бул Чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий
басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун расмий сайтында жана “Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысында” жарыялансын. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ 28
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 146-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар…Постановление · 04.07.2024 · № 363