Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жарандар Д.Ж. Акматовдун жана Д.Д. Бекешевдин кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринин 54¹-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө
Расмий тилден мамлекеттик тилге которулган КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН Даниэль Жеңишбекович Акматов менен Дастан Далабаевич Бекешевдин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017- жылдын 23-июнундагы №407 токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринин 541- пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча Ч Е Ч И М И 2022-жылдын 21-декабры Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: төрагалык кылуучу
К.А. Дуйшеев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, Л.П. Жумабаев,
Л.Ч. Жолдошева, М.Ш. Касымалиев, К.Дж. Кыдырбаев,
Ж.А. Шаршеналиевдин курамында, катчы К. Маамыталы кызы:
кайрылуучу тарап – Даниел Жеңишбекович Акматовдун; жоопкер тараптар – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Каныбек Таалайбекович Кошоковдун, Курбанбек Максытбекович Атамалиевдин;
үчүнчү жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Медер Кеңешович Жусуповдун, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Азамат Маратович Джаманкуловдун, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Бакытбек Кемелевич Шералиевдин жана Руслан Канатбекович Канатбековдун катышуусу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 17, 40, 45- беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017- жылдын 23-июнундагы № 407 токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринин 541- пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык сот отурумунда карап чыкты. Бул ишти кароого Даниэль Жеңишбекович Акматов менен Дастан Далабаевич Бекешевдин өтүнүчү себеп болгон. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы №407 токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринин 541-пунктунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүү маселесинде пайда болгон аныксыздык бул ишти кароого негиз болду. Ишти сот отурумунда кароого даярдаган судья-баяндамачы М.Р. Бобукееванын маалыматын угуп, жана иштин материалдарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту
Т А П Т Ы: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 2022-жылдын 8- июлунда Д.Ж. Акматов жана Д.Д. Бекешевдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринин 541-пунктунун Конституциянын 15-беренесинин 1, 2- бөлүктөрүнө, 23-беренесинин 3-бөлүгүнө, 40, 41-беренелерине ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. 2022-жылдын 13-сентябрында өтүнүчтүн авторлору мурда берилген өтүнүчкө кошумча талашылып жаткан ченемди Конституциянын 24- беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүүнү да суранышат. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2022-жылдын 15-сентябрындагы чечими менен бул өтүнүч өндүрүшкө кабыл алынган. Сот отурумунда Д.Ж. Акматов талаптарын колдоду жана төмөндөгүлөрдү белгиледи. Конституциянын 15-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 2-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык Кыргыз Республикасында менчиктин жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка түрлөрү бирдей таанылат жана корголот. Менчик кол тийгис, эч ким өз менчигинен өзүм билемдик менен ажыратылышы мүмкүн эмес, мурастоо укугу кепилденет. Кайрылуу субъектиси Негизги Мыйзамдын 40, 41-беренелери ар бир адамдын өз мүлкүнө, өзүнүн ишинин натыйжаларына ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугуна кепилдик берилери көрсөткөн. Ар бир адам экономикалык эркиндикке, өзүнүн жөндөмүн жана мүлкүн мыйзам тарабынан тыюу салынбаган ар кандай экономикалык иш үчүн эркин пайдаланууга укуктуу.
Менчик укугунун юридикалык мааниси Граждандык кодекстин 222- беренесинде ачылган, ага ылайык менчик укугу – бул бул субъектинин ага таандык мүлккө ээлик, аны пайдалануу жана тескөө боюнча таанылган жана мыйзам актылары менен кайтарылуучу укук. Өз кезегинде, тескөө укугу мүлктүн юридикалык тагдырын аныктоонун юридикалык камсыз кылынган мүмкүнчүлүгүн билдирет.
Д.Ж. Акматов рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт
каражаттарынын кузовун алмаштырууга тыюу салууну белгилеген талашылып жаткан ченем мүлктү тескөө укугун чектейт, демек, жарандык мыйзамдардын жана Конституциянын жогоруда көрсөтүлгөн жоболоруна карама-каршы келет деп ырастайт. Арыз ээси Конституциянын 23-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин чектеген мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынаарын белгилейт. Ошого карабастан, Өкмөттүн токтомунун мыйзам алдындагы актысынын структуралык элементи болгон талашылып жаткан ченем Конституциянын 40-беренесинде бекитилген ар бир адамдын өз мүлкүн эркин тескөө укугун чектейт. Конституциянын 24-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана 2- бөлүгүнө ылайык эч ким жынысына, расасына, тилине, майыптуулугу, этностук таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырланышы басмырланышы мүмкүн эмес; Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей. Арыздануучу тарап рулдук башкаруусу сол тарабында жайгашкан транспорт каражаттарынын ээлери кузовду алмаштырууга мүмкүнчүлүгү бар экенин, ал эми талашылып жаткан ченемге ылайык рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарынын кузовун алмаштырууга тыюу салынганын белгилейт. Бул жагдай рулдук башкаруусу ар кандай болгон транспорт каражаттарынын ээлерин мүлктүк негизде бирдей эмес абалга коет,
ошентип, кайрылуу субъекттеринин пикири боюнча басмырлоого жол бербөө жана мыйзам менен сот алдында бардыгы тең укуктуулуктун конституциялык принциптери бузулууда. Баяндалганды эске алуу менен, кайрылуу субъектиси талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну суранат. Жоопкер тараптын өкүлү К.Т. Кошоков арыз ээлеринин жүйөлөрү менен макул эмес жана талашылып жаткан ченемдик жобо Конституцияга карама- каршы келбейт деп эсептейт.
К.Т. Кошоков рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт
каражаттарынын кузовун алмаштырууга тыюу салууну киргизүүгө 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Жол кыймылы жөнүндө конвенцияга кошулушу себеп болгонун белгилейт, аны ишке ашырууда « Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Мыйзамы рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарынын катышуусу менен өлкөдө транспорт каражаттарынын жолдун оң жагы менен жүрүүсү аныкталган. Өлкөдө мурда түзүлгөн оор экономикалык кырдаалдан улам рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарынын алып кирүү иш жүзүндө контролго алынган эмес, бул кийинчерээк жол кыймылынын эрежелерин бузуулардын санынын көбөйүшүнүн себептеринин бири болуп калган, натыйжада жол кырсыктарынын санынын көбөйүшү бүткүл республика боюнча жол кыймылынын абалынын начарлашына алып келген. Буга байланыштуу, “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Мыйзамдын 21-беренесинин 6-бөлүгү менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу транспорт каражаттарынын башка түрлөрүн кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын каттоо, пайдаланууга жол берүү жана жол кыймылына катышуу үчүн алып кирүүгө тыюу салынган. Бирок, К.Т.Кошоков белгилегендей, тыюу салуу рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарынын номурдук түйүндөрүн жана
агрегаттарын алып кирүүгө таасирин тийгизген жок, бул жарандарга рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын запастык же курама бөлүктөр катары өздөрүнө тиешелүү унааларын жаңыртуу үчүн тоскоолдуксуз алып кирүүгө мүмкүндүк берди. Жоопкер-тараптын өкүлү Кыргыз Республикасынын автожолдорунда транспорт каражаттарын эксплуатациялоодо коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында жогоруда белгиленген тыюу салуу киргизилгендигин белгилейт. Мында талашылып жаткан ченем менчиктен ажыратуу дегенди болжобойт жана алардын мүлкүнө кол салбайт, автотранспорт каражатына менчик укугу мурунку эле деңгээлде корголот жана мурастоо укугу кепилденет. Жоопкер тараптын өкүлү транспорт каражаты өтө кооптуу булак болуп саналгандыктан, ага ээлик кылуу, аны пайдаланууну жана тескөөнү кошумча, анын ичинде чектөөчү мүнөздөгү жөнгө салууну талап кылат деп эсептейт. Баяндалгандарга таянып,К.Т. Кошоков кайрылуучу тараптын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырууну суранат. Жоопкер тараптын дагы бир өкүлү К.М. Атамалиев К.Т. Кошоковдун жүйөлөрүн колдоду. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Туруктуу өкүлү М.К. Жусупов жоопкер тараптын өкүлдөрү менен бирдей көз карашты карманат. Мында ал «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Мыйзамдын 3-беренесине ылайык жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуунун негизги принциптери болуп чарбалык ишкердүүлүктүн экономикалык натыйжалары үчүн жол кыймылына катышкан жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна артыкчылык берүү экендигин белгилейт. 2021-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан талашылып жаткан ченем менен катар Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата
менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди, аларга ылайык, жарандардын жана уюмдардын арызы боюнча айрым учурларда ведомстволор аралык комиссия карап чыгып, рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарынан сырткары, мурда жараксыздалган транспорт каражаттарын каттоо боюнча корутунду чыгара алат Буга байланыштуу М.К. Жусупов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин белгиленген чечиминде өзүм билемдик менен менчиктен же менчик укугунан ажыратуу жөнүндө кеп жок деп эсептейт. Андан ары ал «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Мыйзамдын 14-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, каттоодон өткөрүлгөн транспорт каражаттарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга таасир этүүчү конструкциясына, анын ичинде курама бөлүктөрүнүн конструкциясына, кошумча жабдык буюмдарына, запастык бөлүктөрүнө жана шаймандарына киргизилген өзгөртүүлөр техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш экендигин белгилейт. 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 51-беренесине ылайык продукцияга карата бирдиктүү милдеттүү талаптар ушул бирликтин Техникалык регламенттеринде белгиленет жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин аймактарында түздөн-түз иштейт. Алсак, Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы аймагында дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына, алар чыгарылган жерине карабастан, жүгүртүүгө жана эксплуатациялоого жана бирдиктүү транспорт каражаттарын жүгүртүүгө чыгарууда талаптарды белгилеген “Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” Бажы биримдигинин Техникалык регламенти Кыргыз Республикасынын аймагында 2016-жылдын 12- февралынан тартып күчүнө кирген.
Көрсөтүлгөн Техникалык регламенттин 19-пунктуна ылайык рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарынын айрым категорияларын жүгүртүүгө чыгарылышы тыюу салынат. Аталган Техникалык регламенттин 20-пунктуна ылайык эксплуатацияда турган транспорт каражаттары үчүн алмаштыруучу (запастык) бөлүктөр катары жүгүртүүгө чыгарылган компоненттер транспорт каражатына орнотулган учурда ал транспорт каражаты болуп жүгүртүүгө чыгарылган учурдагы деңгээлге карата анын коопсуздук деңгээлин төмөндөтпөйт. Алдын ала техникалык экспертизанын жүрүшүндө транспорт каражаты анын конструкциясына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин жүгүртүүгө чыгарылган учурда күчүндө болгон Техникалык регламенттин талаптарына шайкештигинин сакталгандыгы күбөлөндүрүлөт. Техникалык регламенттин 9-тиркемесинде транспорт каражатынын конструкциясына киргизилүүчү айрым өзгөртүүлөргө карата талаптар орнотулган.
М.К. Жусупов жарандардын өмүрүн, ден соолугун жана мүлкүн коргоо,
алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле жол-транспорт кырсыктарын болтурбоо, алардын кесепеттеринин оорчулугун азайтуу жолу менен коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасы мыйзам чыгаруучу тарабынан киргизилген тыюуну эске алуу менен жарандардын рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражатын (кузову алмаштырылган) каттоо укугун чектөө боюнча конституциялык ыйгарым укуктарга ээ жана бул аракеттер "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамда көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш келет. Ал киргизилген чектөө өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерине ылайык жол коопсуздугун камсыздоого багытталган атайын чара деп болжолдойт. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү А.М. Джаманкулов окшош аргументтерди келтирди жана жоопкер-тараптын өкүлдөрүнүн позициясын карманат.
Мында ал талашылып жаткан ченем менен киргизилген чектөө мыйзам чыгаруу актысынын деңгээлинде жөнгө салынышы керек деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү Б.К. Шералиев жана Р.К. Канатбековдун жоопкер-тараптын өкүлдөрүнүн позициясын карманат. Мында Б.К. Шералиев, эгерде мурда кыймылдаткыч автотранспорттун кузову менен бирге мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болсо, учурда транспорт каражатынын кузову гана катталууга тийиш экендигин белгиледи. Анткени транспорт каражатынын кузову транспорт каражатынын маркалоосунун идентификациялык белгиси бар жана конструкциясынын негизги компоненти болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тараптардын жүйөлөрүн, үчүнчү жактардын көз караштарын талкуулап, иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкүдөй тыянактарга келет.
1. «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө»
конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык сот кайрылууда козголгон предмет боюнча анын ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө карата гана актыларды чыгарат. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун бул иш боюнча кароо предмети болуп төмөнкүдөй мазмундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринин 541-пунктусу саналат: «54-1. Рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарынын кузовун алмаштырууга тыюу салынат.». “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтому мыйзамда белгиленген тартипте кабыл алынып,
“Эркин-Тоо” гезитине 2017-жылдын 18-июлунда № 82 (2807) санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп саналат.
2. Конституциянын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык адамдын
укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирет. Алар түздөн-түз колдонулат, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишинин мааниси менен мазмунун аныктайт. Адамдын укуктарын жана эркиндиктерин түздөн-түз колдонулушун таануу – адам Негизги Мыйзамды жетекчиликке алып, ага шилтеме жасап өз укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууга, ошондой эле бузулган учурда аларды коргой алат дегенди билдирет. Мында адам укуктары менен эркиндиктеринин түздөн-түз колдонулушу Конституциянын түздөн-түз колдонулушу жана жогорку юридикалык күч принциби менен тыгыз айкалышып, ченем жаратуу ишинин негизги багыты болуп саналат. Ошентип, жогорудагы конституциялык принцип бардык мамлекеттик органдардын адам жана жарандын укуктарын камсыз кылууга, кайтарууга жана коргоого багыт алуусун болжолдойт. Мамлекеттик органдар ар бир жарандын өмүрүнө, ден соолугуна жана коопсуздугуна укугун коргоо жаатында ченемдик укуктук базаны түзүүдө ушул ыкмаларды жетекчиликке алышы керек. Бул укуктар жарандардын ажырагыс жогорку байгерликтери болуп саналат жана мамлекет аларга кимдир бирөөнүн кол салуусуна тоскоолдук кылуучу бардык зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү. Конституциянын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ар бир адам ажыратылгыс жашооукугуна ээ. Бул укук абсолюттук болгондуктан, эл аралык келишимдерде да, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунунн курамдык бөлүгү болуп саналган Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 3-беренесинде жана Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 6-беренесинин 1-бөлүгүндө бекитилген.
Жашоо укугу ар кандай субъект тарабынан адамөмүрүнөзүм билемдик менен кыюуга тыюу гана салбастан, мамлекеттин адам өмүрүн коргоо үчүн жоопкерчилигин да болжолдойт. Ал мамлекеттик компетенциянын ар кандай чөйрөсүндө жүзөгө ашырылат, бул милдетти бардык мамлекеттик бийлик органдары тарабынан ишке ашырууну билдирет, эгерде алардын иш-аракети адамдардын өмүрүнө, ошондой эле индивиддин ден соолугуна коркунуч менен байланышкан болсо, башка субъекттерге карата анын контролдоо функцияларын талап кылат. Негизги Мыйзам адамдын өмүрүн жана ден соолугун эң жогорку конституциялык баалуулук катары таануунун негизинде аларды коргоо боюнча конституциялык кепилдиктер системасы тарабынан камсыздалган мамлекеттик милдеттердин мүмкүн болушунча кеңири көлөмүн талап кылат. Дал ушул максаттар үчүн ченем жаратуучу орган, өзгөчө адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн күчөгөн коркунуч булактарынын ажырагыс катышуусу менен туруктуу коркунучка дуушар болгон чөйрөлөрдө тобокелдиктерди минималдаштырууга же жалпысынан аларды жоюуга багытталган укуктук механизмдерди киргизүүгө укуктуу.
3. Конституция конституциялык түзүлүштүн негиздерин аныктап
жатып, алардын мазмунуна жеке менчикти таанууну, аны менчиктин башка түрлөрү менен бирге мыйзам менен коргоону киргизген (15-берене). Ар бир адам өзүнүн мүлкүнө, өзүнүн ишинин натыйжаларына ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу (40-берене). Негизги Мыйзам ошондой эле ар бир адамдын экономикалык эркиндикке, мыйзам менен тыюу салынбаган ар кандай экономикалык ишмердүүлүгү үчүн өз жөндөмүн жана өзүнүн мүлкүн эркин колдонуу укугун бекиткен (41-берене). Кепилденген экономикалык эркиндиктин көлөмүн аныктап жатып бул укуктун мазмуну жеке жана коомдук кызыкчылыктардын айкалышын жүзөгө ашыруу менен мамлекет жана инсандын ортосундагы мамилелер чөйрөсүндө иштейт.
Алсак, менчик ээси өзүнө таандык мүлккө карата мыйзамдарга каршы келбеген жана башка жактардын укуктарын жана мыйзам тарабынан корголгон таламдарын бузбаган ар кандай аракеттерди жасоого, анын ичинде өзүнүн мүлкүн башка жактын менчигине ээликтен ажыратып берүүгө, менчик ээси болуп туруп мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө боюнча өзүнүн укугун аларга өткөрүп берүүгө, мүлкүн күрөөгө коюуга жана аны башка ыкмалар менен нарктоого, мүлкүн дагы башкача пайдаланууга укуктуу.. Ошол эле учурда менчик укугу мыйзам чыгаруучу тарабынан негизги конституциялык баалуулуктарды эске алуу менен чектелиши мүмкүн, анткени ал жогоруда аталган ыйгарым укуктардын үч бүтүндүгүн жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн гана эмес, ага, анын ичинде мүлктүн айлана-чөйрөдөгүлөр үчүн өтө коркунучтуулугун эске алуу менен чектөөлөрдү жана милдеттерди да жүктөөнү билдирет. Экономикалык эркиндик, менчик укугу сыяктуу эле, жарандар ар дайым ээ болууга умтулган баалуулуктардын бири болуп саналат. Бирок ал экономикалык кызыкчылыктарды сактоону гана эмес, башкалардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камтыган социалдык жоопкерчиликтин да болушун болжойт. Ошон үчүн, кандай гана мамлекет болбосун экономикалык эркиндик менен коомдук кызыкчылыктарды айкалыштыруу жана тең салмактуулукту сактоо абдан маанилүү. Бул чөйрөдө тең салмактуулукту камсыз кылуучу негизги укуктук жөнгө салуучу Конституция болуп саналганына карабастан, анда бекитилген негизги принциптер жана ченемдер, анын ичинде коомдук тартипти жана калктын саламаттыгын коргоону эске алуу менен тармактык мыйзамдарда андан ары уланат жана такталат. Мындан индивид менчик укугун жана экономикалык эркиндикке болгон укугун ишке ашырууда коомдук коопсуздуктун элементтери менен орнотулуучу коомдун жана мамлекеттин жашоосунун орундуу иштешин камсыз кылуучу өрткө каршы, санитардык, жол жана башка эрежелерди белгилеген мыйзамдардын талаптарына карама-каршы келбегендей, ошондой
эле башка адамдардын укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын бузбай аракеттенүүсү келип чыгат. Ошентип, менчик укугун жана экономикалык эркиндикке болгон укукту ишке ашыруу Негизги Мыйзамдын 53-беренесинин 1-бөлүгүнүн мазмуну менен үндөшүүгө тийиш, андан белгиленген укуктарды башка адамдардын укуктары жана эркиндиктери менен мамилештирүү жөнүндө талабы келип чыгат.
4. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 24-статьясынын
3-бөлүгүнө жана 1007-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык транспорт каражаты,
б.а. адамдарды жана жүктөрдү же атайын орнотулган жабдыктарды жол
аркылуу ташууга арналган түзүлүш, ошондой эле тракторлор жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналар («Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Мыйзамдын 2-беренеси) кыймылдуу буюмдардын категориясына кирет жана өтө коркунучтун булагы болуп саналат. Ушул сыяктуу мүнөздөмөнү эске алуу менен транспорт каражаттары эл аралык жана мамлекеттик стандарттарда жана техникалык шарттар менен орнотулуучу коопсуздуктун талаптарына, медициналык-санитардык ченемдерге, эмгекти коргоо жана экологиялык ченемдерге ылайык келүүгө, ошондой эле белгиленген тартипте катталууга тийиш («Транспорт жөнүндө» Мыйзамдын 12-беренеси). Автотранспорт каражаттарын өтө кооптуу булактарга киргизүү - алар үчүн өзгөчө укуктук режимди, анын ичинде мындай транспорт каражаттарынын бардык ээлери үчүн аларды эксплуатациялоого киргизүүнүн өзгөчө эрежелерин орнотууну шарттайт. Демек, калктын коопсуздугун, өмүрүн жана ден соолугун коргоону камсыз кылган мындай талаптардын жана эрежелердин орнотулушу басмырлоо катары каралышы мүмкүн эмес. Транспорттук каражаттарды мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) башкалардан сырткары Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жерлерде жол кыймылына жана (же) эксплуатациялоого катышууга уруксат берүү максатында жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасында
чыгарылган, алып келинген жана жана пайдаланылып жаткан жер үстүндө жүрүүчү бардык транспорт каражаттары транспорт чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) жатат Транспорт каражаттарын каттоо жана эсепке алуу жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири болуп саналат, бул транспорт каражаттарынын ээлеринин транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда транспорт каражаттарын каттоо (кайра каттоо) боюнча милдеттерин пайда кылат. Автотранспорт каражаттарын каттоо (кайра каттоо) эрежелерин сактабагандыгы жана өз убагында каттоодон өткөрбөгөндүгү үчүн колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке алып келет. Ошентип, мыйзам чыгаруучу кыймылдуу мүлккө болгон менчиктин мазмунун жол-жоболоштурууда жана башка жактардын ден соолугун, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылууда транспорт каражаттарынын ээлеринин менчигинде турган объекттердин, аларды пайдалануу башкалар үчүн коркунучтун жогорулашына байланыштуу аларга ээлик кылуу менен байланышкан кошумча түйшүктү жүктөө менен өзгөчө мүнөздөмөлөрдү эске алган.
5. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун
Конституциялык палатасы жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн автомобилдин огуна карата алганда рулдук дөңгөлөгү оң тарабында жайгашкан автомобилдерди пайдаланууга "Автомобиль транспорту жөнүндө" Мыйзамдын 6-беренесинин 6-бөлүгү менен белгиленген тыюу салууга укуктук баа берген (2016-жылдын 16- ноябрындагы чечими). Алсак, аталган Чечимде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында оң тараптуу транспорт кыймылы белгиленген, ал жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында айдоочулук орундун бет маңдай келаткан кыймылга карай сол жагында болушун болжойт. Оң тараптуу кыймылды эске
алуу менен транспорт каражаттарынын жана жөө жүргөндөрдүн жүрүшүнүн уюштурулушунун инженердик тутуму куралат, ошондой эле кыймылды башкаруунун техникалык каражаттар менен жабдуу жүргүзүлүүдө (жол белгилери, жол светофорлору, жол бетиндеги белгилер). Бул Кыргыз Республикасы 2006-жылдын 13-февралында ратификациялаган Жол жүрүү Конвенциясынын 5-тиркемесинин (Автомобилдер менен прицептерге тиешелүү Техникалык шарттар) 59-пунктунун “с” пунктчасы менен шайкеш келет, ал жерде автомобилдин конструкциясы айдоочунун автомобилди коопсуз башкаруу үчүн маңдайынан, оң, сол жагынан бардыгын кенен көрүп турушун камсыз кылуу керек деп белгиленген. Андан ары, оң тараптуу кыймылдуу жолдо автомобилдин огуна карата алганда рулдук дөңгөлөгү оң тарабында жайгашкан автомобилдерди пайдалануу жол коопсуздугу үчүн артыкбаш коркунучту туудурат, бул жол коопсуздугу жана автотранспорт каражаттарын каттоо маселелерин караган ыйгарым укуктуу органдын транспорттордун катышуусу менен болгон жол кырсыктарынын анализи да менен тастыкталгандыгы белгиленген. Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу 2015-жылдын 3-июнунан тарта автомобилдин огуна карата алганда рулдук дөңгөлөгү оң тарабында жайгашкан автомобилдерди республикага киргизүүгө тыюу салган. Ошентип, өлкөдө белгиленген жолдун оң жагы менен жүрүүгө карама- каршы рулдук башкаруусу транспорт каражатынын жүрүү багытына карата оң тарабында жайгашкандыктан, коркунучтун күчөшүнүн булагы гана эмес, ошондой эле аны эксплуатациялоо учурунда жол кыймылынын коопсуздугуна коркунучту күчөтөт. Мына ошон үчүн мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын аймагында рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын каттоо, пайдаланууга жол берүү үчүн алып кирүүгө тыюу тыюу салууну киргизүү менен, аны аталган транспорт түрүнүн конструкциясынын түзүмдүк бөлүктөрүнө, анын ичинде кузовуна да жайылтууну болжогон.
Ал кузовдун кандай гана болбосун автоунаанын абдан маанилүү конструкциялык компоненттеринин бири болгондугу менен байланыштуу. Транспорт каражатынын массасы, башкаруусу жана коопсуздугу көбүнчө кузовдон көз каранды. Мындан тышкары, ал катталууга тийиш болгон уникалдуу идентификаторго (кузовдун сериясы, номери жана бөлүктүн жеке коду) ээ жана аны укуктук мамилелердин объектиси катары чыгууга мүмкүндүк берүүчү өз алдынча транспорт каражаты (мүлк) катары аныктайт. Демек, уникалдуу идентификаторго ээ болгон автоунаанын конструкциясынын негизги компоненти катары кузовду алмаштыруу – өзүнүн маңызы боюнча адам тарабынан транспорт каражатынын өз алдынчы бирдигин сатып алууга барабар. Транспорт каражаттарын каттоонун (кайра каттоонун) шарттарын жана эрежелерин аныктоо боюнча аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктары «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Мыйзамдын жоболорунан келип чыгат. Мындай укуктук жөнгө салуу, анын ичинде кузовду алмаштырууга тыюу салуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу зарылчылыгы менен шартталган, анын милдеттери: жарандардын өмүрүн, ден соолугун жана мүлкүн коргоо, жол кырсыктарын болтурбоо аркылуу алардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, алардын кесепеттеринин оордугун азайтуу болуп саналат. Ошентип, Конституциялык сот рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарынын кузовун алмаштырууга тыюу салуунун орнотулушу адамдын өмүрү жана ден соолугу сыяктуу коом үчүн маанилүү болгон ажыратылгыс байгерликти өзгөчө коргоонун конституциялык жактан бекитилген талабы менен шартталган, анткени менчик укугу мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу мүмкүндүгүн гана болжобостон, ошондой эле тиешелүү адамдардан мыйзам тарабынан жүктөлгөн милдеттерин аткарууну, анын ичинде мүлктүн башка адамдар үчүн коркунучунун жогорулашын эске алуу менен аткарууну талап
кылат. Демек, талашылып жаткан ченем менен орнотулган тыюу салуу чектөө болуп саналбайт жана жарандардын конституциялык укуктарын бузбайт. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, 4-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Ч Е Ч Т И:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы N
407 токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринин 541-пунктун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 23-беренесинин 3- бөлүгүнө, 24-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 40, 41-беренелерине карама- каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, ал жарыяланган учурдан
тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга тийиш.
4. Бул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий
басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун расмий сайтында жана “Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысында” жарыялансын. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 23.06.2017 · № 407 · Күчүн жоготкон