Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Джалал-Абад шаардык сотунун судьялары Калмамат уулу Алтынбектин жана Апысова Аида Айдаралиевнанын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 87-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө
Расмий тилден мамлекеттик тилге которулган КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН Жалал-Абад шаардык сотунун судьялары Алтынбек Калмамат уулу жана Аида Айдаралиевна Апысованын суроо-талабына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 87-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча Ч Е Ч И М И 2022-жылдын 29-июну Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, төрагалык кылуучу –
Э.Ж. Осконбаевдин, судьялар М.Р. Бобукееванын, К.А. Дуйшеевдин, Л.П.
Жумабаевдин, М.Ш. Касымалиевдин, К.Дж. Кыдырбаевдин, Ж.А. Шаршеналиевдин курамында, катчы Н.А. Кененсариеванын, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 2- бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 17, 38, 45-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 87-беренесинин 1, 2-
бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти жазуу жузүндөгү процедура боюнча карап чыкты. Жалал-Абад шаардык сотунун судьялары Алтынбек Калмамат уулу жана Аида Айдаралиевна Апысованын суроо-талабы бул ишти кароого себеп болду. Бул ишти кароого негиз болуп Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 87-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү маселесинде пайда болгон күмөндүүлүк саналат. Ишти соттук отурумга даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы Л.П. Жумабаевдин маалыматын угуп, келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Т А П Т Ы: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 2022-жылдын 1- апрелинде Жалал-Абад шаардык сотунун судьялары А. Калмамат уулу жана
А.А. Апысованын Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары
– Салык кодекси) 87-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн Кыргыз
Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 3, 4, 5-бөлүктөрүнө, 31-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө суроо- талабы келип түшкөн. Талашылып жаткан ченемдердин талаптарына ылайык Жалал-Абад шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматы тарабынан Жалал-Абад шаардык сотуна жеке жактардын жана уюмдардын жетекчилеринин өлкөдөн чыгуусун чектөө тууралуу 25 арыз берилген. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин (мындан ары - ЖПК) 142-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ишке катышуучу жактардын
арызы боюнча сот доону камсыз кылуу чараларын көрүшү мүмкүн. Эгерде мындай чараларды көрбөө соттун чечимин аткарууну кыйындатса же мүмкүн эмес кылса, доону камсыз кылууга сот доону өндүрүшкө кабыл алгандан кийин гана, ишти кароонун кайсы болбосун стадиясында жол берилет. Мында, кайрылуу субъектилеринин пикири боюнча ЖПКнын 144- беренеси доону камсыз кылуу чарасы катары жоопкердин өлкөдөн чыгуусун чектөөнү караштырбайт, бирок ошол эле мезгилде, зарыл учурларда сот (судья) доону камсыз кылуу боюнча аталган Кодекстин 142-беренесинде көрсөтүлгөн максаттарга жооп берген башка чараларды көрө алат деп бекитет. Ушуга байланыштуу Жалал-Абад шаардык сотунун судьялары, соттор ЖПКнын 142-беренесинин 2-бөлүгүнө негизденип, жарандардын өлкөдөн чыгуусун чектөө жөнүндө соттук актыларды чыгарууга укуктуубу деген суроо коюшууда, анткени Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 30-майындагы чечими менен, эгер арыз ээсине карата сотко жарандык доомат коюлса, иш боюнча териштирүү аяктамайынча анын өлкөдөн чыгуусуна убактылуу баш тартылышы мүмкүн деп караштырган «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пункту конституциялуу эмес деп таанылган. Баяндалганды эске алуу менен, Жалал-Абад шаардык сотунун судьялары
А. Калмамат уулу жана А.А. Апысова талашылып жаткан ченемдердин
Конституцияга ылайык келүүсүн тешкерүүнү суранышууда. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2022-жылдын 30-апрелиндеги аныктамасы менен көрсөтүлгөн судьялардын суроо-талабы өндүрүшкө кабыл алынган. «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 38-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык судьянын (судьялардын) суроо-талабы боюнча ишти кароо жазуу
жүзүндөгү процедура боюнча жүзөгө ашырылат. Жогоруда аталган конституциялык Мыйзамдын 34-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык суроо- талабы Конституциялык соттун өндүрүшүнө кабыл алынган судья (судьялар) тарап катары таанылбайт, отурумга чакырылбайт. Судья-баяндамачынын 2022-жылдын 30-апрелиндеги аныктамалары менен каралып жаткан иш боюнча жоопкер тарап болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, үчүнчү жактар болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (мындан ары – Жогорку сот) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы (мындан ары – Мамлекеттик салык кызматы) таанылган. Жоопкер тарап келтирген каршы пикирде, өлкөдөгү салыктарды башкарууну жакшыртууга багытталган механизмдердин бири болуп Салык кодексинин 87-беренеси менен орнотулган салык төлөөчү мойнуна алган 1000 эсептик көрсөткүчтөн ашкан өлчөмдө салык карызы бар жеке жактын же уюмдун жетекчисинин тышка чыгуусун чектөө саналат деп белгиленген. Бул механизм адамдын өлкөнүн аймагынан чыгуусуна чектөөнү орнотот, бирок анын Кыргыз Республикасынын аймагындагы орун которуу эркиндигине, убактылуу туруу жана жашоо ордун тандоого болгон укуктарын эч чектебейт. Конституциянын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгы менен адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Мында көрсөтүлгөн максаттардын ишке ашырылуусу өлкөнүн экономикалык бакубаттуулугуна толук көз каранды жана тийиштүү каржылоосуз ишке ашырылышы мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджет негизин салыктар түзөт, алардын маанилүүлүгү Конституциянын 50-беренеси менен ар кимдин салык жана мыйзамдарда белгиленген учурларда жана тартипте жыйымдарды төлөө милдети түрүндө белгиленген.
Каршы пикирде Президенттин 2021-жылдын 20-декабрындагы ПЖ № 570 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук Концепциясы менен салыктарды жана жыйымдарды төлөөнүн милдеттүүлүгү улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун артыкчылыктуу принциптеринин бири катары орнотулганы да белгиленген. Конституциянын 19-беренесинин жоболоруна ылайык мамлекет элдин бакубат жашоосуна жана аларды социалдык коргоого камкордук көрөт. Мында, мамлекет тарабынан жарандарга убайын тартуу толугу менен мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Демек, бир салык төлөөчү тарабынан салыктардын төлөнүлбөшү, социалдык жардам алууга муктаж болгон башка адамдардын укуктарын бузушу мүмкүн, бул акырында бүтүндөй коомдун бакубаттуулугуна терс таасирин тийгизет. Жогорку соттун көз карашына ылайык талашылып жаткан ченемдердин Конституциянын 23-беренесинин 3, 4 жана 5-бөлүктөрүнө, 31-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык келбөөсү байкалбайт. Ошону менен бирге, Жогорку сот ЖПКнын 142-беренесинин 1-бөлүгүнө көңүл бурат, анда сот, ишке катышуучу жактардын арызы боюнча, эгер ал соттун өндүрүшүнө кабыл алынган болсо, доону камсыз кылуу чараларын көрүшү мүмкүн деп бекитилген. Демек, доо (арыз) жок болсо, сот жарандын чыгуусуна чектөө коюу жолу менен аны камсыз кылуу чараларын көрө албайт. Мамлекеттик салык кызматынын көз карашы өзүнүн мазмуну боюнча жоопкер тараптын каршы пикирлерине окшош. Ошону менен бирге, өлкөдөн чыгууга чектөөнү киргизүү республикада салык тартибинин денгээлинин кескин түшүп кетүүсү жана өзүнүн салык милдеттенмелерин аткарбаган, ак ниет эмес салык төлөөчүлөрдүн санынын өсүп кетүүсү менен шартталган. Алсак, 2022-жылдын 1-майындагы абалга карата салык карызы бар субъектилердин саны 181384 болуп, алардын карызынын жалпы суммасы 24895,6 млн. сомду түзгөн, ал эми камсыздоо төлөмдөрү боюнча карызы бар
субъектилердин саны 14459 болуп, анын жалпы суммасы 2030,6 млн. сомду түзгөн. Салык кодексинин 85-беренесине ылайык салык төлөөчү моюнуна алган салык карыздарынын суммасы төлөнбөгөн же толук түрдө төлөнбөгөн учурда салык органы ал карызды талашсыз тартипте өндүрүп алуу укугуна ээ. Демек, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары чыгууну чектөө боюнча чаралар салык органынын тийиштүү чечимдерине жана аракеттерине даттануу укугу жокко чыккан салык төлөөчүлөргө карата гана колдонулат. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жазуу жүзүндө келтирилген судьялардын суроо-талабын, жоопкер тараптын каршы пикирлерин, үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрүн карап, талкуулап жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келүүдө.
1. «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө»
конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык сот кайрылууда козголгон предмет боюнча анын ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө карата гана актыларды чыгарат. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун бул иш боюнча кароо предмети болуп Салык кодексинин кийинкидей мазмундагы 87- беренесинин 1, 2-бөлүктөрү саналат: «87-берене. Салык карызы бар салык төлөөчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгуусун чектөө
1. Салык кызматынын органдары салык төлөөчү мойнуна алган 1000
эсептик көрсөткүчтөн ашкан өлчөмдө жана салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө кабарлама сотко берилген күндөн кийинки 15 жумушчу күндүн ичинде аткарылбаган салык карызы бар жеке жактын же уюмдун жетекчисинин тышка чыгуусун чектөө жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
2. Тышка чыгууну чектөө жөнүндө арыз доону камсыз кылуу үчүн
Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик мыйзамдарында каралган тартипте райондук (шаардык) сот тарабынан каралат.». Салык кодекси мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган, «Эркин-Тоо» гезитинин 2022-жылдын 19-январында № 4-9 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акты болуп саналат.
2. Мамлекет коомду башкаруучу башкы тутум болуп саналат, ал укуктук
жөнгө салуу аркылуу анын тиричилигин иреттөөгө, анын орундуу иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылууга багытталган. Көрсөтүлгөн милдеттерди аткарууну тийиштүү финансылык база – мамлекеттин бюджети болмоюн ишке ашыруу мүмкүн эмес. Мамлекеттик бюджет коомдук ишмердиктин бардык чөйрөлөрүндө жалпы мамлекеттик милдеттерди жүзөгө ашыруунун ажырагыс белгиси жана негизги куралы болуп саналат. Ошондуктан мамлекет өзүнүн ишин камсыз кылуу жана коомдук функцияларын (мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын) аткаруу зарылдыгына байланышкан мамлекеттин өтө маанилүү чыгымдарынын ордун толтуруу максатында бөлүштүрүп туруу үчүн акча каражаттардын белгилүү суммасын (мамлекеттик бюджеттин кирешелерин) чогултуп кармап турат. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн калыптандырууда алдыңкы ролду салыктар ойнойт. Алсак, Кыргыз Республикасында мамлекеттик бюджеттин 82%га жакыны салык төлөмдөрүнүн эсебинен, ал эми салык эмес кирешелерди кошкондо 94%га жакыны түзүлөт («Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжол жөнүндө» 2022-жылдын 17-январындагы № 1 Мыйзам). Салыктар фискалдык функциянын алкагында салык төлөөчүлөрдүн
кирешелеринин бир бөлүгүнүн алынышын камсыз кылат, акыры алар коомдук маанидеги мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө, коргонууга, коомдук тартипке жана коопсуздукка, экономикалык маселелерге, айлана-чөйрөнү коргоого, турак-жай жана коммуналдык кызматтарга, саламаттыкты сактоого, эс алууга, маданиятка, билим берүүгө жана социалдык коргоого жумшалат (Бюджеттик кодекстин 50-беренесинин 1-бөлүгү). Мында финансылык ресурстарды калкты социалдык камсыздандыруу үчүн пайдалануу маселелери дагы өзгөчө мааниге ээ болот. Конституция Кыргыз Республикасы социалдык мамлекет деп жар салуу менен, элдин бакубат жашоосуна жана аны социалдык коргоого камкордук көрүүнү; жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын колдоону, эмгекти жана саламаттыкты коргоону камсыз кылууну; социалдык кызматтардын, медициналык тейлөөнүн тутумун өнүктүрүүнү, мамлекеттик пенсияларды, жөлөкпулдарды жана башка социалдык коргоонун кепилдиктерин камсыз кылууну бекиткен (1-берененин 1-бөлүгү, 19-берене). Ошентип, салык социалдык функцияны кошо аткаруу менен калктын ар кандай категорияларынын ортосунда коомдук кирешелердин кайра бөлүштүрүлүшүн, б.а. калктын көбүрөөк камсыздалган категорияларына салык түйшүгүн жүктөөнүн эсебинен жарандардын корголбогон категорияларынын пайдасына каражаттарды өткөрүп берүүнү камсыз кылат. Конституциянын 44-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында улгайган, ооруган, майып болгон жана эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон, багар-көрөрүнөн ажыраган учурларда мыйзамда каралган тартипте жана учурларда мамлекеттин эсебинен социалдык камсыз кылуу кепилденет. Көрсөтүлгөн кепилдиктерди жүзөгө ашыруунун эӊ маанилүү каражаттарынын бири болуп мамлекетик социалдык камсыздандыруу эсептелет. Мамлекетик социалдык камсыздандыруу жумуш берүүчүлөрдүн жана жарандардын милдеттүү социалдык салымдарынын эсебинен ишке
ашырылат («Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамдын 1-беренеси). Аларды төлөөнүн милдеттүүлүгүнөн улам Салык кодексинин 47- беренесинин 4-бөлүгү ушул эле Кодекстин 1-беренесинин 5-бөлүгү менен өз ара байланышта камсыздандыруу салымдарынын төлөөчүлөрүн салык төлөөчүлөргө теңейт, ал эми мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу салымдарын топтоо, контролдоону жүзөгө ашыруу менен байланышкан мамилелерди салыкты башкарууга киргизет. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2015-жылдын 5-октябрындагы өзүнүн Чечиминде салык төлөмдөрүнүн принциптеринин маңызын ачып берүүдө, салык төлөмдөрүнүн адилеттүүлүк принцибинин экономикалык аспекти салык түйшүгүнүн бирдей бөлүштүрүлүшүн болжойт, анда ар бир салык төлөөчү мамлекеттин жактоосунда жана анын колдоосу менен алып жаткан кирешелерине өлчөмдөш мамлекеттин муктаждыктарын каржылоодо материалдык жактан катышат деп белгилеген. Демек, мамлекет анын аймагында жайгашкан жактардын жана алардын ишмердигине байланыштуу табылган кирешелери менен мүлкүнө гана өзүнүн салык эгемендүүлүгүн жайылтат.
3. Салык салык төлөөчүлөр менен мамлекеттин мамилелерин тартипке
келтирүүнүн маанилүү каражаты болуп саналат, анда ал салык төлөөчүгө анын милдеттер чегин, ал эми мамлекеттин атынан иштеген ыйгарым укуктуу органга жол берилген аракет чегин көрсөтөт. Баш Мыйзамдын 50-беренесинен келип чыккан салыктарды жана жыйымдарды төлөө конституциялык милдети, ар ким Конституцияны жана мыйзамдарды сактоого милдетүү деп орноткон 53-беренесинин 3-бөлүгү менен өз ара байланышта түздөн-түз жана сөзсүз талап катары бардык салык төлөөчүлөргө жайылтылат. Салык төлөө милдети аткарылбаган же
талаптагыдай аткарылбаган учурда өндүрүп алуу милдетин ишке ашыруу сөзсүз болуп саналат: салык төлөөчүгө салыкты төлөө милдети кандай деңгээлде жүктөлсө, мамлекетке салыкты өндүрүп алуу милдети да ошондой деӊгээлде жүктөлөт. Салыкты өндүрүп алуунун сөзсүз боло тургандыгынан жана шексиздигинен улам салык төлөөчү салыкты төлөө же төлөбөй коюу тууралуу маселени өз алдынча чечүүгө акысы жок: ал конституциялык орнотмонун күчүнөн улам аны төлөөгө милдеттүү. Салык кодексинин 65-беренесине ылайык салык төлөө боюнча милдеттенмени аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу салык төлөө боюнча милдеттенмени мажбурлап аткартуу чараларын колдонууга негиз болуп саналат. Салыктык мажбурлоо чаралары укукту калыбына келтирүүчүлүк мүнөзгө ээ, ал салык калдыгын толуктоо жана убагында төлөнбөгөн салыктан келтирилген зыяндын ордун толтуруу аркылуу салык төлөөчү тарабынан анын конституциялык милдетин аткарууну камсыз кылат. Салыктын убагында төлөнбөгөнү салык милдеттенмеси боюнча карызды жабуу жана убагында төлөнбөгөн салыктын кесепетинен казына тарткан зыяндын ордун толук толтуруу менен камсыздалат, бул мамлекетке салыктын калдык суммасына кошумча төлөм – салыктын суммасын төлөөнү кармаган үчүн туум коштуруп төлөтүү укугун берет. Салык милдеттенмеси аткарылбаган же аткарылышы кечиктирилген учурда салык калдыгынын пайда болушу, биринчиден, салык төлөөчүнүн талаптагыдай эмес жүрүм-туруму менен шартталган, бул аны мажбурлап өндүрүп алууну жокко чыгарбайт, анткени салык калдыгы мамлекетке олуттуу зыян келтирет. Салык калдыгын болтурбоо маселеси мамлекеттин чыгымдар көлөмү бюджеттин кирешелер көлөмүнө түздөн-түз көз каранды болгондугу менен байланыштуу, алардын ортосундагы чаржайыттык терс кесепеттерге алып келет (бюджеттин дефицити, улуттук валютанын инфляциясы, чоң көлөмдө
ички жана тышкы займдардын пайдаланылышы ж.б.), алар терең финансылык кризиске айланышы мүмкүн. Демек, убагында алынбаган салык кирешелери ушул суммага мамлекеттик чыгымдарды каржылоодо кыйынчылыктарга түздөн-түз алып келет, ал эми алардан ар бир жарандын жашоосунун сапаты гана эмес, мамлекеттин экономикалык өнүгүүсү да көз каранды. Дал ошон үчүн, салыктарды төлөөнүн милдеттүүлүк принциби салыктарды төлөөдөн качуунун жолдорун бууп салууга багытталган жигердүү аракеттер мамлекеттен талап кылынат, анткени өндүрүү коркунучу реалдуу түрдө таасир этүүчү аракет катары кабыл алынбагандыктан салык төлөмүнөн качуу кеңейүүдө, бул салык төлөөчүлөрдүн өзүнүн салыктык милдетин ак ниеттик менен аткаруудан качууга алып келет. Эгер салык төлөөчүлөрдүн салык карызынын суммасы олуттуу болсо жана Салык кодекси менен белгиленген чектен аша чаап кетсе, Салык кодексинин 81-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карыздарын жоюу ар кандай ыкмалар менен, анын ичинде салык төлөөчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуусун чектөө аркылуу камсыз кылынышы мүмкүн. Ошентип, мыйзам чыгаруучу салыктарды төлөөнүн милдеттүүлүк принцибин иштешин камсыз кылуу менен салык төлөөчүнү салыктын төлөнүүчү суммасын мажбурлап төктүрүүгө багытталган превентивдүү мүнөздөгү мажбурлоо чараларын белгилеген.
4. Салыктык милдеттенмелер экономикалык ишмердик менен
шартталган, ал эми алардын пайда болушу жактардын жарандык укуктук мамилелеринен келип чыгат. Мында бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон салыктардын суммасын эсептөө жана төлөө боюнча, салыктык карыздын суммасын өндүрүү боюнча мамилелер жарандык укук мамилелеринен келип чыккан деп таанылат (Салык кодексинин 1-беренесинин 7-бөлүгүнүн 2-
пункту). “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ишке киргизүү жөнүндө” 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамдын 23-беренесине ылайык Салык кодексинин 1-беренесинин 7-бөлүгүнүн 2-пункту 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Маселен, салык калдыгынын көлөмү 1000 эсептик көрсөткүчтөн ашуун болгонунан улам Салык төлөөчүнүн чыгуусуна чектөө тартибин аныктаган Салык кодексинин жоболору жарандык процесстик мыйзамдар менен өз ара байланышта турат. Судьялардын суроо-талабынын мазмунунан келип чыккандай, кайрылуу субъектилери талашылып жаткан ченемдердин күмөндүүлүгү эмес, 1000 эсептик көрсөткүчтөн ашуун көлөмдөгү салык карызы бар салык төлөөчүнүн чыгуусун чектөө тартибинин процесстик регламентациясынын жоктугу күмөндүүлүк туудурат. Конституциялык сот кайрылуу субъектилеринин ушул келтирген сөзү менен макул болуу зарыл деп эсептейт, анткени жарандык процесстик мыйзамдар 1000 эсептик көрсөткүчтөн ашкан көлөмдөгү салыктын төлөнбөгөнүнө байланыштуу адамдын өлкөдөн чыгуусуна чектөө коюунун укуктук механизмдерин караштырган эмес, бул бир катар так эместиктерди жаратат. Алсак, доону камсыз кылуу үчүн чыгууну чектөө жөнүндө арыздар Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик мыйзамдар караган тартипте райондук (шаардык) сотто каралат деп белгилеген Салык кодексинин 87- беренесинин 2-бөлүгү ЖПКда каралган тартип менен макулдашылган эмес, анткени сот доону камсыз кылуу жөнүндө маселени чечүүдө ишке катышкан жактардын арызы боюнча гана доону камсыз кылууга карата чараларды колдонууга укуктуу (143, 145, 153-беренелер), бул акыры укуктук аныктык принцибине жооп бербейт.
Алсак, эгер ЖПКда белгиленгендей салык карызынын суммасы доо өндүрүшү, буйрук өндүрүшү тартибинде да ишке ашырылышы мүмкүн, ал эми өлкөдөн чыгууну чектөө аракети салык милдеттенмесинин аткарылышын камсыздоо ыкмаларынын бири катары жүзөгө ашыруунун өзүнүн процесстик формасы жок, бул укук колдонуу процессинде так эместикти жаратат. Конституциялык палата 2017-жылдын 7-июнундагы жана 2019-жылдын 6-мартындагы өзүнүн чечимдеринде мыйзам жоболору укуктук ченемдердин формалдуу аныктык, тактык, айкындуулук, кош маанилүү эместик жана алардын колдонуудагы укуктук жөнгө салуу тутумунда шайкештик талаптарына жооп берүүсү керек, себеби алардын укуктук аныктыгы укуктук ченемди бирдей түшүнүү жана түшүндүрмө берүү шартында гана камсыз болушу мүмкүн деп белгилеген. Укуктук аныктык принцибинин талаптарын сактабоо – бири-бирине карама-каршы келген укук колдонуучулук тажрыйбаны жаратат да, алардын бир маанилүү эмес түшүндүрүлүшүнѳ жана өз билемдик менен колдонулушуна мүмкүнчүлүк түзүп, ошону менен адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктеринин бузулушуна алып келиши мүмкүн. Ошентип, салыктык укук мамилелерин иретке келтирүү максатында, маселен, салык милдеттенмесинин аткарылышын камсыздоо чөйрөсүндө Салык кодексинин жана ЖПКнын ченемдик жоболорун шайкештикке келтирүү жана салыктык укук мамилелериин колдонуудагы укуктук жөнгө салуу тутумунда алардын макулдашылбагандыгын жокко чыгаруу зарылдыгы келип чыгат. Укуктар менен эркиндиктерди кандай гана чектөө болбосун, ал мыйзамдуулук принциптерине ылайык келиш керек, ошондой эле мындай чектөөнү алдын ала көрө билүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу максатында мыйзам чыгаруучу мыйзам чыгаруу техникасына ылайык укуктук чектөөнүн так ченемдик регламентациясын белгилеп, тактап айтканда, доону камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгууну чектөө
чарасы катары салыктык милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуунун мындай ыкмасын ишке ашыруунун процесстик формасын камсыз кылуу зарыл.
5. Конституциялык сот арыз ээлеринин Конституциялык палатанын 2018-
жылдын 30-майындагы чыгууга чектөөнүн негиздеринин бирин конституциялуу эмес деп тааныган чечимине өзүнүн жүйөлөрүн негиздөө катары шилтеме жасоосу каралып жаткан маселеге карата колдонулбайт, анткени көрсөтүлгөн чечимде талашылып жаткан ченемдин максаты жарандык иштердин туура жана өз убагында каралышын жана чечилишин, соттук процесстин катышуучуларынын бирдей укуктарын жана мүмкүндүктөрүн камсыз кылууда турат деп белгиленген. Ушул максаттарга жетишүү үчүн жарандык процесстик мыйзамдар менен доону камсыз кылууга багытталган башка дагы укуктук механизмдер жана ар кимдин соттук коргонууга укугу каралган. Маселен, мыйзам чыгаруучу өкүлчүлүк институтун; доонун жана соттук чыгымдар суммасынын чегинде жоопкерге таандык мүлктү, акча каражаттарын камакка алуу мүмкүндүгүн; талаптагыдай кабардар кылынган жактардын катышуусуз иштерди кароону; сырттан жүргүзүлгөн сот өндүрүшүнө жол берүүнү караштырган (ЖПКнын 57, 144, 169, 234-беренелери). Мындай шарттарда ушул чектөөнү киргизүү негиздүү жана зарыл болуп саналбайт, атүгүл адамдын, жарандын субъективдүү укуктарын чектөө себеби катары кызмат кыла албайт. Инсандын конституциялык-укуктук макамы конституциялык укуктар, эркиндиктер жана конституциялык милдеттер деген эки ажырагыс болуп байланышкан бөлүктөрдөн турат. Конституция укуктар менен эркиндиктердин бирдейлик принцибинен гана эмес, милдеттерден да тургандыгы келип чыгат, демек, эч ким өзү билип кайсыл бир конституциялык милдеттерден баш тарта албайт (салыктарды жана жыйымдарды төлөө, айлана-чөйрөнү, өсүмдүктөрдү жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана ага
аяр мамиле жасоо, Конституцияны жана мыйзамдарды сактоо, укуктарды, эркиндиктерди, ар-намыстарды жана башка жактардын кадыр-баркын урматтоо). Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде жүрүү эркиндиги, жашап туруу жана жашоо ордун тандоо туурасында инсандын эркиндигинин негизги элементи, адамдын кесиптик жана рухий өнүгүүсүнүн шарты болуп саналат жана жаранга туулгандан тартып таандык деп белгилейт. Каралып жаткан контекстте жүрүү эркиндигине, жашап туруу жана жашоо ордун тандоого конституциялык укукту жүзөгө ашыруу кандайдыр бир салыктардын төлөнгөнүнө же төлөнбөгөнүнө көз каранды болбойт, себеби адамдын, жарандын негизги укуктары менен эркиндиктери кандайдыр бир фискалдык мүнөздөгү шарттарсыз эле Баш Мыйзам менен кепилденет. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эркин чыгууга жана кайра тоскоолдуксуз кайтып келүүгө Кыргыз Республикасынын жаранынын укугу туурасында Конституциянын 31-беренесинин 1-бөлүгү жана анын 23- беренесинин 2-бөлүгү менен өз ара байланышта мыйзамдын негизинде чыгуу укугун чектөөгө жол бере тургандыгы жөнүндө белгилеп кетүү керек. Ошон үчүн ар кимдин салыктарды жана жыйымдарды төлөө боюнча конституциялык милдетин аткартууну камсыз кылуу зарылдыгынан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгуу укугун чектөө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна карама-каршы келбейт, бул дагы мамлекеттин улуттук коопсуздугунун ажырагыс бөлүгү болгон экономикалык коопсуздуктун зарыл негизи катары салыктардын укуктук табияты менен шартталган. Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, 4-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык
Мыйзамдын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Ч Е Ч Т И:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 87-беренесинин 1, 2-
бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 3, 4, 5-бөлүктөрүнө, 31-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Чечимдин
жүйөлөштүрүүчү бөлүгүнүн 4-пунктунда баяндалган укуктук көз карашты жүзөгө ашырууга багытталган ченемдик укуктук актынын тийиштүү долбоорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга тийиш.
5. Ушул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий
басылмаларында, Конституциялык соттун расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жарчысында» жарыялансын. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 17.01.2022 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4