Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-майындагы № 350 „Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики "Об утверждении Положения о порядке проведения государственного метрологического надзора"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-21.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 32 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 16-майы № 286 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-майындагы № 350 "Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын системасындагы функциялык жана түзүмдүк өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-майындагы № 350 "Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын экономика министрлигине караштуу мамлекеттик метрологиялык көзөмөл инспекциясы (мындан ары - Маминспекция) жана анын аймактык бөлүмдөрү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция (мындан ары - Экотехинспекция)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктунун экинчи абзацындагы "Маминспекциянын кызмат адамдары тарабынан ишке ашырылат - Кыргыз Республикасынын метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик башкы инспектору - директору жана метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекторлор (мындан ары - Маминспектор)" деген сөздөр "Экотехинспекциянын кызмат адамдары - метрологиялык көзөмөл боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси - метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик башкы инспектору жана метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик башкы инспекторлор (мындан ары - маминспекторлор) тарабынан ишке ашырылат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктунун үчүнчү абзацындагы "мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдөө инспекциясы", 12-пунктунун биринчи абзацындагы, 14-пунктунун алтынчы абзацындагы түрдүү жөндөмөдөгү "Маминспекция" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "Экотехинспекция" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 4-пунктунун бешинчи абзацындагы "Маминспекциянын" деген сөз "Экотехинспекциянын метрологиялык көзөмөл боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пунктундагы түрдүү жөндөмөдөгү жана сандагы "Маминспекция органы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Экотехинспекциянын метрологиялык көзөмөл боюнча түзүмдүк бөлүмү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 14-пунктунда:
биринчи абзацындагы "Маминспекциянын органы" деген сөздөр "Экотехинспекциянын метрологиялык көзөмөл боюнча түзүмдүк бөлүмү" деген сөздөр менен алмаштырылсын; алтынчы абзацындагы "жөнөтөт" деген сөз "жөнөтүүгө милдеттүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 15-пунктундагы "Маминспекция, анын аймактык бөлүмдөрү" деген сөздөр "Экотехинспекциянын метрологиялык көзөмөл боюнча түзүмдүк бөлүмү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 16-пунктундагы "Маминспекция жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн" деген сөздөр "Экотехинспекциянын" деген сөз менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемесиндеги "аймактык бөлүмчөсүнүн аталышы" деген сөздөр "метрологиялык көзөмөл боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн аталышы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 1-12-тиркемелериндеги "Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл инспекциясы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 1, 2, 6, 7, 8 жана 9-тиркемелериндеги "(мамлекеттик инспекциясынын аймактык бөлүмчөсүнүн аталышы), (Маминспекциянын аймактык бөлүгүнүн аталышы), (мамлекеттик инспекциянын аймактык аталышы), (Мамлекеттик инспекциясынын аймактык бөлүмчөсүнүн аталышы)" деген сөздөр "(Экотехинспекциянын метрологиялык көзөмөл боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн аталышы)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемесиндеги "Мүдүр" жана 9-тиркемесиндеги "Директор" деген сөздөр "Жетекчи" деген сөз менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 3-тиркемесиндеги "(мамлекеттик инспекциянын аймактык аталышы)" деген сөздөр "(Экотехинспекциянын метрологиялык көзөмөл боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн аталышы)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 11-тиркемесиндеги "мамлекеттик инспекция же анын территориялык органы" деген сөздөр "Экотехинспекция" деген сөз менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 12-тиркемесинде:
"Маминспекциянын жетекчисинин же аймактык органдардын" деген сөздөр "Экотехинспекциянын метрологиялык көзөмөл боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-майындагы № 350 токтому менен бекитилген)Положение · 31.05.2012 · № 350 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 32 "Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 21.01.2023 · № 32
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-майы № 350 "Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 31.05.2012 · № 350 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон