Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 «Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 13 февраля 2020 года № 79 "О некоторых вопросах в сфере таможенного дела"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-02-13.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 16-майы № 282 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Бажы союзунун Бажы кодексинин 304-беренесине, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 148-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Айрым бажы жол-жоболорун колдонуу боюнча нускамада:
- 170-пункттун төртүнчү абзацынын үчүнчү сүйлөмү алып салынсын;
- 170-пункттун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы алымсыз соода дүкөндөрүнүн жайларында акыркы беш календардык күндүн ичинде болуп өткөн окуялар жөнүндө видеомаалыматтарды көрүүгө мүмкүндүк берүүчү, күнү-түнү иштеген режимдеги видеобайкоолордун болушу. Чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөр, чет мамлекеттердин консулдук мекемелери, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү жана аларга теңештирилген өкүлчүлүктөр болгон шаарларда акыркы отуз календардык күндүн ичинде болуп өткөн окуялар жөнүндө видеомаалыматтарды көрүүгө мүмкүндүк берүүчү, күнү-түнү иштеген режимдеги видеобайкоолордун болушу.";
- 178-пункту "АКШ долларында жана/же евро менен" деген сөздөрдөн кийин "жана башка чет элдик валютада" деген сөздөр менен толукталсын;
- 179-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"179. Товардын сатылган фактысын ырастоочу документ болуп фискалдык эс тутуму жана фискалдык маалыматтарды онлайн режиминде кагаз тасмасында берүү функциясы бар эсептешүү операциясын жүргүзүүдө накталай акча менен эсептешүүнү жана/же төлөм карталарын колдонуу менен эсептешүүнүн катталышын ырастаган контролдук-кассалык машинада басылган контролдук-кассалык чек (кассалык чек) эсептелет. Кассалык чекте чек арадан авиакаттам менен өткөн аламдын аты-жөнү, атасынын аты (чет өлкөлүк паспорт көрсөтүлгөн учурда атасынын аты көрсөтүлбөйт), ошондой эле рейсинин номери көрсөтүлөт, же чек арадан автожол транспорту менен өткөн адамдар үчүн чет жакка чыгып жаткан сатып алуучунун паспортунун номери көрсөтүлөт. Кассалык чек сатып алуучуга берилет, ал эми сатып алуучу жана сатылган товар жөнүндө маалыматтар алымсыз соода дүкөндөрүндө сакталууга тиешелүү болгон сатылгандарды эсепке алуу журналына киргизилет.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 "Бажы иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 13.02.2020 · № 79
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 292 "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 16.05.2017 · № 282
- ИНСТРУКЦИЯ по применению отдельных таможенных процедур" (утверждена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 10 августа 2015 года № 564)Инструкция · 10.08.2015 · № 564 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 31.12.2014 · № 184 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.