# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 289 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 391 "Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 289 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 391 "Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 289
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99988>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19746/edition/851364/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99988.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 289 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 391 "Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (16.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99988

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 16-майы № 289 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 391 "Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 391 "Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежеде: 13-пункту:

- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"Монополияга каршы органдын чарбакер субъектти бөлүү (ажыратуу) жөнүндө материалды кароонун жыйынтыгы боюнча кабыл алган чечимине Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында каралган административдик (сотко чейинки) тартипте кызыгдар тараптар даттанышы мүмкүн.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Жээнбеков
