Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 391 „Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу“ токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 16-майы № 289 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 391 "Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 391 "Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежеде: 13-пункту:
- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Монополияга каршы органдын чарбакер субъектти бөлүү (ажыратуу) жөнүндө материалды кароонун жыйынтыгы боюнча кабыл алган чечимине Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында каралган административдик (сотко чейинки) тартипте кызыгдар тараптар даттанышы мүмкүн.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы №391 "Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 11.06.2012 · № 391
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы №391 "Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 11.06.2012 · № 391
- Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндөЗакон · 31.07.2015 · № 210
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон