# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 257 "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 257 "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 257
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99976>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19734/edition/953066/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99976.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 257 "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (04.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99976

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-июнундагы № 276 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 4-майы № 257 "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

С.Жээнбеков

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 12, 497-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"энергетикалык иликтөө (энергоаудит) - бул отундун жана энергиянын натыйжалуу пайдаланылышын баалоо, керектөөчүлөрдүн отун менен энергияга кеткен чыгымын азайтуу максатында. алынган натыйжаларды энергетикалык паспортто чагылдыруу менен энергетикалык ресурстарды пайдалануу жөнүндөгү маалыматтарды топтоо жана иштетүү;";

2) 9-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-5-бөлүктөр менен толукталсын:

''Энергетикалык иликтөөнүн негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- пайдаланылып жаткан энергетикалык ресурстардын көлөмү жөнүндөгү объективдүү маалыматтарды топтоо;

- энергонатыйжалуулук көрсөткүчтөрүн аныктоо;

- энергияны үнөмдөөнүн потенциалын аныктоо жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу;

- энергияны үнөмдөө, энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча типтүү, жалпыга жеткиликтүү иш-чаралардын тизмегин түзүү жана алардын наркын баалоону аныктоо.

Энергетикалык иликтөөнүн натыйжалары боюнча түзүлгөн энергетикалык паспорт төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

- пайдаланылып жаткан энергетикалык ресурстарды эсепке алуу прибору менен жабдылуусу жөнүндө;

- пайдаланылып жаткан энергетикалык ресурстарынын көлөмү жөнүндө жана анын өзгөрүүсү жөнүндө;

- энергетикалык натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрү жөнүндө;

- берилген энергетикалык ресурстардын коромжуларынын көлөмү жөнүндө (энергетикалык ресурстарды берүүчү уюмдар үчүн);

- энергияны үнөмдөөнүн потенциалы жөнүндө, анын ичинен энергетикалык ресурстарды мүмкүн болгон үнөмдөөнү накталай туюнтулушта баалоо жөнүндө;

- энергияны үнөмдөө жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча типтүү иш-чаралардын тизмеги жөнүндө.

Куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо иштери аяктагандан кийин пайдаланылууга берилүүчү имараттардын, курулуштардын, курулмалардын энергетикалык паспорттору долбоордук документтердин негизинде түзүлөт.". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
