Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Энергияны үнөмдөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 4 июня 2019 года № 276 "Об отзыве проекта Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об энергосбережении"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-06-04.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-июнундагы № 276 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 4-майы № 257 "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 12, 497-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"энергетикалык иликтөө (энергоаудит) - бул отундун жана энергиянын натыйжалуу пайдаланылышын баалоо, керектөөчүлөрдүн отун менен энергияга кеткен чыгымын азайтуу максатында. алынган натыйжаларды энергетикалык паспортто чагылдыруу менен энергетикалык ресурстарды пайдалануу жөнүндөгү маалыматтарды топтоо жана иштетүү;";
2) 9-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-5-бөлүктөр менен толукталсын:
''Энергетикалык иликтөөнүн негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- пайдаланылып жаткан энергетикалык ресурстардын көлөмү жөнүндөгү объективдүү маалыматтарды топтоо;
- энергонатыйжалуулук көрсөткүчтөрүн аныктоо;
- энергияны үнөмдөөнүн потенциалын аныктоо жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу;
- энергияны үнөмдөө, энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча типтүү, жалпыга жеткиликтүү иш-чаралардын тизмегин түзүү жана алардын наркын баалоону аныктоо.
Энергетикалык иликтөөнүн натыйжалары боюнча түзүлгөн энергетикалык паспорт төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
- пайдаланылып жаткан энергетикалык ресурстарды эсепке алуу прибору менен жабдылуусу жөнүндө;
- пайдаланылып жаткан энергетикалык ресурстарынын көлөмү жөнүндө жана анын өзгөрүүсү жөнүндө;
- энергетикалык натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрү жөнүндө;
- берилген энергетикалык ресурстардын коромжуларынын көлөмү жөнүндө (энергетикалык ресурстарды берүүчү уюмдар үчүн);
- энергияны үнөмдөөнүн потенциалы жөнүндө, анын ичинен энергетикалык ресурстарды мүмкүн болгон үнөмдөөнү накталай туюнтулушта баалоо жөнүндө;
- энергияны үнөмдөө жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча типтүү иш-чаралардын тизмеги жөнүндө.
Куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо иштери аяктагандан кийин пайдаланылууга берилүүчү имараттардын, курулуштардын, курулмалардын энергетикалык паспорттору долбоордук документтердин негизинде түзүлөт.". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 27-сентябрындагы № 1888-VI "VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-2018-жылдардагы ишинин сессиялык…Постановление · 27.09.2017 · № 1888-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 7-июнундагы № 1652-VI "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 07.06.2017 · № 1652-VI
Шилтеме берет (3)
- Энергияны үнөмдөө жөнүндөЗакон · 07.07.1998 · № 88
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-июнундагы № 276 "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 04.06.2019 · № 276 · Күчүн жоготкон