# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-майындагы № 270 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 58 "Айыл чарбасын каржылоо - 5" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-майындагы № 270 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 58 "Айыл чарбасын каржылоо - 5" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 270
- Кабыл алынган күнү: 13.05.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99973>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19731/edition/851336/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99973.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-майындагы № 270 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 58 "Айыл чарбасын каржылоо - 5" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (13.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99973

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 13-майы № 270 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 58 "Айыл чарбасын каржылоо - 5" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кредит берүүнүн талаптарын жеңилдетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 58 "Айыл чарбасын каржылоо - 5" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:

## 1-главада:

- онунчу абзацынын экинчи сүйлөмү алып салынсын;

- 4-главанын он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Биринчи категориядагы субъекттерге 20дан ашык жумушчу оруну болгон ишканалар кирет жана ушул Долбоордун алкагында бир зайымчы үчүн көлөмү 150 (жүз элүү) млн. сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредит ала алышат.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Жээнбеков
