# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-апрелигндеги № 239 "Дем алыш күнүн которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-апрелигндеги № 239 "Дем алыш күнүн которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 239
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99951>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19712/edition/851300/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99951.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-апрелигндеги № 239 "Дем алыш күнүн которуу жөнүндө" токтому (21.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99951

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 24-апрели № 239 Дем алыш күнүн которуу жөнүндө 2017-жылдагы дем алыш жана иш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2017-жылдын 13-майындагы жумуш эмес күнү 2017-жылдын 8-майындагы жумуш күнүнө которулсун.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Жээнбеков
