# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 722 "Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 722 "Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 722
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99944>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19707/edition/851284/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99944.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 722 "Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (31.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99944

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 31-декабры № 722 Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Мамлекеттик финансыны башкаруу тутумун өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо боюнча стандарттарды жана методологиялык документтерди бекитүүдө ыйгарым укуктар берилсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
