# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 235 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 235 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 235
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99943>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19706/edition/851282/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99943.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 235 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (21.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99943

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 21-апрели № 235 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 4-августундагы № 582 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин уюмдарынын жана мекемелеринин финансылык-чарбалык ишин текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 22-апрелиндеги № 495 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын граждандык персоналынын эмгегине акы төлөө жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын жарандык кызматкерлеринин кызматтык маяналарын көбөйтүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 1-августундагы № 557 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Жээнбеков
