Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 5 апреля 2018 года № 184 "Об отзыве проекта Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-04-05.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 184 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 21-апрели № 231 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1095-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 11-берене менен толукталсын:
«11-берене. Мыйзамдын предмети Ушул Мыйзам Жогорку Кеңештин депутатынын ишинин принциптерин жана кепилдиктерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган анын негизги укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.»;
3) 6-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын ишин башка милдеттерди аткаруу менен айкалыштыруу Жогорку Кеңештин депутаты илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иш жүргүзө алат. Премьер-министр же биринчи вице-премьер-министр кызматына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаты Жогорку Кеңештин төрагасы жана анын орун басары кызматына шайлана албайт, ошондой эле Жогорку Кеңештин комитетинин же Жогорку Кеңештин убактылуу комиссиясынын төрагасы, мүчөсү боло албайт. Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык мандатты жана Жогорку Кеңештин пленардык жыйындарында добуш берүү укугун сактоо менен Премьер-министр же биринчи вице-премьер-министр кызматына дайындалышы мүмкүн. Премьер-министр же биринчи вице-премьер-министр кызматынан кеткен, бошогон жана милдетин аткарууну токтоткон Жогорку Кеңештин депутатынын депутаттык ыйгарым укуктары толук көлөмдө калыбына келтирилет.»;
4) 24-беренесинин 3-бөлүгүндөгү «макулдугу менен гана» деген сөздөр «депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 28-беренесинин 4-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене 2017-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирүүчү ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3 жана 4-пункттарынан тышкары, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 184 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 05.04.2018 · № 184 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.12.2008 · № 267
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 184 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 05.04.2018 · № 184 · Күчүн жоготкон