# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 223" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 223" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99935>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19699/edition/1064935/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99935.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 223" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (19.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99935

---

КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 19-апрели № 223 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 14-пунктундагы "1906" жана "100" деген цифралар тиешелүү түрдө "1874" жана "132" деген цифралар менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

3-пунктунда:

- үчүнчү абзацтагы "13" деген цифралар "6" деген цифра менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын дирекциясынын 7 штаттык бирдигин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин аймактык бөлүнүштөрүнө.".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерлерди ишке орноштуруу маселелерин чечсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Жээнбеков
