# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 215 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин жактыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 215 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин жактыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 215
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99929>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19693/edition/1280531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99929.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 215 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин жактыруу жөнүндө" токтому (10.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99929

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2017-жылдын 12-апрели № 215 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин жактыруу жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 208, 2023-жылдын 19-июнундагы № 309, 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 488, 2025-жылдын 22-июлундагы № 436, 2025-жылдын 10-октябрындагы № 656 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөргө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмеги жактырылсын:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландык жана пландан тышкаркы текшерүүгө, контролдук текшерүүгө жана кайра текшерүүгө, 1-тиркемеге ылайык;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландан тышкаркы текшерүүгө, контролдук текшерүүгө жана кайра текшерүүгө, 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган тизмектер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде аталган тизмектер каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков

1-тиркеме Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландык жана пландан тышкаркы текшерүүгө, контролдук текшерүүгө жана кайра текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ТИЗМЕГИ (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 309, 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 488, 2025-жылдын 22-июлундагы № 436 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат.

4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы.

5. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызмат.".

6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат.

7. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат.

2-тиркеме

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландан тышкаркы текшерүүгө, контролдук текшерүүгө жана кайра текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ТИЗМЕГИ (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 656 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти.

2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы.
