Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Жаныбарлар дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн атайын пайдаланууга чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 23 августа 2023 года № 421 "О признании утратившим силу постановление Правительства Кыргызской Республики "О введении ограничений на специальное пользование отдельными видами животного мира" от 12 апреля 2017 года № 214"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-08-23.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 421 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 12-апрели № 214 Жаныбарлар дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн атайын пайдаланууга чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө Жаныбарлар дүйнөсүн коргоо, калыбына келтирүү, алардын санын сактоо жана көбөйтүү максатында, "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө" жана "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын төмөнкү аймактарына аркар-кулжаны, тоо эчкисин, эликти, каманды жана уларды атайын пайдаланууга чектөөлөрдү киргизүү:
- Талас жана Жалал-Абад облустарында, Чүй облусунун Аламүдүн, Сокулук, Жайыл жана Кемин райондорунда - 2017-жылдын 1-июлунан тартып 2020-жылдын 1-июлуна чейин;
- Ош жана Баткен облустарында, Чүй облусунун Чүй, Ысык-Ата, Москва жана Панфилов райондорунда - 2020-жылдын 1-июлунан тартып 2023-жылдын 1-июлуна чейин;
- Ысык-Көл жана Нарын облустарында - 2023-жылдын 1-июлунан тартып 2026-жылдын 1-июлуна чейин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жаныбарлар дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн атайын пайдаланууга чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө калкты маалымдоо боюнча тиешелүү чараларды көрүшсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 273 "Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна…Постановление · 03.06.2019 · № 273
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 421 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 214 "Жаныбарлар дүйнөсүнүн айрым…Постановление · 23.08.2023 · № 421
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 421 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 214 "Жаныбарлар дүйнөсүнүн айрым…Постановление · 23.08.2023 · № 421
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жаныбарлар дүйнөсү тууралууЗакон · 17.06.1999 · № 59
- Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндөЗакон · 13.03.2014 · № 41