# КР Ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 84 ""Калкты иш менен камсыз кылууга кѳмөктѳшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 84 ""Калкты иш менен камсыз кылууга кѳмөктѳшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 84
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99916>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19680/edition/851228/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99916.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 84 ""Калкты иш менен камсыз кылууга кѳмөктѳшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99916

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы № 84 "Калкты иш менен камсыз кылууга кѳмөктѳшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Калкты иш менен камсыз кылууга көмѳктѳшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамьна ѳзгөртүүлѳрдү ккргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдьн долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

С.Жээнбеков

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Калкты иш менен камсыз кылууга кѳмѳктѳшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене "Калкты иш менен камсыз кылууга кѳмѳктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамьна (Эркин-Тоо гезити, 2015-жылдын 21-августу, № 80) тѳмөнкүдѳй ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин:

1. 2-беренесинин 6-нункту тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:

"6) иш менен камсыз кылууга кѳмѳктѳшүүнун активдүү чаралары - Кыргыз Республикасьньн Ѳкмѳтү бекиткен тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жумушсуз жана жумуш издеген калктын арасьнда ишке ашырьлуучу Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик колдоо чаралары;".

2. 6-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2-пункту "мыйзамдарына ылайык" деген сѳздѳрдѳн кийин "курагы боюнча" деген сѳздѳр менен толукталсьн.

3. 8-беренесинин 1-бѳлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүнү тастыктаган жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмѳ берүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кайрылуунун алдында акыркы 3 жьлдын ичинде 12 айдан кем эмес үзгүлтүксүз камсыздандыруу стажы бар, белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган жаранга жумушсуздук боюнча жѳлѳкпул төлѳнѳт.".

4. 10-беренеси тѳмѳнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсьн:

"5. Белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган аялдар кош бойлуу мезгилинде Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү тарабынан белгиленген тартипте республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жѳлѳкпул алууга укуктуу.".

5. 16-беренеслнин 9-бѳлүгүнүн экинчи абзацы тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсьн:

"Акы тѳлѳнүүчү коомдук жумуштарда иштеген жумушсуздарга эмгек акы тѳлѳѳнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү тарабьнан белгиленет.". 2-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн ѳткөндөн кийин күчүнѳ кирет. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү үч айлык мѳѳнѳттѳ өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
