Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ѳкмѳтүнүн «»Калкты иш менен камсыз кылууга кѳмөктѳшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 декабря 2023 года № 675 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-13.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы № 84 "Калкты иш менен камсыз кылууга кѳмөктѳшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Калкты иш менен камсыз кылууга көмѳктѳшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамьна ѳзгөртүүлѳрдү ккргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдьн долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Калкты иш менен камсыз кылууга кѳмѳктѳшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене "Калкты иш менен камсыз кылууга кѳмѳктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамьна (Эркин-Тоо гезити, 2015-жылдын 21-августу, № 80) тѳмөнкүдѳй ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин:
1. 2-беренесинин 6-нункту тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
"6) иш менен камсыз кылууга кѳмѳктѳшүүнун активдүү чаралары - Кыргыз Республикасьньн Ѳкмѳтү бекиткен тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жумушсуз жана жумуш издеген калктын арасьнда ишке ашырьлуучу Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик колдоо чаралары;".
2. 6-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2-пункту "мыйзамдарына ылайык" деген сѳздѳрдѳн кийин "курагы боюнча" деген сѳздѳр менен толукталсьн.
3. 8-беренесинин 1-бѳлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүнү тастыктаган жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмѳ берүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кайрылуунун алдында акыркы 3 жьлдын ичинде 12 айдан кем эмес үзгүлтүксүз камсыздандыруу стажы бар, белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган жаранга жумушсуздук боюнча жѳлѳкпул төлѳнѳт.".
4. 10-беренеси тѳмѳнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсьн:
"5. Белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган аялдар кош бойлуу мезгилинде Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү тарабынан белгиленген тартипте республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жѳлѳкпул алууга укуктуу.".
5. 16-беренеслнин 9-бѳлүгүнүн экинчи абзацы тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсьн:
"Акы тѳлѳнүүчү коомдук жумуштарда иштеген жумушсуздарга эмгек акы тѳлѳѳнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү тарабьнан белгиленет.". 2-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн ѳткөндөн кийин күчүнѳ кирет. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү үч айлык мѳѳнѳттѳ өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 27-сентябрындагы № 1888-VI "VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-2018-жылдардагы ишинин сессиялык…Постановление · 27.09.2017 · № 1888-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 31-майындагы № 1633-VI "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү…Постановление · 31.05.2017 · № 1633-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 1819-VI "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү…Постановление · 29.06.2017 · № 1819-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 21-сентябрындагы № 1881-VI "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү…Постановление · 21.09.2017 · № 1881-VI
Шилтеме берет (3)
- Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндөЗакон · 03.08.2015 · № 214
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон