Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 3-апрели № 199 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык) "Электрондук документ жана электрондук цифралык колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 86 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө жободо:
- 1-пункту ''Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү, сактоо жана актуалдаштыруу" деген сөздөрдөн кийин "жана күбөлөндүрүү борборлорунун ачык ачкычтарынын бирдиктүү инфратүзүмүн түзүү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пункту "саясатын" деген сөздөн кийин ", ошондой эле электрондук санариптик кол тамга жаатындагы саясатты" деген сөздөр менен толукталсын;
- 6-пунктунун төртүнчү абзацындагы "бирдиктүү мейкиндигин" деген сөздөр "бирдиктүү инфратүзүмүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пунктунда:
а) пунктчасында:
экинчи абзац "Кызматтын" деген сөздөн мурун "электрондук санариптик кол тамга маселелеринен тышкары," деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин кароосуна электрондук санариптик кол тамга маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү;";
б) пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- күбөлөндүрүү борборлорунун кол тамга ачкычтарынын сертификаттарынын бирдиктүү мамлекеттик жалпыга жеткиликтүү реестрин жүргүзөт;";
г) пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"- электрондук санариптик кол тамга ачык ачкычына сертификаттарды күбөлөндүрүү борборлоруна берет;".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 339 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 11-пунктунда:
экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын; отуз экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- күбөлөндүрүү борборунун базасында жеке жана юридикалык жактардын кол тамга ачкычтарынын берилген сертификаттарынын реестрин жүргүзүү;"; төмөнкүдөй мазмундагы отуз үчүнчү абзац менен толукталсын: "- күбөлөндүрүү борборунун базасында электрондук санариптик кол тамга ачык ачкычына сертификаттарды жеке жана юридикалык жактарга берүү;".
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №128 токтому менен бекитилген)Положение · 20.02.2012
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ ( КР Өкмөтүнүн 23-июнундагы №339 токтому менен бекитилген)Устав · 23.06.2011 · № 339
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июну № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.06.2021 · № 17
- "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 токтому менен…Положение · 15.07.2016 · № 402 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 10.03.2021 · № 86 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 128
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ ( КР Өкмөтүнүн 23-июнундагы №339 токтому менен бекитилген)Устав · 23.06.2011 · № 339
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 10.03.2021 · № 86 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 339 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү…Постановление · 23.06.2011 · № 339
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.07.2016 · № 402 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Электрондук цифралык колтамга тууралуЗакон · 17.07.2004 · № 92 · Күчүн жоготкон