# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 128 "Бишкек шаарында 2016-жылдын 5-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Кыргыз Республикасында аудитти жана финансылык отчёттуулукту өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында грант берүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 128 "Бишкек шаарында 2016-жылдын 5-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Кыргыз Республикасында аудитти жана финансылык отчёттуулукту өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында грант берүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99911>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19675/edition/851218/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99911.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 128 "Бишкек шаарында 2016-жылдын 5-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Кыргыз Республикасында аудитти жана финансылык отчёттуулукту өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында грант берүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (28.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99911

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 28-февралы № 128 "Бишкек шаарында 2016-жылдын 5-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Кыргыз Республикасында аудитти жана финансылык отчёттуулукту өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында грант берүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:

- "Бишкек шаарында 2016-жылдын 5-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Кыргыз Республикасында аудитти жана финансылык отчёттуулукту өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында грант берүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- Бишкек шаарында 2016-жылдын 5-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Кыргыз Республикасында аудитти жана финансылык отчёттуулукту өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында грант берүү жөнүндө макулдашуу-катка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароо учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

С.Жээнбеков

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2016-жылдын 5-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Кыргыз Республикасында аудитти жана финансылык отчёттуулукту өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында грант берүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу 1-берене. Бишкек шаарында 2016-жылдын 5-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Кыргыз Республикасында аудитти жана финансылык отчеттуулукту өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында грант берүү жөнүндө макулдашуу-кат ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына (Дүйнөлүк банк) жогоруда аталган макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
