# 9-статья. Кыргыз Республикасындагы качкын деп таануудан баш тартуунун тартиби

- Документ: [Качкындар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/999)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 25-мартындагы № 44 "Качкындар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 19 апреля 2023 года № 91 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112582)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/999#diff=1251502..1251503>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-949/edition/1251497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/999/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Качкындар жөнүндө, 9-статья (19.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-9

---

Адамды качкын деп таануудан баш тарткан учурда чечимдин көчүрмөсү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө жеке анын өзүнө тапшырылат же баш тартуунун себептерин жана кабыл алынган чечимге даттануунун тартибин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү билдирүү жөнөтүлөт. Адамды качкын деп таануудан баш тартуу жөнүндөгү чечим бул чечимдин көчүрмөсү алынган күндөн тартып Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сотко даттанылышы мүмкүн. Адамды качкын деп таануудан баш тартуу жөнүндөгү чечим баш тартуу алган адамды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарууну уюштуруу үчүн тийиштүү ички иштер органдарына да жөнөтүлөт. Адамды качкын деп таануудан баш тартуу жөнүндө чечим даттанылган учурда адамды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарууну уюштуруу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аракеттери соттун акыркы чечими чыгарылганга чейин токтотула турат. Өзүн качкын деп таануудан баш тартуу жөнүндө билдирүү алган, ошондой эле адамды качкын деп таануудан баш тартуу жөнүндөгү чечимге карата даттануу укугун пайдаланбаган адам Кыргыз Республикасынын аймагында болуу үчүн башка да мыйзамдуу негиздери болбосо баш тартуу жөнүндө билдирүү алган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүгө милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/999/st-10)
